Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ден соолук кербени

«Ден соолук кербени» аттуу өнөктүк 2015-жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл областынын Тоң районунда башталган.

Үч айдын ичинде бул «Кербен» өлкөнүн бардык областтарында жайгашкан 23 райондорундагы 212 айыл өкмөттөрдү кыдырып чыккан. 251 медицина кызматкерлери, саны 100 миңден ашкан кишилердин дени сактыгын иликтеп чыгышты. «Ден соолук кербени» басып өткөн жолдун узактыгы 15 миң чакырымдан ашты.

Кайрылгандардын көпчүлүгү кардиолог, невропатолог, терапевт жана гастроэнтеролог, офтальмолог, эндокринолог, онколог, ЛОР-врач жана ультра-добуш иликтөө (УДИ) боюнча адистин кароосунан комплекстүү түрдө акысыз өттү. Иликтенип жаткан элеттиктерде жүрөк оорусу бар деген кымындай шек болгон учурларда аларга ошол замат электрокардиограмма жасалып жатты.

Кайрылган 60%дан көп кишилерге дарыгерлер аймактык жана областтык ооруканаларга, ошондой эле борбор шаарда жайгашкан түрдүү багыттагы улуттук борборлорго жатып дарылануу же дартын аныктоо үчүн багыттамаларды беришти.

«Кербен» дарыгерлери оорулууларга кеңеш берүү максатында алардын үйлөрүнө чейин да барып, дарылоо белгилеп жатышты, зарыл учурларда баштапкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Борбордук дарыгерлер өздөрүнүн жергиликтүү кесиптештери менен бирге амбулаториялык шарттарда 200дөн ашык операцияларды жасап, биргелешкен иликтөөлөрдү, консилиумдарды өткөрүп, иш тажрыйбасынан бөлүштү. Оорулуулардын үстүнөн андан ары байкоо жүргүзүү үчүн аларда аныкталган оорулардын чоо-жайы жергиликтүү медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Чоң-Алай жана Ак-Суу райондорунда дарыгерлер инфаркт илдети алдындагы абалда болгон тургундарга тез турмак, чукул медициналык жардам көрсөтүп, аларды шашылыш түрдө ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүнө жаткырган үч окуя катталган.  Ошондой эле ультра-добуш иликтөө учурунда дарыгер кош бойлуу абалындагы эки аялдын түйүлдүктөрүнүн өнүгүүсү токтоп калгандыгын аныктап, аялдар туруктуу дарылануу максатында ооруканага жөнөтүлгөн.

Ар бир дарыгер күнүнө жок дегенде 50 кишиден кабыл алып жатты, ал эми эреже боюнча алардын саны 18-20 киши гана болууга тийиш. Оорулуулардын эң узун кезеги ультра-добуш иликтөө адисине тизилип турду, күнүнө ал 80-90 кишиден кабыл алды.

Дарыгерлерди жана алардын жабдуусун ташып жеткирүү, бөлмөлөрдү оорулууларды кабылдоого даярдоо, бир жолку медициналык аспаптарды жана башка шаймандарды сатып алуу, айылдыктарды алдын ала кабардар кылуу сыяктуу бардык уюштуруу иш-чараларды өз мойнуна алган КСДП активисттери «Ден соолук кербени» долбооруна көмөк көрсөтүү боюнча опол тоодой иш-аракет жүргүзүштү.

Дарыканалар же дарыкана түйүндөрү жок айылдарда көп балалуу үй-бүлөлөргө акысыз таратылган эң зарыл болгон дары-дармектер дагы партия активисттеринин каражаттарына сатып алынган.

▼ Текстти толук ачуу