Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Партиянын тарыхы

Эл таламын талашкан

жыйырма жылдык күрөш:

СДПКнын

тарыхынын очерктери

МАЗМУНУ

Киришүү

I глава. СДПК Кыргызстандын көз

карандысыздыгынын чыӊдалуу мезгилинде (1993–1998-жж.)

II глава. А.Акаев режимине оппозицияда (1999–2005-жж.)

III глава. Март ынкылабынын идеалдарын

сактап калуу аракети жана Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык

режими менен болгон күрөш (2007–2010-жж.)

IV глава. 2009–жылдагы шайлоолор жана «Балыкчы иши»

V глава. 2010–жылдагы Апрель ынкылабы

VI глава. Партия апрелден кийинки мезгилде 

VII глава. Жаӊы сыноолор, жаӊы милдеттер

Киришүү

Бул китепче эки типтеги материалдардын негизинде жазылды. Биринчи-

ден, Социал–демократиялык партиянын архивиндеги документтер (партиянын

Саясий кеӊешинин жыйындарынын протоколдору, СДПКнын съезддеринин

материалдары, кайрылуулар жана башка документалдуу материалдар) пайда-

ланылды.

Экинчиден, китепчеге партиянын учурдагы жана мурдакы мүчөлөрүнүн,

партиянын ардагерлеринин эскерүүлөрү киргизилди. Аталган адамдар менен

маектер 2013–жылы алынган. Каалоочулар аларды партиянын www.sdpk.kg

сайтынан окуй алышат.

Тилекке каршы, демейде шайлоо өнөктүктөрүнө карата чыгарылган бюл-

летендерди эске албаганда, партиянын туруктуу басылмасы болгон эмес. Ми-

салы, «Кыргызстан –2010» деген аталыштагы китепче 2010–жылдагы Жогорку

Кеӊешке болгон шайлоолор учурунда басылган, ошол басылмадан Алмазбек

Атамбаевдин ушул китепчеге кирген бир нече цитаталары келтирилген. Токсо-

нунчу жылдардын башындагы партиялык документтерде СДПКнын шайлоолор

менен байланышпаган алгачкы бюллетени жарык көргөндүгү тууралуу айтыл-

ган, бирок ал кийин туруктуу басылмага айланган эмес.

«СДПКнын тарыхы жөнүндөгү очерктер» партиянын жыйырма жыл ичин-

деги турмушун толук чагылдырууну көздөбөйт, буга кенен, фундаменталдуу

изилдөөлөр талап кылынат. Бирок ага карабай, бул китепчеде али аягына чыга

элек партиянын тарыхынан негизги учурлары камтылган. Чынында бул тарых

келечекти көздөгөн тарых.

Партиянын катарында буга чейин да, азыр да өзгөчө инсандар бар. СДПК

алардын көптөрүнө саясатчы катары калыптанганга көмөктөшкөн. Партиянын

көп жылдардан бери лидери Алмазбек Атамбаев 2010–жылы белгилегендей,

«биздин партия – Кыргызстандагы эӊ эски партиялардын бири. Ал аркылуу

Кыргызстандагы бүгүнкү таанымал саясатчылардын дээрлик баары өтүшкөн...»

Менден кээде: «Партияӊар партиябы же кирди-чыкты корообу?» – деп сурап

калышат. Буга эмне деп жооп бериш керек? Ооба, партияга түркүн кишилер

келишкен. Аларды тарткан факты, биз оппозицияда жүргөндүгүбүзгө карабай,

дайыма олуттуу саясий күч катары калгандыгыбыз болду. Кетип да жатышты.

Кеп, акыр аягына дейре партияда ким калды, мына ошондо...

Биз партияны мыйзамсыздык менен болгон күрөштөрдүн отунда болоттой

бек кылып ширете алдык. Азыр биздин алдыбызда гүлдөгөн Кыргызстанды

куруу деген андан да оор милдет турат. Биздин катарыбызда элдик лидерлер,

экономика жаатында иштөөдөгү тереӊ билимге, практикалык кенен тажрый-

бага эгедер адамдар бар. Чыгармачыл кашкөй адамдар бир партияга бириккен

учурда алар жөн эле бир санды бербейт – алар элестетүүгө мүмкүн болбогон-

дон алда канча олуттуу нерселерди бере алышат».

 

I глава.

СДПК Кыргызстандын көз карандысыздыгынын

чыӊдалуу мезгилинде (1993–1998 жж.)

Кыргызстан Социал–демократиялык партиясынын тарыхы эгемендүү Кыр-

гыз Республикасынын тарыхынан ажырагыс. Партия жаӊы Кыргызстандын

дээрлик куракташы. Социал–демократтар мамлекет акыркы эки он жылдын

ичинде башынан кечирген бардык орчундуу окуяларга жана реформаларга ка-

тышып келишти.

90–жылдардын башында өлкөдө саясий партиялардын калыптануусун

камтыган жаӊы саясий системанын өнүгүүсү жүрдү. Кыргызстандын алдында

саясий гана эмес, биринчи кезекте экономикалык жана социалдык реформа-

ларды ишке ашырууну талап кылган эӊ маанилүү милдеттер турду. Коомдук

жааттагы кыйла активдүү кыргызстандыктар өз кызыкчылыктарын жана мам-

лекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн аларга саясий партия керек экенин

жакшы түшүнүшкөн.

Реформалар оӊой–олтоӊ ишке ашпасы ачык эле: алдыда жапырт менчик-

тештирүү, жерге жеке менчик укугун киргизүү жана колхоздордон фермер-

лик чарбаларга өтүү, атаандаштыкка жараксыз ири ишканалардын жабылышы

жана башкалар күтүп турду.

Ансыз да оӊойго турбаган бул иштер олуттуу мүчүлүштүктөр, аларды тур-

мушка ашырууда атка минерлердин кыянатчылыгы (коррупция, уурулук күч

алып, алар көмүскө экономикага, уюшулган кылмыштуулукка ж.б. жол ачты)

менен коштолду.

Социал–демократиялык идеология бүткүл дүйнө жүзүндө эки өзгөчөлүккө

ээ. Биринчиден, бул эмгекчил калктын кенен катмарынын кызыкчылыктарын

коргоого умтулуу. өзүнүн идеологиясы боюнча социал–демократтар солчул-

дар болуп эсептелишет жана алар муну эч качан жаап жашырышкан эмес.

Экинчиден, социал–демократтар тынч эволюциялык жол менен өнүгүүнү

ынкылаптык секириктерден өйдө коюшат, алар оппоненттер менен сүйлөшүү-

гө, азыркы тилдин кыябы менен айтканда, зомбулукту эмес, «жумшак күчтү»

колдонууга даяр. Бир аз озунуп айтсак, бул жааттан алганда Кыргызстандагы

эки ынкылаптын кыймылдаткычы болгон СДПК жалпы эрежени бузган жок,

ал дайыма күрөштүн күч колдонуусуз ыкмаларына ыктап келди. Бирок үй–

бүлөлүк–кландык режимдердин өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдөн көрө репрессия-

ларды артык көрүшкөндүктөн, элдин кыжырын ушунчалык ойготушту, кыр-

даалды тынч жол менен өнүктүрүү боюнча – айрыкча 2010–жылда өзүлөрүнө

кенедей да мүмкүнчүлүк калтырышкан жок.

Ошентип, 90–жылдардын биринчи жарымында Кыргызстан өзгөрүүлөр эм-

гекчил калктын кызыкчылыктарына мүмкүн болушунча оордугун тийгизбеген

радикалдуу социалдык реформалардын жүрүшүн көзөмөлгө алууга умтулган

партияга муктаж болуп турду.

6

1993–жылдын 25–сентябрындагы I уюштуруу съездинде түзүлгөн СДПК пар-

тиясы мына ушул ролго аракет кыла баштады.

Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыганы Эркебаев мындайча эске-

рет: «Партияны түптөөнүн башатында олуттуу статуска эгедер адамдар туруш-

кан. Алардын ичинде, албетте, жаш ишкер Алмазбек Атамбаевден тышкары,

мисалы, кийинчерээк КРнын премьер–министри кызматына чейин өсүп жет-

кен Бишкектин мэри, ыраматылык Жумабек Ибраимов, бир нече жылдар бою

Жогорку Кеӊештин төрагасынын кызматын ээлеген Мукар Чолпонбаев жана

башка бир нече таанымал ишмерлер болушкан. Долбоордун мүмкүн болгон

катышуучулары менен партия түзүү жөнүндө кеӊешүүлөр 1993–жылдын фев-

ралынан тарта жүргүзүлө баштаган.

Биз партия түзүү жөнүндөгү маселени талкуулоо үчүн алгачкы жолу 1993–

жылдын июнь айында Бишкекте, азыркы Борбор Азиядагы Америкалык уни-

верситет турган имаратта чогулганбыз. Ал кезде аталган имарат Жазуучулар

союзуна (Адабий фондду жетектеген Алмаз Атамбаев менен тыгыз байланышы

бар эле) таандык боло турган. Анын жакшы залы бар эле. Биз менен чогуу уюш-

туруу маселелерине жоопкер жаш жигит Акылбек Жапаров да болгон. Июнь

айында мен Ош облусуна губернатор болуп дайындалгандыктан, биздин бир

нече жолку жумушчу жолугушууларыбыз Ошто да болуп өттү. Күзүндө болсо

биринчи уюштуруу съезди болду. Ошол кезде партиянын бирдиктүү төрагасы

жок эле, бир нече теӊ төрагалык кылуучулардын институту болгон. Ошондой

эле ротациялык ыкма менен алмаштырылып турулуучу координаторлор иш-

тешкен. Бишкек шаары боюнча алгачкы координатор Жумабек Ибраимов бол-

ду, бир жылдан кийин аны Алмазбек Атамбаев алмаштырды».

СДПКнын уюштуруу съездинде кабыл алынган документ партиянын бирин-

чи теӊ төрагалары болуп:

1. «Форум» өнөр жай тобунун Директорлор кеӊешинин төрагасы Алмаз-

бек Атамбаев,

2. Жалал–Абад областынын мамадминистрациясынын башчысы Абдыжа-

пар Тагаев,

3. «КТИкорммаштын» башкы директору Анатолий Марышев,

4. Бишкек шаарынын мамадминистрациясынын башчысы Жумабек Ибра-

имов,

5. Жогорку Кеӊештин Көзөмөл палатасынын төрагасы Кубанычбек

Идинов,

6. Мамлекеттик архитектура жана курулуш инспекциясынын директору

Ишенбай Кадырбеков,

7. Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы Абдыга-

ны Эркебаев шайланганын күбөлөндүрүп турат.

Партиянын Уставынын теӊ төрагалардын институту жөнүндөгү пункту

2001–жылга чейин, башкача айтканда, Кыргызстандын Юстиция министрлиги

СДПКнын Уставынын жаӊы вариантын каттаганга чейин сакталган. Мына ушул

учурдан тарта партиянын бир гана төрагасы боло баштаган.

7

Партиянын Саясий кеӊешинин 1994–жылдын 2–мартындагы жыйынынын

протоколунда партиянын эмблемасы катары – жоогазын түспөлүн бекитүү

жөнүндө айтылат. Кыргызстандык социал–демократтар тандап алган символ

Социнтерндин эмблемасы (муштумга кысылган роза) менен үндөшүп, бирок

кыргызстандык колоритти да сактап турат. Бул символ партияда 2010–жылга

чейин, ал СДПК деген жазуусу бар көк төрт бурчтук менен алмаштырылганга

дейре сакталган.

партиянын негиздөөчүлөрүнүн жана жетекчилеринин арасында Кыргыз-

стандын саясий элитасынын өкүлдөрү да болушканын байкоо анчалык кыйын

эмес. Партиянын ардагери Асел Кодураӊова эскергендей, «а дегенде бизди,

партиянын катарындагы чиновниктердин басымдуу санынан улам, артыбыз-

дан «акимдердин жана губернаторлордун партиясы» деп атоого да аракетте-

нип жүрүштү».

Абдыганы Эркебаевдин айтымында, ал ушул партияга кирип иштөөнү каалай

тургандыгын КРнын президенти Аскар Акаевге алдын ала маалымдап, тиги да ага

каршы эмес экендигин билдирген (токсонунчу жылдардын башында А.Акаевдин

өзүнүн саясий партиясы болгон эмес). Баса, СДПК партиясын түзүү боюнча

сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда А.Эркебаев социалдык маселелерди тейлеген

вице–премьердин кызматын ээлеп туруп, андан кийин биз башта маалымдаган-

дай, Ош облусунун губернатору болуп дайындалган.

«Токсонунчу жылдардын башында биз алгачкы демократиялык өзгөр-

түүлөрдүн желаргысына эргип иштедик. Партия, анын 1994–жылкы бирин-

чи программасынан эле байкалып тургандай, өлкөдөгү экономикалык жана

социалдык өзгөртүүлөр тушуккан бардык кыйынчылыктарды көрө билген

жана мамлекетке өз чечимдеринин варианттарын сунуштаган» – деп бел-

гилейт партиянын катарында 1994–жылдан бери келаткандардын бири

Иса Өмүркулов. Анын айтымында, партия ошол учурда өзүн бийликтин оппо-

зициясы деп эсептеген.

Бирок жаӊыдан түзүлгөн Социал–демократиялык партия бийликтин кол

баласы болууга караманча умтулган эмес, тескерисинче, аткаруу бийлигинин

көптөгөн демилгелерине карата өзүнүн көз карандысыз позициясын тутунган.

Буга байланыштуу, мисалы СДПКнын 1994–жылдын 24–сентябрындагы

II съездинин резолюциясын келтире кетүү орундуу. Анда мындай деп айтыл-

ган: «Президенттин стратегиялык жактан туура курсу ар кандай тепкичтеги

басымдуу мамлекеттик кызматчылардын жоопкерсиздигинен, өз көмөчүнө

күл тартуусунан жана иш билгисиздигинен улам нарксыздалууда. Коррупция

мамлекетти кемирип жегенин улантууда. Бийликтин жогорку түзүмдөрүндөгү

интеллектуалдык жана демократиялык мейкиндиктин кыскарып баратканы

тынчсыздандырбай койбойт. Республикада алгачкы капиталды шылуунчулук

менен топтоп алуу процесси жүрүп жатат. Биринчи кезекте каржылык кызык-

чылыктарды көздөгөн ар кандай кландардын, топтордун ортосундагы мүлк

бөлүштүрүү боюнча ачык да, жабык да кармашуулар жүрүүдө. Трайбализм

жана аймактар аралык карама–каршылыктар күч алууда».

8

Мындан көрүнүп тургандай, кырдаал жетиштүү түрдө курч иликтенген. Анда:

«Өткөөл мезгилде бардык эле мамлекетти көптөгөн опурталдар күтүп турат. Кри-

зистен жоготууларсыз чыгууга мүмкүн эмес. Бирок муну мүмкүн болушунча аз жо-

готуулар менен жасоо зарыл. Реформа үчүн адамдар жакырланууга тийиш эмес.

Аталган резолюцияда ошондой эле алдыдагы Жогорку Кеӊешке боло турган

шайлоолор «чыныгы демократиялык негизде» өтөөрүнө ишеним билдирилген.

«Биз ута албасак да, Республика уттурууга тийиш эмес!» деген алгачкы партия-

лык ураан да ошондо жаӊырган. Батыштын саясий технологдорунун назары-

нан алганда муну ийгиликтүү деп атоого болбос эле: алардын пикири боюнча

алдын ала эле жеӊишти гана дегдеп умтулуш керек болчу. Бирок чынында бул

ураан жаӊы партияны түзгөндөрдүн чын дилинен чыккан үмүт тилегин чагыл-

дырып турат. Алар кандай болгон күндө да, эптеп жеӊишке жетишүүнү каалаш-

кан да, ага умтулушкан да эмес.

Андыктан көп өтпөй партиянын сабындагы ири чиновниктердин катары

кескин суюла түшкөнүнө таӊ калып деле кереги жок. Партиянын теӊ төрагасы

Ж.Ибраимов менен байланышкан кызыктуу фактыны партиялык архивде сак-

талып калган документ– СДПКнын Саясий кеӊешинин 1994–жылдын 27–сентя-

брында өткөн жыйынынын протоколунан таптык. Анда мындай деп айтылат:

«Саясий кеӊеш СДПКнын II съездинин тапшыруусу боюнча жарым жылдан

бери Саясий кеӊештин жыйындарына да, пленумдарына да, ал тургай съездге

да келбеген теӊ төрага Ж.Ибраимов жөнүндөгү маселени угуп, чечим кылат:

Ж.Ибраимовго бир жуманын ичинде, ал СДПКнын Уставына ылайык, өзүнүн

теӊ төрагалык милдетин аткараар аткарбасын аныктоо жана өз чечимин 1994–

жылдын 4–октябрына чейин СДПКнын Саясий кеӊешине билдирүү сунуштал-

сын».

А.Эркебаев айткандай, «Акаев а дегенде биздин сунуштарга кулак төшөп

жүрдү, Алмазбек Атамбаевди ал тургай «Даӊк» медалы менен да сыйлады. Би-

рок Аскар Акаевдин жагымсыз бир сапаты боло турган: ал саясатта кимдир

бирөөлөрдүн абыдан эле өз алдынча болуп кеткенин жактыра берчү эмес.

Анын Алмазбек Атамбаев менен болгон мамилесинин салкындашына мына

ушул жагдай түрткү болду жана акырында алар саясий каршылаштарга айла-

нышты».

1995–жылдын февралында өлкөдө 1–чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке

шайлоолор болуп өттү. СДПК партиясы бул шайлоого II съездде кабыл алынган:

«Биз ута албасак да, Республика уттурууга тийиш эмес!» деген ураан астында

аттанды.

«1995–жылы арасында Атамбаев жана мен болгон партиялардын тобу

Жогорку Кеӊешке шайландык, ал тургай, 1997–жылы социал–демократтар мени

Жогорку Кеӊештин Эл өкүлдөр жыйынынын спикерлик постуна көтөрүп жибе-

ришти», – деп эскерет Абдыганы Эркебаев.

Парламенттин жогорку палатасына (Эл өкүлдөр жыйыны) депутат болуп

шайланган Алмазбек Атамбаев, өз аты эле айтып тургандай, «Реформа» деп

аталган фракция түзүп, ага төрага болуп калды.

9

Турмуштук жолу дал ушул жылдары СДПК партиясы менен кесилишкен

Сооронбай Жээнбеков мындайча эскерет: «СДПК партиясы менен мен бир ман-

даттуу округ боюнча Жогорку Кеӊешке депутат болуп шайланган 1995–жылдан

тарта эле кызматташа баштадым. Парламентке депутат болуп калган партия-

нын лидери Алмазбек Атамбаев биринчи чакырылыштагы ЖКда 29 адамдын

башын бириктирген «Реформа» аттуу фракцияны уюштурду. Фракциянын кура-

мына мен да кирдим, анткени Атамбаевдин идеялары мени абдан өзүнө тарт-

кан эле. Менин партиялык ишим мына ушундан башталган десем болот.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары кыргызстандык коомчулуктагы ири

өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Ошол жылдардагы өлкөдө жүргүзүлгөн бардык

реформалар биздин фракциянын назарында турду. Биз аларды натыйжалуу-

раак, элге оорчулугу азыраак тийгидей кылганга аракеттенчүбүз. Мен фрак-

ция тарабынан а дегенде ЖКнын агрардык маселелер боюнча комитетинин

төрагасынын орун басарлыгына, андан кийин төрагалыгына көрсөтүлдүм.

Ошол мезгилде, маселен, жер реформасы башталып кетти. Мен кесиптеш-

тер менен жаӊы Жер кодексинин, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайда-

лануу жөнүндөгү мыйзамдын, башка мыйзамдардын долбоорлорунун үстүндө

иштедик. Ошол мезгилдин маанилүү жетишкендиги деп мен биздин демилге

боюнча бирдиктүү айыл чарба салыгынын киргизилгенин айтаар элем: ага че-

йин фермерлерден салыктын 12 түрү алынып келинген (алардын ар биринин

төлөнүүсү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, текшерүүчүлөр фермерлерден

пара алып турушуна шарт жараткан). Биз бул салыктын бирдиктүү болушуна

жетиштик жана аны менен кошо фермерлердин турмушу да кыйла жеӊилдеди».

10

II глава.

Акаев режимине оппозицияда (1999–2005 жж.)

Токсонунчу жылдардын аягында чет элдик маалымат каражаттары «демо-

кратиянын аралчасы» деп атоого көнүп калышкан өлкөдө кырдаал олуттуу

начарлай баштады. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жана анын тууган-

дары, жан жөкөрлөрү мамлекеттик менчикти масштабдуу менчиктештирүүгө

киришишти, мында алар элдин эмес, биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын

өйдө койгонго аракет кылышты. Ага улай эле жеке ишкерлердин менчигине да

кол салышты. Кыргызстанда рейдерлик басып алуулар күчөдү.

Референдум аркылуу кезектеги жолу президенттикке кайра шайлангандан

кийин Конституция боюнча бул кызматка эки мөөнөттөн ашык барууга уку-

гу болбогон президенттин өзүнүн легитимдүүлүгүнө шек жарала баштаган.

Акаевдин уулу, аялы жана башка туугандары, аны менен жеке байланышы бар

адамдар элдин эсебинен негизсиз байышып, бул эл арасында олуттуу нааразы-

чылыктарды пайда кылды.

Кыргызстандын Социал–демократиялык партиясы аткаруу бийлигинин

ойлонулбаган жана мыйзамсыз акцияларына көз жумуп кала алган жок жана өз

кезегинде бул аны Акаев режими менен тирешүүгө алып келди.

«Биз үчүн опурталдуу белгилер Конституцияны өзгөртүү оюндары ж.б. у. с.

башталган 1998–жылдан тарта байкала баштады» – деп эскерет Иса Өмүркулов

(1998–жылы КРнын Конституциялык соту Аскар Акаевге үчүнчү мөөнөткө

барууга уруксат берди).

«Партияга кысым көрсөтүүлөр күчөдү, биз Жогорку Кеӊеште бир нече жолу

катары менен республиканын 2000–жылга бюджетинин долбоорун парламент

тарабынан четке кагууну уюштурдук, Конституция боюнча бул өкмөттү отстав-

кага кетирүү коркунучуна тете эле», – дейт И.Өмүркулов.

1999–жылы СДПК партиясы а дегенде төрт, андан кийин үч партияны –

Чыӊгыз Айтматовдун «Адилет» партиясын, СДПК жана катарында Бишкектин

мурдакы мэри Борис Силаев болгон «Кыргызстан биримдиги партиясын»

(В.Хондун «Экономикалык кайра жандандыруу партиясы» а дегенде блокко

кирүүнү көздөп, бирок ошол бойдон кошулган жок) бириктирген Демократия-

лык күчтөрдүн союзунун шайлоо блогуна кирди. ДКСнын 1999–жылдын 30–де-

кабрында өткөн съездинде блоктун атынан шайлоого бара турган талапкер-

лердин жалпы тизмеси түзүлдү.

Демократиялык күчтөрдүн союзу жыйынтыгында 4 мандатка ээ болуп, так-

тап айтканда, партиялык тизме боюнча СДПКнын өкүлдөрү Абдыганы Эркеба-

ев жана Акылбек Жапаров депутат болуп калышты.

Бирок Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери болуп

шайланып, президенттик түзүмдөр менен болгон мамилесин бузбоону каала-

ган этиетчил Эркебаев көп өтпөй партиялык ишмердүүлүктөн четтеп кетти.

11

Бул туурасында ал өзү мындайча айтат: «Менин талапкерлигимди спикер-

лик кызматка көрсөтүштү. Ошондуктан СДПКнын алкагында иштегенге убакыт

калган жок, мен өзүм да партиялык тар кызыкчылыктардан өйдө турган спикер

болууну туура көрдүм. Партия менен болгон байланышты жоготкондугум үчүн

мени чыгарып салышканын 2000–жылдын жайында билдим.

Буга карабай менин Атамбаев менен болгон жеке мамилем жылуу бойдон

калды. Кийинчерээк, 2009–жылы Бакиевге каршы Бириккен элдик кыймылдын

алкагында мен СДПК жана Атамбаев менен кызматташтым, аны ачык колдо-

дум – ошентип биз кайрадан бир лагерде болуп калдык».

Кандай болгон күндө да СДПКнын архивинде партиянын Саясий кеӊешинин

жыйынын 2000–жылдагы протоколунда «А.Эркебаевди өз арызы боюнча пар-

тиянын катарынан чыгаруу» маселеси бар, кыязы, ал кайсы бир формада баары

бир арызын берген өӊдөнөт...

Ал эми 2000–жылы Жогорку Кеӊешке бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн

СДПКнын үч мүчөсүндө олуттуу көйгөйлөр пайда болду.

Алмаз Атамбаев 2000–жылдын апрелинде эле ойдон чыгарылган шылтоо-

лор менен сот тарабынан мандатынан ажыратылган (ал кыязы, көрсөтүлүүгө

тийиш болгон ата–энесинин Арашандагы эски тамын декларацияга кийирбей

койгон имиш).

«Менин да депутаттык мандатымды тартып алууга аракеттеништи, добуш-

тарын мага беришкен шайлоочуларымдын кызыкчылыгын Жогорку Кеӊеште

коргоого болгон укугумду сактап калуу үчүн 7 жолку соттук териштирүү аркы-

луу өтүүгө аргасыз болдум. Мен негизги атаандашыма караганда 9000 көп до-

буш алсам да мага мандат бербегенге аракет кылышты. Ошондо соттук процес-

стер жарым жылга созулса да мен өз чындыгымды коргоп кала алдым», – деп

эскерет Иса Өмүркулов.

«Мен да ЖКга бир мандаттуу округдан өтүп, менин мандатымды да сот ар-

кылуу тартып алууга аракеттеништи. жаӊыдан шайланган парламенттин жы-

йынынын ишине катышууга үлгүрүп калган Атамбаев вице–спикерликке мени

көрсөтүп, анын сунушун депутаттык корпустун басымдуу бөлүгү колдоп кет-

кени сактап калды. Жыйынтыгында вице–спикердин мандатын тартып алууга

даай алышкан жок», – деп кошумчалайт Сооронбай Жээнбеков.

Партиянын лидерине парламенттик трибунага чыгууга жол беришпегени

президенттик түзүмдөр тарабынан СДПКны олуттуу оппозициялык күч катары

кабылданганын айтып турат.

2000–жылда дагы бир жалпы улуттук шайлоо өнөктүгү болуп өттү. Кезектеги

ошол президенттик шайлоодо, ал учурда иштеп жаткан Акаевге А.Атамбаев ал

шайлоого катышуу менен ачыктан-ачык чакырык жасаганы анык.

Жаӊы шайлоо өнөктүгү да талапкерлер үчүн бирдей болбогон шарттарда

өтүп, эсепсиз тартип бузуулар менен коштолду.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө 2000–жылы партиялык аналитиктер

тарабынан даярдалган маалымдамада СДПК партиясынын мүчөлөрүнө жана

партиянын жактоочуларына олуттуу кысым көрсөтүлгөндүгү белгиленген. Ма-

селен, СДПКнын пайдасына үгүт жүргүзгөндүгү үчүн Арашан айыл өкмөтүнүн

12

башчысы Д.А.Кожомкулов кызматынан алынган (Атамбаев президенттикке

талапкер болуп көрсөтүлгөн жыйынды өткөрүүгө имарат жай берген; ошол

эле убакытта калган айыл өкмөттөрүнүн башчылары Акаевдин пайдасына

жүргүзгөн активдүү үгүт иштери үчүн сыйлык алып турушкан); шайлоодо Атам-

баевдин ишенимдүү кишиси болгон Бишкектеги №1 мектептин директору-

нун тарбиялык иштер боюнча орун басары Ирина Карамушкина кызматынан

бошотулган; Атамбаевдин пайдасына кол топтогондорду кармоо Балыкчыда,

Нарында жана башка калктуу пункттарда (кол топтогондорду милициянын

убактылуу кармоочу жайында сутка бою кармашкан) жүргүзүлгөн.

Ирина Карамушкина эскергендей, аны өз каалоосу менен кызматтан бо-

шонуусу туурасындагы арызын жазуусун талап кылууну «суранышкан» жана

жыйынтыгында ал жумушу жок калган.

Жарнак агенттиктери биринин артынан экинчиси СДПКнын лидеринин

билборддорун (жарнактык материалдарын) жайгаштыруудан баш тартышкан,

макулдугун беришкендери болсо Атамбаевдин жарнагын (бийликтин кысымы

менен) 3–5 күндөн кийин эле алып салышкан. Телеканалдар Атамбаевдин жар-

нак роликтерине акча төлөнгөндүгүнө карабай, аларды чыгарбай коюшкан.

маалымдамада айтылгандай, шайлоонун жүрүшүндө бюллетендерди мас-

салык түрдө салуу, жана ошондой эле шайлоо комиссияларынын жыйынтык

протоколдоруна туура эмес маалыматтарды киргизүү байкалган.

Маселен, Чүй облусунун Москва районундагы участоктордогу байкоочу-

лардын берген маалыматтарына ылайык, Атамбаев 40 пайыз добуш алган,

бирок протоколдорду түнү менен кайрадан оӊдошуп, анын жыйынтыгын 6,06

пайызга чейин азайтышкан. Нарын облусунун Жумгал районунда анын жы-

йынтыктарын 60 пайыздан (байкоочулардын маалыматтары боюнча) 8,5 па-

йызга чейин ылдыйлатып «оӊдошкон».

Ош областында жана башка аймактарда иштешкен байкоочулар добуштар-

ды саноо учурунда урналардын ичинен кимдир бирөөлөр тарабынан Акаев

үчүн «дүӊүнөн» жана мыйзамыз ташталган, таӊгакталып оролгон бюллетендер-

ди таап чыгышкан.

Жыйынтыгында 2000–жылдын 29–октябрында өткөн президенттик шайлоо-

лордо Аскар Акаевдин 74,4%, Өмүрбек Текебаевдин 13,8%, Алмазбек Атамба-

евдин 6% добуш алышкандары (калган талапкерлер 1%дан төмөн добуш алыш-

кан) жөнүндө жарыя кылынганына таӊ калуунун деле кереги жок.

Акаев «утуп» чыккан шайлоолорго карабай, өлкөдөгү саясий-социалдык

чыӊалуу басаӊдаган жок, тескерисинче, президентке болгон ишенбөөчүлүк

болсо күчөгөндөн күчөй берип, ал акыры Аксы окуясына алып келди. 2002–

жылы нааразычылыкка чыгышкан айыл тургундарын ОМОН (милициянын

атайын тобу) аткылаган каргашалуу Аксы окуялары айкын тастыктап турат.

СДПКнын жетекчилиги кан төгүү үчүн жоопкер болгон акаевдик режим-

ди айыптап чыкты, социал–демократтар Аксы окуяларын эскерүү митингин

өткөрүштү. Андан көп өтпөй партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Аксы

районунун эли менен жолугушуп кайтты.

13

2002–жылы СДПК оппозициянын кеӊири катмарларын бириктирүүнү мак-

сат кылган оппозициялык партиялардын блогу Кыргызстан Элдик конгрессине

кирип, Алмазбек Атамбаев аталган бирикменин жетекчиси болуп калды.

Берген маектеринин биринде Атамбаев билдиргендей, социал–демократ-

тар бул блокто келишпес позицияны ээлеп турушкан эмес: «Реалист жана акыл

эс менен ой калчаган адам болуш керек. Учурда президенттин отставкасы

жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эмес. Кайталап коёюн, мен радикалдуу чара-

ларга каршымын жана келишпес оппозициянын көз караштарын жактабайм.

Мен реалдуу, салмакталган, Конституция менен дал келишкен өзгөрүүлөр бо-

луусун каалайм. «Акаев кетсин!» деген биздин ураан эмес. Бизди Кыргызстан-

дагы тынчтык жана туруктуулук көбүрөөк ойлондурат. Президенттин отставка-

сын талап кылуудан мурда, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Аны

жок дегенде 1993–жылга чейинки Негизги мыйзамдын алкагындагы калыпка

келтириш керек.

Тилекке каршы, ага киргизилген өзгөртүүлөр башынан эле бир адам үчүн,

президент үчүн гана жасалган. Мунун натыйжасында биздин мамлекет демо-

кратиялык жолдон авторитаризм жолуна түштү. Эгерде, мисалы, 1993–жылга

чейин министрлер парламенттин элегинен өткөрүлүп, бул кайсыл бир даража-

да кызматтарга «өз» кишилерди сүйрөп келгенге бөгөт болуп турса, эми кадр

маселесин бир гана президент өзү чечип калды. Президентке мындай эбегей-

сиз бийликти топтоп алуу өлкө жана анын жарандары үчүн чоӊ жамандыкка

айланды...

Акаевдин мураскерине ички дүӊ продукциянын (ИДП) 130 пайызын түзгөн,

кыйроого тете тышкы карызы бар жана талкаланган экономикалуу өлкө тий-

мек. Мунун акыркы чекити Аксы районундагы кандуу каргаша болуп калды.

Эгерде абал жакынкы мезгилдерде өзгөрбөсө, анда Кудай сактасын, каргаша

дагы кайталанышы ыктымал».

Тилекке каршы, Аскар Акаевдин администрациясынын өзү конструктивдүү

оппозиция менен сүйлөшүүгө да даяр эмес болуп чыкты. Тирешүү улана бер-

ди. Саясий маселелердеги ажырымга башка жагдайлар да кошул–ташыл болду.

Жогорку даражалуу рейдерлер Алмазбек Атамбаевдин мүлкүнүн бир бөлүгүн

тартып алууга аракеттеништи. Иш, ал тургай, анын көзүн тазалоону даярдоого

чейин жетти.

СДПКнын Саясий кеӊешине бул боюнча атайын билдирүү кабыл алууга туу-

ра келди. Билдирүүдө мындай деп айтылган: «Акыркы мезгилдерде биздин пар-

тиянын лидери, «Форум» өнөр жай тобунун Директорлор кеӊешинин төрагасы

Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин тегерегинде анын укугун да, мыйзамдар-

ды да тебелеген кырдаал түзүлдү. өлкөнүн айрым жогорку атка минерлери

Атамбаев талапкерлигин койгон президенттик шайлоолордон кийин ага кара-

та топтошкон чабуул башташты. өз кызыкчылыктарын көздөгөн булар, биздин

ынанымыбызда алардын эмне кылып жатышкандыктарынан кабары деле жок

өлкө жетекчилигинин көрсөтмөсү деген шылтоого жамынышууда.

Мындан пайдаланган таанымал айрым бир адамдар «Форум» өнөр жай то-

бунун менчигин кайрадан бөлүштүрүү үчүн күрөш башташты. Бул жолдо алар-

14

га башкы тоскоол болуп топтун ишканаларын бирдиктүү организмге айлан-

дырган жана алардын кызыкчылыктарын бекем коргогон Алмазбек Атамбаев

турду...

Ар кандай ыпластыктан кайра тартпаган бул адамдар өзүлөрүнүн ойлогондо-

рун ишке ашыруу боюнча аракеттерине союздаштарды издей башташты. Алар

бир нече расмий түзүмдөрдүн колдоосун да ала башташты. Мисалы, прокура-

туранын жогорку мансаптуу кызмат адамдарынын бири «Форумдун» жетекчи-

син абакка отургузуу боюнча өйдө жактан көрсөтмө берилгенин шылтоолоп,

А.Ш. Атамбаевге кантип, кай жерден болбосун компроматтарды таап, кылмыш

ишин козгоо боюнча кол алдында иштегендерге тапшырма берген. «Форум»

тобунун ишканаларынын бүт иштерин баштан аяк текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Заводдордун директорлору күндө чакырылып, аларга өз төрагасын «сатууга»

тийиш экендиктери туурасындагы ой мээлерине куюлуп турган, аны отургуз-

майынча силерге тынч иштөө деген болбойт дешкен...

Расмий деӊгээлде аткаруу колдорунан келбеген бул ишти алар кылмыш-

туу жол менен ишке ашырууну чечишкен. А.Атамбаевдин өмүрүнө кол салуу

мына ушундайча ойлонулуп даярдалган. Бактыга жараша, кокусунан гана

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында иштеген кызматкерлердин

кесипкөйлүгүнүн жана ишине берилгендиктеринин аркасы менен бул акция-

нын түздөн–түз аткаруучулары колго түшүрүлгөн.

Бирок киши өлтүрүү даярдалгандыгы жөнүндө маалымат каражаттарында

айтылса да ага расмий жооп берүү аракеттери болгон жок. өлтүрүүгө буйрутма

бергендердин аты–жөндөрү эчак белгилүү болсо да алар Бишкекте ээн–эркин

жүрүшөт, кирем десе ири аткаминерлердин кимисинин болбосун, эшиктери

дайыма ачык.

Мындай кырдаалда СДПКнын Саясий кеӊеши партиянын төрагасына жеке

коопсуздугун сактоо максатында республиканын чегинен чыгып кетүүнү су-

нуштоого аргасыз болгон. СДПКнын Саясий кеӊеши окуяны, келечекте мын-

дайды болтурбоо максатында, калыс иликтеп чыгууну талап кылат», – деп айты-

лат Саясий кеӊештин билдирүүсүндө.

2004–жылы беш оппозициялык блок алдыда келе жаткан парламенттик шай-

лоолорго байланыштуу кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Кол

койгондордун ичинде Атамбаев башында турган Элдик конгресс, Роза Отунба-

ева башчылык кылган «Ата–Журт» коомдук–саясий кыймылы ж.б. бар эле.

Ошол эле жылы СДПКнын катарына М.Эшимкановдун Элдик партиясы ко-

шулду. СДПКнын Саясий кеӊешинин 2004–жылдын 18–ноябрында өткөн жы-

йынында бул партиянын мүчөлөрүн СДПКнын катарына кирүүсүнө макулдук

берүү жана Эшимкановду Саясий кеӊештин курамына кийирип, Социал–демо-

кратиялык партиянын төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө чечим

кабыл алынган. Бирок кийинчерээк Эшимканов СДПКнын катарынан чыгып

кеткен.

2005–жылдын февралында Жогорку Кеӊешке кезектеги шайлоолор болуп

өттү. Алар көп сандаган жаӊжалдар жана бурмалоолор менен коштолду. Оп-

позициялык талапкерлер бийлик тарабынан административдик ресурсту кол-

15

донуунун жана ачыктан ачык бурмалоонун көптөгөн фактыларын айтып чыгып

жатышты. Тагыраак айтканда, ынкылаптын келип чыгышына да шайлоолордо-

гу мына ушул бурмалоолор себеп болду.

«2005–жылы мен Ош облусундагы өз округумда дагы бир жолу жеӊишке же-

тишип, мандатка ээ болдум. Биз өз тобубузду түзүүгө кириштик, Бермет Акае-

ва болсо парламентте бизге каршы турган башка топту түзө баштады. Биздин

топ макулдашылган оппозициялык төраганы көрсөтүү боюнча башка депутат-

тар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Бирок көп өтпөй мунун мааниси

жок болуп калды– парламенттик шайлоонун ачыктан ачык бурмалоолор менен

өткөнүнө кыжырданган калктын нааразычылыгы Акаевди оодарып түшкөн

ынкылапка айланып кетти», – деп эскерет Сооронбай Жээнбеков (2005–жылкы

парламенттин жаӊы курамына СДПКдан ал жана Иса Өмүркулов гана кириш-

кен эле).

Бийликтин элдин эркин тоготпой, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо-

лорго алып келген олдоксон аракеттерине жооп кылып кыжыры кайнаган шай-

лоочулар а дегенде Жалал–Абад жана Нарын облустарындагы областтык жана

райондук администрацияларды басып ала башташты.

2005–жылдын 19–мартында Бишкектин Көк–Жар конушуна жакын жерде

Алмазбек Атамбаев, Жыпар Жекшеев, Тургунбек Кулмурзаев, Мелис Эшимка-

нов жана башка саясатчылар катышкан митинг болуп өттү. Бул митингде Эшим-

канов Акаевге румын лидери Чаушескунун тагдырын кайталап калуусу мүмкүн

экенин эскертти. Митинг шайлоонун жыйынтыктарын кайрадан карап чыгып,

Акаевди жана анын командасын отставкага кетүүсүн талап кылган резолюция

кабыл алды. «Биз аларга өз ыктыяры менен кетүүсүнө мүмкүнчүлүк беребиз», –

деп билдирди Алмазбек Атамбаев бул митингде.

Партия чечкиндүү аракеттерге даярдык көрө баштады. Бул жөнүндө Сагын-

бек Абдрахманов мындайча эскерет: «2005–жылдагы «жоогазын» ынкылабы-

нын маалы келгенде мен адамдарды Акаев режимине каршы митингге чыгуу-

ну уюштурууга жардамдашып жүрдүм. Эсимде, Акаев кетээрге эки күн калган

22–март күнү Алмазбек Атамбаев бизди «Медиа Форумга» чогултту. Ошол кезде

менин чакан менчик компаниям бар болчу, ошондуктан өз өндүрүшүм менен

алектенип жүрүп митингге катыша аламбы жокпу деп арсар ойдо жүргөм (ал

митингдин кесепеттери кандай болоору биздин үч уктасак да түшүбүзгө кирген

эмес).

Жыйында да бул жөнүндө бирдемелерди айттым окшойт. Ошондо Атамбаев

мага тигиле карап туруп, кеӊешме аяктаган соӊ кире кетүүмдү өтүндү. Кирсем:

«Сен патриотсуӊбу, жокпу? Кана, кыймылда. Азыр кара баштын камын ойлой

турган маал эмес. Сага окшогон кишилер өлкөгө керек болуп турат!»,–деди.

Ушинтип шыктандырып таштады.

Ошентип мен 24-март күнү өз айылым болгон Көк-Жардан, Аламүдүн райо-

нунун башка айыл-кыштактарынан адамдарды ээрчитип келдим. Биз Акаевди

качып кетет деп ойлогон эмеспиз. Ынкылап болуп кетти да ал качып кетти».

Ушул эле окуялардын түздөн-түз катышуучусу болгон Ирина Карамушки-

на мындайча эскерет: «Элдин аянтка болгон ынкылапчыл умтулуусу беш жыл

16

бою ичинде кайнап бышып, анан акырында 2005-жылдын 24-мартында биздин

калыӊ колонна «Форумдун» имаратынан чыгып жөнөдү. Андан кийин биз Улан

кичи конушунда митинг өткөрдүк, андан кийин Ак үйдү көздөй жөө жүрүш ме-

нен агылып жөнөдүк. Менин жакындарымдан да, чогуу иштешкендерден да эч

кимиси ошол күнү менин кайда жүрүп, кандай окуяларга катышканымдан ка-

бардар болушпагандыгын белгилей кетким келет.

Колоннанын кыймылына көз салганга алдын ала дайындалган адамдар тар-

типти сактап келатышты, алды жактагы машинеде кетип бараткан Алмазбек

Атамбаев: «Эгерде мастар аралашып кетчү болсо, алып ыргыткыла, бизге ча-

гымчылдардын кереги жок», – деп утуру эскертип баратты.

Ошол күнкү тартылып алынган сүрөттөрдөн көрүнүп турат, машиненин ар-

тынан биринчи катарда кылкылдаган эл менен кошо, балдарын үйгө таштап,

бул күн эмне менен аяктаарынан кенедей кабары жок Алмазбек Атамбаевдин

жубайы Раиса, мен, Татьяна Калчаева жана башка аялдар баратабыз. Ал күнү ар

кандай алаамат кырсык болуп кетиши ыктымал эле, анткени аянтка жакында-

ганда жолубузду атчандар тосушту. Баарысы буйрук гана күтүп турушкандай,

бирок Кудай жалгап, Акаевден андай буйрук болгон жок. Биздин жигиттер бол-

со атчандарды, милиционерлерди таштар менен ургулап таратышты. Ошентип

колонналар Ак үйдүн айланасынан биригишти.

Көп өтпөй ал жакта талкалоолор башталды, машинелер өрттөлүп, тере-

зелерден компьютерлерди, кагаздарды ыргыта башташты, кимдир бирөө

Кыргызстандын желегин жалпылдата булгалап жүрдү. Мына ошондо менин

жүрөгүм оозума тыгыла түштү, анткени мындай болуп кетээрин биздин лидер-

лердин бири да билген эмес – эми эмне болот? Биз бийликтин минтип бат эле

качып кетээрине даяр эмес элек. Түн ичинде болсо кимдир бирөөлөр шаарды

майкандап, талап-тоноп чыгышты. Бирок мен алардын арасында биздин бир

да партиялашыбыз, же күжүрмөн жигиттерибиздин бири да болбогонун анык

айта алам, алар кимдир бирөөлөр тарабынан жаӊы бийликке сес көрсөтүп,

атайын уюштурулган каракчылар эле».

17

III глава.

Март ынкылабынын идеалдарын сактап калуу

аракети жана Бакиевдин үй–бүлөлүк–кландык

режими менен болгон күрөш (2007–2010 жж.)

Аскар Акаевдин режими кулагандан кийин коомдо жаӊы бийликтин систе-

масы чынында демократиялуу, биринчи кезекте элдин кызыкчылыгын кор-

гойт деген ишеним күч эле. Бул иллюзиялар бат эле түтүндөй тарап кетти. Би-

рок Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы кандай болбосун жол

менен бийликке келүүнү көздөп, кырдаалды курчутууну максат кылган жок.

СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев коомду бөлүп жарууга жол бербес үчүн

2005-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерлигин койгон жок. Көп

өтпөй «түндүктүк» жана «түштүктүк» саясатчылар ортосунда Феликс Кулов ме-

нен Курманбек Бакиев аркылуу компромисске жетишилди.

Жыйынтыгында маалым болгондой, Курманбек Бакиев өлкө президенти бо-

луп калды. Президенттик бийликке чочулоо менен карай тургандыгын жашыр-

баган социал–демократтар мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн конструктивдүү

ишти жөнгө салганга аракеттеништи. Маселен, СДПКнын лидери Алмазбек

Атамбаев КРнын өнөр жай, соода жана туризм министри болуп калды, ал ми-

нистрлик милдетин 2005–жылдын сентябрынан тартып 2006–жылдын апрели-

не чейин аткарды.

«Министрлик постто мен, маселен, тигүүчүлөрдү салык оорчулугунан

арылтуу зарылчылыгына көшөрүп талап кылуу менен бул тармактын кескин

өсүшүнө жетише алдым. Бирок бул иш бакиевдик башкаруунун башталышын-

да гана болду. Ал кезде Бакиевдин кай тарапты көздөй өзгөрө баштаганын эч

ким толук түшүнгөн эмес. Анын чыныгы жүзү ачыла баштаганда криминалдар

менен болгон оюндары башталды, ошондо мен эшикти тарс жаап чыгып кет-

тим да криминалга каршы митингдерди уюштура баштадым»,- дейт кийинки

эскерүүлөрүндө Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев министрлер кабинетинин иш тутаар акыл–эстүү программалары

болбогонуна, Бакиев дайындаган чиновниктердин мыйзам талаптарын сак-

тоого ниеттери жок экендигине көзү жеткен соӊ өзүнүн ыйгарым укуктарын

токтоткон.

Алмазбек Атамбаев жана парламенттин спикерлик кызматынан 2006–

жылдын февралында кеткен Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар

«Реформалар үчүн!» оппозициялык кыймылын уюштурушкан. Атамбаев аталган

кыймылдын теӊ төрагаларынын бири болгон.

2006–жылдын жазында жана күзүндө «Реформалар үчүн!» кыймылы Биш-

кекте митингдерди өткөрүп, натыйжада КРнын Конституциясынын жаӊы ре-

дакциясына кол коюлган. Бул мезгилде СДПКнын ишине Өмүрбек Бабанов,

Эдил Байсалов (кийинчерээк, Эдил Байсалов 2007–жылдын 20–октябрында

2-832

18

партиянын жооптуу катчысы болуп дайындалып, СДПКнын VIII съездин даяр-

даган; бирок жыл аягында партиялык иштен четтеп, куугунтуктоолордон чо-

чулагандыктан чет мамлекетке чыгып кеткен) сыяктуу активдүү, жаӊы саясат-

чылар тартылган.

2006–жылы таанымал оппозициялык саясатчы Темир Сариевдин да партия-

лык ишке аралашкан кыскача мезгили болду: СДПКнын Саясий кеӊешинин

2006–жылдын 6–октябрындагы жыйынын протоколуна ылайык ал СДПК пар-

тиясынын төрагасынын биринчи орун басары да болуп шайланган. Кийинче-

рээк Т.Сариев партиядан четтеп кеткен. 2009–жылы болсо Сариев президент-

тик шайлоолорго өз алдынча катышып көрүүгө аракеттенген. Чынында, ошол

кезде оппозициялык күчтөр баш кошкон Бириккен элдик кыймылдын алка-

гында оппозициялык бирдиктүү талапкер – Алмазбек Атамбаевди колдоо че-

чими болгонун белгилей кетүү керек.

Ал ортодо 2007–жылы Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосун-

дагы каршылашуу күч ала баштап, бул аймактар аралык курч тирешүүгө ай-

ланып кетти. Бишкек митингдерден жана контрмитингдерден ызы–чуу түшүп

турду. өлкө түндүк жана түштүк болуп экиге бөлүнүп кетүү коркунучуна ка-

былды. Мына ушундай шарттарда Атамбаев Бакиевдин сунушун кабыл алып,

каршылашкан топтордун ортосунда «көпүрө» болуу үмүтү менен Кыргызстан-

дын премьер–министри болууга макулдугун берген.

«Ошол учурда Бакиев түштүктүн бараандуу колдоосуна ээ болуп турду. Бул

реалдуу кан төгүү жана жарандык согуш тутанып кетүү коркунучу эле. Мамле-

кетти түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетүү коркунучунан сактап калуу өтүнүчү

менен ошондо мага, тилекке каршы, азыр арабызда көзү жок, маркум Доорон-

бек Садырбаев кайрылды. Ал мага: «Алмаз, сен премьер болушуӊ керек, сен

муну менен өлкөнү сактап калышыӊ керек. Сени албетте көптөр түшүнбөйт,

сени көптөр жектешет. Ал тургай, башыӊдан ылдый ыпылас жугундуну кую-

шат. Бирок сен өзүӊдү эмес, өлкөнү ойло», – деди кайран киши. Мен ал айт-

кандай кылып премьер болдум, бул коомчулуктагы чыӊалууну басаӊдатты.

Бул кызматта мен болгону сегиз ай гана иштесем да өлкө үчүн көп нерселерди

жасоого үлгүрүп калдым. Бакиевдин бүлөсүнө уурулук кылганга жол берген

жокмун. Ошонум үчүн кызматымдан айрылдым», – деген эле Атамбаев кийин-

черээк «Кыргызстан–2010» басылмасына берген баяндамасында.

Алмазбек Атамбаев 2007–жылдын 30–мартынан 28–ноябрына чейин

КРнын премьер–министр кызматын аркалады жана анын кабинетине со-

циал–демократтардан үч министр кирди – алар саламаттыкты сактоо мини-

стри (Т.Абдраимов), айыл чарба министри (С.Жээнбеков) жана каржы мини-

стри (ошол кезде партиянын жактоочусу болсо да 2006–жылдын 2–майында

СДПКдан өз арызы менен чыгып кеткен А.Жапаров) эле.

Эксперттер А.Атамбаевди натыйжалуу иштеген премьер-министр деп аташ-

ты. Өзү иштеген жарым жыл ичинде ал маселен, Камбар-Ата-2 ГЭСинин токтоп

калган курулушун жылдыра алды, ошондой эле өлкө бюджетин кирешелүү кы-

лууга жетишти.

19

Партиянын ардагери Асел Кодураӊова минтип эскерет: «Алмазбек Шарше-

нович кыска убакыттын ичинде мамлекеттин кирешесин олуттуу көбөйтүүгө

үлгүрдү. Ал отставкага кеткенден кийин деле партиялык аппаратка түштүктүн

кенчилери келип кайрылышканы кызык: премьер болуп турган кезинде Ал-

мазбек Шаршенович аларга төлөнбөй калган кошумча акы төлөп берүү масе-

лесин чечип берген экен, бирок алар КРнын каржы министрине кайрылышса,

ал бюджетте акча жогун айтып, баш тартып коюптур. Атамбаев муну укканда

абдан таӊ калды: «Кандайча акча жок? Мен кетээрде толтурулган бюджетти

таштап кеттим эле го. Акчанын баарын алар кайда кетиришкен?»,–деди. Атам-

баев кызматынан кетээрде төлөнө турган каражаттардын баарын бюджетке

киргизип кеткен экен. Ал ушуну түшүнө албай бушайман болуп турду».

Алмазбек Атамбаев премьер–министр болуп узагыраак кала берет деле

болчу, бирок бул жерде СДПКнын лидери да, партиянын өзү да татаал морал-

дык тандоо алдында калышты. Бул кийинчерээк партиянын да, өлкөнүн да та-

рыхынын андан ары өнүгүүсүн алдын ала аныктап койду.

Партиянын ардагерлеринин бири Сооронбай Жээнбеков мындайча эске-

рет: «2007–жылдын аягында бакиевдик «Ак жол» Элдик партиясын түзүү

активдүү жүрдү. Арзыбаган нерселерге азгырылган бир нече майда партия-

лар ага кошулуп да кетишти. Бирок Бакиевге СДПКдай ири күчтү жок кылуу

керек эле. Ошол себептен улам Атамбаевге СДПК партиясы менен «Ак жол»

партиясына кирүү сунушталды, ошенткенде ал премьер болуп кала бермек.

Партияда бул боюнча ар кандай пикирлер келип чыкты. Бирок Алмазбек Шар-

шенович бул сунушту четке кагып, кызматтан кетүү боюнча арызын жазды.

«Кудайдын буйругу кандай болсо ошондой болот», – деди ал мага ошондо.

Отставкага кетээр алдында Атамбаев СДПКдан дайындалган министрлер

өз кызматтарында калууга тийиш экендиктери тууралуу Бакиевдин убадасын

алып кеткен. Бирок Бакиев ал убадасына турган жок, бир эле айдан кийин

алардын баарын кызматтарынан алып салды».

2007–жылы Жогорку Кеӊешке болгон кезектеги шайлоолор партиянын

тарыхындагы маанилүү учур болуп калды, анын натыйжасында үй–бүлөлүк–

кландык режимге каршы күрөштүн мизинде жүргөн фракция түзүлдү.

Шайлоолор демейдегидей эле, бирок бул жолу Бакиев жана анын айлана-

сы тарабынан олуттуу кысым көрсөтүүлөр менен өттү. Бул боюнча маселен,

партиянын архивинде СДПКнын толук ыйгарымдуу өкүлү Галина Скрипкина-

нын 2007–жылдын 30–ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясына жолдогон

кайрылуусунун көчүрмөсү сакталып калган. Анда мындай деп айтылат: «Үгүт

жүргүзүү үчүн Шайлоо жөнүндөгү Кодекстин эфир убактысын бөлүп берүү

(акысыз да, акылуу да) бөлүгүндөгү нормаларынын талаптары Улуттук теле-

радиокомпания тарабынан одоно түрдө бузулуп жатканын Сиздерге кабар-

лайбыз. Мындай тейлөөнү бир партияга эртеден кечке көрсөтүү менен, бизге

түшүнүксүз себептерден улам телерадиокорпорация СДПКнын прайм–таймы-

на эфир берүүдөн баш тартууда, жана ошондой эле биз роликтерди мамле-

кеттик каналдын эфиринен көрсөтүү боюнча келишим беките албай жатабыз».

20

Албетте, мунун себеби айдан ачык болуп турду: «Ак жол» партиясы прези-

дент Бакиевдин ою боюнча бир жактуу артыкчылык алууга тийиш эле (жыйын-

тыгында ага 90 ичинен 71 депутаттык кресло ыйгарылды).

Бирок ошол эле мезгилде бардык бут тосууларга жана тоскоолдуктарга ка-

рабай, социал–демократтар 2007–жылы СДПК партиясынан өзүлөрүнүн бир

топ депутаттарын парламентке өткөрө алышты.

Мурда СДПКнын лидерлеринин бири, кийин Кыргызстандын өткөөл мез-

гилиндеги президенти болуп шайланган Роза Отунбаева эскерет: «Мен пар-

тияга биздин коом «жоогазын» ынкылабынын жетишкендиктери күлгө айла-

нып бараткандыгы тууралуу ачык белгилерди ала баштаган учурда кошулдум.

2007–жылдагы шайлоолор жакындап келатты, саясий кырдаал жанданды,

мына ошондо мага аталган партиянын катарын толуктоо сунушу менен кайры-

лышты. Анын алдында биз, оппозициянын ишмерлери, аянтта көп жолу чыгып

сүйлөп жүрдүк. Ошондо оппозиция бирикти, анткени Бакиевдин режиминен

эмне күтүүгө болоору ачык болуп калган эле. Чалды-куйдулук тунуп, кырдаал

айдан ачык болуп калды.

Мен ошол замат партияга кирүү жөнүндөгү сунушту кабыл алдым, анткени

өзүлөрүнүн партиясын, мындайча айтканда, бийлиги барлардын партиясын

куруп башташкан бакиевчилер менен күрөшүү үчүн катарыбызды бекемдей

турган учур келип турду.

Ошентип биз өтө курч болгон 2007-жылкы парламенттик шайлоого атта-

нып чыктык. Бийлик бизди катуу ныгыра басып, сөз айтканга алакандай жай

бербей куугунтуктап турду. Күрөш теӊ эмес эле. Өмүрбек Бабанов СДПКнын

шайлоо штабын жетектеп турду. 2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-ми-

нистр болду, бирок мунун бизге тиер жардамы аз эле.

Биз кыйла көп орун алабыз деп болжогонбуз, бирок олуттуу бурмалоолор

абдан көп болду. «Ата Мекенди» жарыштан сүрүп, таптакыр эле алып ыргы-

тышты. Натыйжада СДПК 11 орунга ээ болду, мен тизмеде он экинчи элем, би-

рок фракциянын жетекчиси болом деп турган Бабанов чыгып кеткен соӊ анын

орду мага тийди».

Асел Кодураӊованын эскерүүсүнөн: «Өмүрбек Бабанов 2007–жылы партия-

нын төрагасынын орун басары болуп, 2007–жылдагы парламенттик шайлоодо

да СДПКнын республикалык штабын жетектеп турду. Анан биздин партиялаш-

тар менен мамилеси ар кандай болуп жүрдү. Бирок буга карабай ал ошондо

кыйла ишти аткарды. Шайлоо аяктаган соӊ Бабанов бизден алыстап кетти».

Бакиевдик атайын кызматтар Өмүрбек Бабановдун депутаттыкка жолун

бууган казак жарандыгын да аныктап чыгышты. Жыйынтыгында ал тизмедеги

өз ордун Роза Отунбаевага бошотуп берди.

Жогорку Кеӊешке шайлоо өтүп, парламентте социал–демократтардын

фракциясы түзүлдү. Сөз учугун кайрадан Роза Исаковна Отунбаевага берели:

«Бул партиялык тизме боюнча гана барган жана партиялар өзүлөрүнүн фрак-

цияларын сунуштаган алгачкы парламент болду. Бизге жеӊил жана жөнөкөй

болчу, анткени социал–демократтардын платформасы жакшы белгилүү, пар-

21

тия бүт дүйнө жүзүндө солчул багытта болгондуктан, анын максаттары жана

социалдык түркүгү түшүнүктүү эле.

Учурдагы саясий системанын шору, таптакыр аты–жыты жок жана

түшүнүксүз программалары бар партиялардын чыгуусу болду. Мисалы, алар

өзүлөрүн солчулдарбыз деп аташканы менен иш жүзүндө оӊчулдар умтулган

милдеттерди ишке ашырууга аракет кылышат ж.б. Программалары будуӊ–чаӊ

жана аларда ырааттуулук, бүтүндүк деген жок. Мындан улам шайлоочунун

башы маӊ, ал кайсыл программага добуш берээрин билбейт. Кайсыл партия,

кимдин кызыкчылыгын коргойт, ылгаганга да чамасы келбейт.

Социал–демократтардыкы бул жагынан алып караганда, баары апачык. Со-

циал–демократтар, кай бир учурларда коммунисттер да таламын талашкан

электорат түшүнүктүү эле – бизге чыгып сүйлөө гана жетишээрлик болчу, ант-

кени позициябыз так эле.

Бирок буга карабай, 2007 – 2010–жылдарда парламенттин ичиндеги күрөш

курч мүнөздө жүрдү. 90 кишиси бар депутаттык корпустун ичинде болгону 11

гана социал–демократ депутаттардын болушу бизге оӊой эмес эле. Анда ком-

мунист депутаттар да бар эле, бирок алар көп маселелер боюнча «Ак жол»

партиясына ыктап турушчу. Андыктан биз курч, мындайча айтканда, келишпес

оппозицияда жалгыз элек. Бакиев болсо ушундай парламент аркылуу өзүнө

керектүү болгон бардык чечимдерди чыгартып алам деп эсептечү.

«Туруктуулуктун» желеги астында, чынында элдин байлыгын талап-тоногон

менчиктештирүү жүрдү. Ачык айтканда бакиевчилер ал мезгилде элге каршы

иш жүргүзгөндөрдү ачык эле колдоп турушчу. Биз Казакстан менен болгон чек

араны аныктоо келишимин, жана ошондой эле энергетикалык компаниялар-

дын миллиарддаган карыздарын кечип жиберген жана алар аркылуу ошол

миллиарддарды бакиевчилер өзүлөрүнө энчилеп алган документтерди жак-

шы билебиз. Ошондуктан бул маселелердин баары боюнча фракция катуу ай-

тып чыгып турду.

Ачыгын айтыш керек, ишкерлер, анын ичинде бизнесин тарттырып жибер-

гиси келбеген адамдар кирген фракциянын өзүнүн ичинде деле баары ойдо-

гудай болгон эмес, алар кай бир учурда унчукпай отурушса, добуш берээр

күнү көлөкөгө кире качып келбей да калышчу. Маселен, Ирина Карамушкина

болсо жалтануу дегенди эч качан билчү эмес жана оппоненттерине болгонун

болгондой беттерине эле так кесе айтып салчу.

Кудай жалгап парламенттин бардык жыйындары ошол кезде ТВ аркылуу

көрсөтүлүп турчу жана эл кимдин ким экенин өзү көрүп билип тураар эле.

Акжолчулар тарабынан дайыма жогорку бийликке жагымпозчулук ачык эле

көрүнүп турчу, айрым аша чапкандар: «Келгиле, кыргыз жергесинде али жара-

ла элек биздин теӊдешсиз лидерге кол чабалы!» деген сыяктуу көшөкөрлөнгөн

кошоматтанууларга чейин барышчу.

Мына ушундай жагымпоздуктун күзгүсүндө биз пленардык жыйындарда

бардык депутаттарга сүйлөө үчүн бериле турган өзүбүздүн эки мүнөтүбүз тие-

ри менен чындыкты тайманбай айтып кирчүбүз, ага жакпаган темаларды алып

чыгаар элек. Биз демейде жер-жерге тарткан аймактык маселелерди козгочу

2*

22

эмеспиз, мындайды ар бири өз кыштагы үчүн күйүмүш этип, шайлоочулары-

на жагынгысы келген «акжолчулар» жасашаар эле. Биз өлкө масштабындагы

тагдыр чечээр, ири көйгөй маселелерди козгочубуз. 2008-жылдын январынан

тарта төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ишин баштады, жана 2008 –

2009-жылдар, ошондой эле 2010-жылдын башы айыгышкан катуу кармашуу-

лардын мезгили болду. Айрым саясатчылар азыр демократия туурасында ке-

нен сүйлөгөндү жактырышат, ошол кезде биздин оозубузду тартынбастан эле

жаап турушчу.

Микрофондорубузду кээде өчүрүп да салышчу, бирок биз өзүбүздү жоготчу

эмеспиз, ала келген мегафондорубузду алып чыга калып сүйлөй берээр элек.

Биз жогорку жакта, галеркада отурчубуз, добуш берип жатканда бакиевчилер-

дин токой болуп көтөрүлгөн колдору көрүнгөн жалпы көрүнүштү бузбасын

дешип атайын ушинтип отургузуп коюшкан.

Кээде уят–сыйытын таптакыр жогото элек адамдар үчүн чыдагыс нерселер

жүз берип турчу. «Ак жол» фракциясынын накта лидери, президенттин аппа-

ратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун (аталган партияны өзү түзүп, депу-

таттардын тизмесине чейин аныктаган да ушул киши болгону эч кимге деле

эми сыр эмес) көзүн тазалашканда, анын аркасы менен парламентке кириш-

кен «акжолчулар» ооздоруна суу ууртап алгансып, чурк этпей отурушту– аны

айтып чыккан да биз болдук! Биринчи кезекте аны өлтүргөн бийликтин өзү

экенин айтканга аргасыз болгонбуз...»

Ушундан кийин оппозициялык партиянын депутаттары ого бетер катуу

кысымга алындык, айрыкча оокат–бизнеси барлар алапайын таппай калыш-

ты. Эмесе, IV чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин СДПК фракциясынын эки

мүчөсүнүн айткандарына көӊүл буралы.

Дамира Ниязалиева: «Менин күчтүү инсандар менен фракцияда чогуу иш-

тегеним жолдуу болду деп айта алам. Анткени алардан окуп үйрөнсө болоор

эле. Мен да кесиптештеримден артта калбоого тырышчумун, мыйзам дол-

боорлорунун үстүндө көшөрө иштечүмүн, көп учурда парламенттик трибу-

надан туруп өзүбүздүн позицияны болушунча ачык айтчумун. Мага ошондогу

фракциянын башчысы Бешимов: «Жарк этип күйгөн жылдыздын жалп өчөөрү

да бат болот. Сен акырыныраак, абайлап иштесеӊ болмок»,– деп кеӊеш берге-

ни эсимде. Бирок мага «абайлап» иштегенге эч болбос эле, анткени биз бол-

гону 11 депутат элек жана бирөө оноо үчүн деген принцип менен иштегенге

туура келчү.

Биз өлкөдөгү бардык оппозициянын кернейи элек жана ошол учурда коом-

дун назары биздин фракцияга тигилип, ар бир баскан кадамыбызды миӊдеген

көздөр карап турчу. Бийлик ошондуктан биздин ар бирибизге катуу кысым

көрсөттү. Мисалы, менин кызыма тиешелүү болгон компанияга эч бир негиз-

сиз, жасалма түрдө бир нече кылмыш иштери козголуп, ал күн сайын Башкы

прокуратурага суракка барып турууга аргасыз болгон. Мага ошондо партия-

нын лидери Алмазбек Атамбаев: «Эгерде депутаттыктан кетүүнү чечсеӊ кете

бер, мен түшүнөм», – деген эле. Бирок мен бул сынактарга туруштук бердим.

Биз мыйзам чыгаруу иши менен алектенип, көп окуганга, чет элдик тажрый-

баны үйрөнгөнгө аракет кылдык. Мен көп сандаган дискуссияларга, тегерек

үстөлдөргө ж.б. катыштым. Менин жумуш күнүм көп учурда эртеӊ мененки

саат 9дан башталып, кечки 11ге чейин улана турган.

2007–2010–жылдар аралыгында мен автору болуп эсептелген 7 мыйзам дол-

боору кабыл алынды (баса, кийинки V чакырылышта 30га жакын). Алар миса-

лы, адамдын организминин нормалдуу иши үчүн эӊ керектүү болгон унду ми-

кроэлементтер менен милдеттүү түрдө байытуу сыяктуу мыйзам долбоорлору

болду. Ушул өзгөртүүлөргө байланыштуу биринчи кезекте аз камсыз болгон

катмардагы адамдардын жашоо сапаты жана ден соолугунун абалы жакшы-

рат. Жана ошондой эле баатыр–энелерге жөлөк пул төлөп берүү жөнүндөгү

мыйзам долбоорун айтсам болот. Мага өлкөнү көп кыдырууга, калктын ден

соолугун коргоо, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү жаатындагы

жана башка социалдык жактан маанилүү маселелерди көтөрүүгө туура кел-

ди. Мен энелердин өлүмү боюнча кооптуу маалыматтарды ачыктадым, биз

өлкөдө жайылып бараткан ВИЧ ж.б. менен күрөшүү жаатындагы чараларды

көп талкууладык».

КР ЖКнын 2007-жылдын IV чакырылыштагы СДПК фракциясынын депутаты

Осмонбек Артыкбаев эскерет: «Бакиевдик режим тарабынан мага карата кы-

сым көрсөтүү күчөп келаткан. Мени парламенттин депутаты катары түрмөгө

отургузууга даашкан эмес. Бирок менин бир туугандарымды кылмыш куугун-

тугуна алышты. Мага карата кримчөйрөнүн адамдарына «буйрутма» берил-

гендиги туурасында маалымат пайда болду. Мен бала–бакырамды чет мамле-

кетке алып чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Ал эми коопсуздук чараларынан

улам менин агам качууга мажбур болду».

Ошол шарттарда кысмакка алууга баары эле чыдай алышкан эмес. СДПКнын

Саясий кеӊешинин 2009–жылдын 10–ноябрындагы жыйынынын протоколунда

төмөнкүдөй жазуу бар:

«Кыргызстандын Социал–демократиялык партиясындагы маалыматтар бо-

юнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Бешимов Б. Ж.

узактан бери Республиканын аймагынан тышта жүрүүдө жана 2009–жыл-

дын 1–сентябрынан 10–ноябрына чейин жумушка келген эмес, анын ичинде

21 пленардык жыйынга, СДПК фракциясынын жыйындарына жана КР ЖКнын

комитеттеринин ишине катышкан эмес... Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеӊешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотууга Жогорку Кеӊештин

жыйындарына бир сессиянын ичинде 30 же андан ашык жумушчу күнү келбей

койгондугу негиз боло алат.

Ушуга байланыштуу СДПКнын Саясий кеӊеши ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия-

сына КР ЖКнын депутаты Б.Бешимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын

мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана тизме боюнча СДПКдан КР ЖКга шайланган

кезектеги депутатка мандат берүү боюнча кайрылуу жолдонсун».

Кийинчерээк парламенттеги СДПК фракциясынын мурдакы жетекчиси

Бакыт Бешимов АКШга качкандыгы анык болду. СДПКнын фракция жетекчиси-

нин орду Роза Отунбаевага сунушталды.

2008–жылы алиге чейин толугу менен аныкталбаган жагдайларда СДПК

фракциясынын жаш депутаты, ири потенциалга эгедер Руслан Шаботоев уур-

далды. Анын сөөгү бир нече айдан кийин гана табылган. Ишкерчилик менен

алектенип, 2007–жылкы шайлоолор астынан «Элдик биримдик» аттуу пар-

тия түптөгөн Шаботоев өзү ырастагандай, анын партиясынын программасы

СДПКнын программасына окшош болгон.

ИИМ текшерүүгө алган расмий божомол анын Казакстандагы кайсы бир

өнөктөшүнө 300 миӊ доллар карыз болуп калып, ошол карызды төлөбөй

койгондугу үчүн өлтүрүлгөндүгү менен байланышкан. Бирок өлгөн кишиден

карызды ким доолап алмак эле. Баарына маалым болгондой, Шаботоев анча-

лык карыз алгыдай киши эмес эле, анын өз оокаты өзүнө жетишээрлик болчу.

Мерт болгон депутаттын туугандары мунун саясий мандеми болушу ыктымал

дегенге ыктап турушту.

Мында белгилей кетчү нерсе, бакиевдик башкаруунун тушундагы саясий

киши өлтүрүүлөр саясий турмушка кадыресе кире баштаган. Медет Садырку-

ловдун чуулгандуу өлүмүн айтпаганда да ага салыштырмалуу көпчүлүк биле

бербеген дагы бир фактыны эскерте кетсек болчудай.

2009–жылы Казакстандын аймагында ошол жакка иштери менен барган

СДПКнын Кант шаарындагы активисти Рахим Халиковдун мерт болгон денеси

табылган. Андан бир жыл мурда ал СДПК партиясынан Жогорку Кеӊештин де-

путаты Ирина Карамушкинанын жардамчысы болуп иштеген экен.

Маркум туурасында Карамушкина өзү мындайча эскерет: «Рахим Ашимо-

вич Халиков абдан акыйкатчылдыгы менен айырмаланып турган адам эле.

Эгерде кимдир бирөөлөр кыйналып жатса, жөн гана карап тура алчу эмес. өзү

туулуп өскөн Кантта ал шаар кеӊешине депутат болуп шайланып, журналист

катары да таанымал эле. Андан тышкары Халиков «Хуэймин дунгандары» ат-

туу улуттук ассоциациянын лидерлеринин бири боло турган. Кыргызстандагы

дунгандардын жамааты башынан калыптанып калган салтка ылайык обочоло-

нуп жашайт. Мында: үйдөгү сырды сыртка ташыба, саясатка аралашпа деген

принцип алдыӊкы орунда турат. Халиков болсо бул эрежелерге баш ийбей,

агымга түз эле каршы чыккан адам эле.

Менин коомдук жардамчым катары ал көптөгөн маселелерде принци-

пиалдуулугун, тайманбастыгын көрсөтүп жүрдү. Жазылбаган салттарга кар-

шы чыгуу ар кимдин эле колунан келе бербеген иш эмеспи. Тактап айтканда,

ал дунган жамаатындагы нике маселелери менен көп алектенди. Дунгандар

кыздарын 15–16 жаш курагынан эле күйөөгө узатышаары эч кимге жашыруун

деле эместир. Анүстүнө мындай никелер көп учурда мамлекеттик органдар

тарабынан каттоого алынбай да калат. Андай болгон соӊ ажырашканда же

күйөөлөрү каза болуп калган учурда көйгөйлөрдүн баары аялдардын башына

үйүлөт да калат. Халиков мунун баарын илдеттүү практика деп эсептечү.

Ошондой эле ал аялдардын укуктары бузулган конкреттүү учурлар менен

да көп алектенди. Кантта жашаган бир келинди боюнда бар экенине карабай,

күйөөсү сабап туруп үйүнөн кууп чыккан экен, сокур тыйыны жок калыптыр

байкуш келин. Халиков ошол келинди таап, ага жардам көрсөткөн эле.

Бакиевдин башкаруусу аяктап бараткан кезде оппозицияга жасалган кы-

сым болуп көрбөгөндөй күч алды. Көптөр туруштук бере албай, ширеӊкенин

талындай сынышты, саткынчылыкка баргандар болду. Кээ бирлерин жөн эле

көзүн тазалап жатышты. Халиков майтарылган жок. Кыргызстандын Социал–

демократиялык партиясы өлкөдөгү болуп жаткан бейчеки иштер туурасын-

да элге ачык айтуу үчүн курултай өткөргөн кезде Халиков ага дунган элинин

жападан жалгыз өкүлү катарында гана катышкан жок. Канттагылардын али да

эсинде чыгаар, ал курултай болоор алдында СДПКнын желегин колуна кармап,

башына болсо партиянын символикасы түшүрүлгөн кепка кийип алып шаар

базарын аралап: «Коркпогула! Эгерде силердин бийликке айтаар дооматыӊар

болсо, бизге айткыла, биз аларды бийлик уккудай кылып жеткиребиз»,– деп

элди үндөп жүргөн. Элестүү айтканда, ал партиянын желегин өмүр бою бийик

кармап келди десек болоор...

Аны коркутуп–опузалоолор көп болгон. Бир жолу Халиков 24 KG маалымат

агенттигине кирип баратса кеӊсенин кире беришинен эле чымыр денелүү,

штаттык кийимчен жигиттер тосуп алышып, машинеге салышкан да шаар

четиндеги кайсыл бир дачалар тарапка алып барышып, ачык эле: «Сен эмне,

баарынан кыйынсыӊбы? Байка, башыӊ азапка малынып калып жүрбөсүн!»,–

деп эскертишкен.

Анын Канттагы үйү ачык эле байкоого алынган эле. Мен ага сыртта тур-

ган шектүү машинелер, алардын ичинде эмне болгон адамдар отургандары

туурасында маалыматтарды берейин дегем, бирок үлгүргөн жокмун. Кырсык

болуп кетти.

Халиков жогорку билим алсам дегенге абдан дилгирленип жүрдү. Бирок

анын институтка бере турган документтеринин бир бөлүгү Казакстанда кал-

ган экен. Активист ошолорду алып келгени өзүнүн машинеси менен жөнөгөн.

Бирок ал ошол бойдон Алматыга жеткен эмес, кимдир бирөөлөр аны жарым

жолдо жан тындым кылышкан. Бул окуя так 7–апрель күнү, Бакиевдин режи-

ми жана жаналгычтары менен кошо шыпырган ынкылапка чейинки туура бир

жыл мурда болгон».

Халиковдун жесир калган аялы Ашера ошол учурда төртүнчү баласын

төрөгөнү турган экен. Бирок кызы Рахима атасын ошол бойдон көрбөй калды.

«Күйөөмдүн сөөгүн алып келишкенде, туугандар ошол замат алып кети-

шип жерге беришкен, – дейт Ашера Халикова.– Мага болсо эч нерсеге аралаш-

па дешти. Бизде, дунгандарда эркек киши айтканда каршы чыгуу деген жок.

Ошондуктан Рахимдин өлүмү боюнча Казакстанда кандайдыр бир иликтөөлөр

жүргүзүлдүбү, жокпу, жүргүзүлсө анын жыйынтыгы кандай болду, менин ка-

барым жок. Бирок эски режим менен байланышкан ыпылас сырлар эми гана

ачыкка чыга баштабадыбы. Балким, мен качандыр бир кезде чындыкты угаар-

мын, ошондо анын жаналгычтары жазаларын алышаар. Бирок андан күйөөм

тирилип келсе кана... Мага азыр эӊ башкысы анын өзү жана иштери жөнүндө

эстелик калса болгону».

Кыргызстандык коомчулуктун нааразычылык маанайынын өсүшү 2008–

жылдын этегиндеги Бириккен элдик кыймылдын түзүлүшүнө алып келди жана

ага 7 партия, бир нече коомдук кыймылдар киришти. БЭКтин уюштуруучула-

рынын катарында СДПК партиясы да болду.

Аталган коалициянын максаттары төмөнкүчө билдирилген эле:

«– Президент Бакиев башында турган кландык, үй–бүлөлүк жана антикон-

ституциялык бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетирүү жана келечекте мындай

бийликтин орнотулушуна жол бербөө;

– Мамлекеттеги саясий системаны өзгөртүү, ачык–айкын, адеп–ахлактык,

адам укугун сыйлаган жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кылган жана эл

алдында жоопкер болгон бийликти орнотуу;

– Стратегиялык объектилерди (Бишкек ТЭЦ, «Бишкекжылуулук тармагы»,

«Түндүкэлектро» АК, «Кыргызалтын», «Кыргызтелеком», «Кыргызпочтасы»,

«Кыргыз темир жолу», «Манас» аэропорту, алтын жана башка пайдалуу кендер

чыккан жерлер) жалпы элдик менчик катары сактап калуу, өлкөнүн ишенимдүү

өнүгүү негиздерин түзүү».

БЭКтин 11 мүчөдөн – партиялардын жана кыймылдардын лидерлери-

нен турган Саясий бюросу түзүлгөн. Бюронун шайланган төрагасы жок эле,

анын жыйындарына кыймылдын мүчөлөрү кезектешип төрагалык кылып ту-

рушту. Саясий кеӊештин биринчи курамына Алмазбек Атамбаев, ошондой

эле А.Бекназаров, Э.Булекбаев, С.Жамалдинов, А.Жекшенкулов, И.Исаков,

Э.Каптагаев, А.Муралиев, Р.Отунбаева, Т.Сариев, ө.Текебаев киришти.

СДПКнын 2007– 2009–жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү

баян дагы бир жагдайды кошпогондо толук болмок эмес. Так ушул мезгилде

СДПКнын Ош, Жалал–Абад жана Баткен областтарындагы жана партиянын

мүчөлөрү жашап турган, бирок көп сандаган баштапкы партиялык уюмдары

болбогон Ош шаарындагы позициясы бекемделе баштаган. Репрессиялык ор-

гандардын ачыктан ачык кысымына карабай, бул областтарда партиялык ка-

тарды кеӊейтүү процесси жүрүп жатты.

Мисалы, Жалал–Абад областынын Сузак районундагы партиялык арда-

герлер эскергендей, Сузакта мурда деле партиянын айрым мүчөлөрү жашап

келишкендигине карабай, СДПКнын баштапкы уюмдары алгачкы жолу 2007–

жылы пайда болушкан. Бул жааттан алып караганда, Сузак району түштүк ай-

магындагы башкалардан анчалык деле айырмаланган эмес. Бирок партиялык

иштин так Сузак районунда жанданышына баса, ушул райондун тургуну Жу-

супжан Жээнбековдун жетекчилиги астындагы «Мекен биримдиги» партиясы-

нын 2007–жылдын ноябрында СДПКнын курамына кириши да түрткү болгон.

2007-жылдын аягында Жусупжан Жээнбеков СДПК партиясынан Жогорку

Кеӊештин депутаты болуп шайланып, агрардык маселелер боюнча комитет-

те иш алып барган. Бирок 2009-жылдын жайында ал СДПКдан чыгып кетээри,

депутаттык мандатын тапшырып, партиялык иштен «өз ыктыяры» менен баш

тарта тургандыгы жөнүндө билдирүүгө аргасыз болгон (2008-жылы анын уулу

Бактыяр Амиржанов белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кетип, бийлик-

тер анын сөөгүн 2009-жылы гана табышкан жана Жусупжан Жээнбековду арт-

ка чегиндирген жагдай мына ушул болгон).

Ошол жылдары Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарында жана Кадамжай

районунда партиялык үгүт ишин жүргүзгөн Эгемберди Эрматов мындайча

эскерет: «Бизге үгүт иштерин жүргүзгөнгө орун беришкен жок. үч–Коргондо

үгүт иштерин түз эле базарда жүргүзгөнгө аргасыз болдук. Башка бара турган

жер жок эле. Мени милиция кармап алып, мыйзамсыз үгүт ишин жүргүздүӊ

дешип, 50 миӊ сомго айыпка жыгууга аракеттенген. Ал кезде бул абдан чоӊ

акча болчу.

Бизге СДПКнын Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов сыяктуу аттуу–баштуу

өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушканы келгенде биз алар чыгып сүйлөй

турган жер ала албай койгонбуз. Андыктан аларга түз эле Кызыл–Кыянын ба-

зарында чыгып сүйлөөнү уюштурууга аргасыз болгонбуз. Милиция айланчык-

тап тооруп, жакын келгендерди жолотпой турду. Бирок адамдар баары бир

алыстан кунт коё угуп жатышты, улам жакындап келишет, айтор, оппозиция-

лык саясатчылардын айткандарын укканга куштар адамдар арбын эле».

Баткен областынан Карамат Орозова эскерет: «Жоогазын» ынкылабы болуп

өттү, бирок карапайым адамдардын турмуш жашоосу реалдуу жакшырып кет-

кен жок. Ал тургай, үй–бүлөлөргө социалдык жөлөк пулдарды үй–бүлөнүн муз-

даткычы, телевизору же автомашинеси болгону үчүн гана «ток жашаган бүлө»

деп кыскартып салган учурлар көбөйдү. Биз өкмөттүн бул чуулгандуу токтому

менен күрөштүк жана анын айрым пункттарын жокко чыгарганга жетиштик.

Эркиндик ачыктан-ачык кысымга алына баштады. Биз областта коммунал-

дык тарифтердин өсүшүнө карата курултай өткөрүүнү пландаштырганда биз-

ди түнү менен УКМКда суракка алып чыгышкан. Кечки саат сегизде алып кети-

шип, эртеси эртеӊ менен коё беришти».

IV глава.

2009–жылдагы шайлоолор жана «Балыкчы иши»

2009–жылы Курманбек Бакиев өз башкаруусунун мөөнөтүн узартып,

позициясын узак мөөнөткө бекемдеп алуу чечимин кабыл алды. Бул мак-

сатта ал мөөнөтүнөн мурда жаӊы шайлоолорду белгиледи. 2009–жыл-

дагы президенттик шайлоо менен СДПКнын тарапташтарынын жана

мүчөлөрүнүн чоӊ тобу репрессияга тушуккан учур байланышкан. Бул, ай-

тып жүрүшкөндөй, «Балыкчы иши» эле.

2009–жылы Алмазбек Атамбаевдин туулган айылы Арашанда оппозиция-

нын курултайы болуп өттү. Бул туурасында Эгемберди Эрматов мындайча

эскерет:

«Мен 2009–жылкы Арашан айылында болуп өткөн Алмазбек Атамба-

евди оппозициядан президенттикке бирдиктүү жалпы талапкер кылып

көрсөтүү чечими кабыл алынган курултайга катыштым, анда сөз сүйлөдүм.

Баткенден болгону отузга жетип жетпеген гана киши келгенбиз. Партия

абдан куугунтукталып турган кез эле да. Кийин курултайга келген айрым

аксакалдарды элдин алдына чыгып актанууга, басма сөзгө кырдаалды

аӊдабай калышканын, оппозицияны колдобой тургандыктарын айтып

чыкканга аргасыз кылышкан».

Курултай СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев келе жаткан президент-

тик шайлоодо Бириккен элдик кыймылдан бирдиктүү талапкер болуп чыга

тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алган.

Өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясынын жүрүшүндө «Бакиев – бул

жакшы!» деген карапайым чалыш ураан астында чыгып сүйлөгөн прези-

дент Курманбек Бакиев телеканалдарды жана ага кошо болуп көрбөгөндөй

административдик ресурсту толук бойдон менчиктеп, пайдаланып турду.

Ошол эле маалда шайлоого «Баарыбыз бириксек, колдон келет!» деген

ураан менен аттанып чыгышкан социал–демократтар бүткүл өлкө боюнча

шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринде бийликтин ачык кысымы ме-

нен байланышкан көйгөйлөргө тынымсыз тушугуп турушту. Мунун эсеси

бир жагынан Бакиевге нааразы болгон жана партиялык активисттердин

жигердүүлүгүнөн улам өсүп бараткан элдин колдоосу менен кайтарылып

турду.

Ош областынын өзгөн шаарынан партиялык активист Канайым Султа-

нова эскерет: «Атамбаев өз талапкерлигин президенттикке койгон 2009–

жылы аны көрсөтүү үчүн кол топтош керек эле. Бизге акимдер, укук кор-

гоо органдары колдон келишинче тоскоол болушту. Мисалы, УКМКчылар

айылдык участканын башчысын жеке менин артыман аӊдытып коюшкан

эле. Мен кайда барбайын, артыман көлөкөдөй ээрчип жүрүшчү, сураган-

дары эле: сиз кайда баратасыз, эмнеге баратасыз ж.б. эле. Прокуратурага

чакырып алышып эзишкендеричи!

Мен аларга дайыма: «Катардагы бир мугалиммин, террорист же бандит

эмесмин, болгону СДПК партиясынын мүчөсүмүн»,– дечүмүн. Бизге отуруп

иштегенге кеӊсе беришкен эмес. Акыры кулагы укпаган бир аксакалдын

чайканасын ижарага алып, жолугушууларыбызды ошол жерден өткөрүп

турганга аргасыз болгонбуз. Биздин канчалаган балдарыбызды кармап,

колдоруна кишен салып, ур–токмокко алып сабашканы канча!»

2009–жылдын 23–июлунда бүт өлкө боюнча шайлоо участкалары ачыл-

ды. Күндүн акырында бийлик Кыргыз Республикасынын президентин

шайлоо болуп өттү деп табылганын жарыялады. Курманбек Бакиевдин 87

пайыз добуш «алгансыганы» айтылды. Башта белгилегендей, мында таӊ

эртеден өлкөнүн бардык булуӊ–бурчтарынан иштеп жаткан президенттин

пайдасына массалык бурмалоолор болуп жатканы туурасында кабарлар

тынбай түшүп турду.

Партиянын архивинде, мисалы, партиянын Баткен областындагы шта-

бынын жетекчиси жана президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин

толук ыйгарым укуктуу өкүлү Ташполот Балтабаевдин билдирүү ары-

зы сакталып калган. Арыз Баткен областынын прокуроруна жана Баткен

областтык шайлоо комиссиясынын төрагасына жолдонгон. Анда арыз

жазылган убакыт: 2009–жылдын 23–июлу, эртеӊ мененки 9 саат 45 мүнөт

көрсөтүлгөн.

Документте булар белгиленген:

«КРнын президенттигине талапкер А.Ш. Атамбаевдин бардык райондук

жана шаардык штабдарынан анын областтык штабына жергиликтүү бий-

лик тарабынан тийиштүү шайлоо участкаларына шайлоочуларды масса-

лык түрдө ташып келүүлөр болуп жаткандыгы туурасында көп сандаган

билдирүүлөр келип түшүүдө. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды бузуунун

мындай көрүнүштөрүн токтотуу боюнча чукул чараларды көрүүӊүздү

жана алардын уюштуруучуларын жазалоону суранам».

Эч кандай жазалоолор болбогонун айтуунун деле кажети жоктур. Ал

тургай аталган арыз жазылган маалдан түшүнүктүү болуп тургандай, участ-

калардагы массалык бурмалоолор түз эле таӊ эртеӊден башталган.

Партиянын баткендик активисти Эгемберди Эрматов эскерүүлөрүн

мындайча улантат: «Ошол шайлоолордо көп сандаган одоно будамайлоо-

лор болгону белгиленген. Мисалы, шайлоонун жүрүшүндө Кадамжайдагы

шайлоо участкасында биздин байкоочу салууга даярдалып коюлган бюл-

летендердин бүтүндөй таӊгагын таап чыккан. Бирок бул туурасында ка-

бардар болгон айыл округунун башчысы комиссияга көрсөтүп туруп эле

бюллетендердин таӊгагын добуш берүүчү үкөккө салып жиберген!

Бул кабарды укканда мен ошол замат териштиргени аталган участок-

ко жөнөдүм. Жанагы чоӊ сөрөй менен: «Сен кимсиӊ!», «Сен өзүӊ кимсиӊ,

мен арызданам!» деген тейде катуу калчылдаштык. Жыйынтыгында биз

тартип бузуу жөнүндө протокол түздүк. Мен СДПКнын штабынан баш–

аягы болуп 24 участокту тейледим жана алардын баарында бурмалоолор –

«айланкөчөктөр», ыргытуулар ж.б. болуп жатканына күбө болдум. Биз

жыйырмадай протокол түздүк».

Күндүн экинчи жарымында Алмазбек Атамбаев жана дагы бир көз ка-

рандысыз талапкер Жеӊишбек Назаралиев Бишкекте маалымат жыйын

өткөрүшүп, анда шайлоо участкаларынан өз байкоочуларын кайра чакыр-

тып алышаары туурасында жарыялашты. Анткени шайлоо ачыктан ачык

мыйзамсыз өтүүдө жана алардын катышуусу шайлоо жөнүндөгү мыйзам-

дардын бардык талаптарын бузууну гана легитимдештирет. Бул бийликке

ыктаган ЖМКлар тарабынан ошол замат Атамбаев өз талапкерлигин алып

салып, күрөштөн баш тарткандыгы катары жарыя кылынды.

«Биз бул шайлоону токтотуп, аларды кайрадан өткөрүүнү талап кыла-

быз. Бул шайлоо эмес, өз элин кордогондук», – деп билдирди ошол маа-

лымат жыйынында Алмазбек Атамбаев. Бирок ал өз талапкерлигин алып

салуу жана күрөштөн баш тартуу жөнүндө эч нерсе деп билдирген эмес.

Бул жөнүндө СДПКнын лидери кийинчерээк мындайча эскерген: «Ма-

селен, менден кээде эмне үчүн 2009–жылдагы президенттик шайлоодо

күндүзгү саат 4тө сиз өз талапкерлигиӊизди алып салдыӊыз деп сурашат.

Чынында мен ошол маалымат жыйынында бул туурасында эч нерсе айткан

эмесмин. Тескерисинче, талапкер шайлоо күнү антүүгө укугу жок экенин,

муну шайлоо алдынан үч сутка мурун жасаганга укуктуу экенин айткам.

Биз ал жерде болгону шайлоонун жүрүшүндөгү кыжыр келтирген тартип

бузуулардын фактыларын гана, жасалма бюллетендерди массалык ыргы-

тууларды, участкалардагы биздин байкоочулардын дарегине коркутуп

үркүтүүлөрдү ачыктаганбыз. Мунун баары байкоочулардын ишин чыдай

алгыс кылган. Бирок Бакиев көзөмөлдөгөн телеканалдар мунун баарын

мени күрөштөн баш тартты деп теӊирден тескери чуулдатып чыгышты.

Партиянын айрым мүчөлөрү да бул калпты кыйыр тастыктагандай жүрүм–

турум тутунушту. Бул саткынчылык эле…»

Ысык–Көл облусунун Балыкчы шаарында шайлоонун будамайлоолору-

на каршы чыккан СДПКнын жактоочуларынын митинги бийлик тарабынан

аёосуз кууп таркатылып, демонстранттардын айрымдары ойдон чыгарыл-

ган айып тагуулар менен тергөө жана сот иштерине кириптер болушту.

Ошол күнү милиция тарабынан кармалган СДПКнын активисти Гүлнара

Жамгырчиева мындайча эскерет: «Мен СДПК партиясына 2007–жылы кир-

генмин. Жогорку Кеӊешке шайлоо учурунда мен Ысык–Көл областында

иштедим. Ал эми 2009–жылы президенттикке талапкер Алмазбек Атамба-

евдин ишенимдүү кишиси болгом, ошол эле маалда партиядан байкоочу

да болгом. Иш алып барган жерим Балыкчы шаарындагы мектептердин

биринде жайгашкан номур үчүнчү участок эле».

Шайлоодогу «айланкөчөк» таӊ эртеден эле, биздин участокко бейтаа-

ныш адамдардын тобун алып келгенден тарта башталды.

Мен аларга: «Каттооӊорду көрсөткүлө!», – десем, шайлоо комиссиясы-

нын төрагасы болсо: «Ордуӊан турбай отур!», – деп жеӊден тартат.

Болбой эле эки милицияны чакырып, мени колдон сүйрөп туруп, участ-

кадан чыгарып салышты. Ошо замат шаардык билим берүү бөлүмүнүн

башчысы жаныма келе калып: «Деги сага канча акча керек? Бир жерге ба-

рып эс алып отуруп, чай ичип келчи», – дейт. Сумкасын ачты эле, ичинде

толтура акча бар экен. Добуш сатып алып жүргөн да. Мен ага ошол замат

эле: «Мен абийиримди сатпайм!» – деп кесе айттым.

Алар биздин аймактагы Бакиевдин ишенимдүү кишиси менен байла-

нышса, анысы айтыптыр: «Бул аялды кантип болсо да участоктон жоготуш

керек! Же акча берип сатып алгыла, же күчкө салсаӊар да жоготкула», – де-

генин мен кийин угуп жүрбөймүнбү.

Ошондо жүрөгү түшкөн комиссиянын төрагасы мени кайсы бир шайлоо-

чу аялдын колуна калем сап менен сайып жибергендиктен, участкадан

алып кетип баратканда ага карата күч колдонду деп шаша–буша арыз жа-

зып жиберди. Мени ШИИБге алып барышып, төрт жарым саат бою арак

ичип алган деп текшеришип, түшүнүк кат жаздырып кармап отурушту. Ан-

дан соӊ сотко келесиӊ дешти да коё беришти.

Так ошол маалда менин участогумда бюллетендерди таӊгагы менен са-

лып жатышкан экен. Биздин жети активистибиз шаардагы бардык шайлоо

участкаларында болуп жаткан бейбаштыктарды мага телефон аркылуу

кабарлап турушту. Алар тартип бузуулар болуп жатканын ошол күнү эле

Боршайкомго кат жазып билдиришсе да, алардын арызын карап койгон

жан болбоду.

Мен ШИИБден чыгып, биздин балдар менен аймактык шайлоо комис-

сиясы жайгашкан администрациянын имаратын көздөй жөнөдүм. Бурма-

лоолорго каршы нааразычылыгымды билдирейин дегем. Көрсө, ал жерде

алдын ала бизди милициянын атайын тобу күтүп турган экен, кирип бараа-

рыбыз менен эле баса калышты».

Ошол кезде партиянын иштерине Ысык–Көл облусу боюнча жоопкер

болуп жүргөн Мирбек Асанакунов да бул коогалаӊдуу учур туурасында

бир топ нерселер эсинде калганын айтат:

«2009–жылы шайлоо жыйынтыгын бурмалап болсо да өтөм деген мак-

сатта Курманбек Бакиев президенттик шайлоого аттанды. Ошол мезгилде

мен СДПКнын Ысык–Көл областтык штабынын координатору элем. Шай-

лоо башталган күнү таӊ эртеден эле бардык участоктордон массалык тар-

тип бузуулар туурасындагы билдирүүлөр келип түшө баштады (алардын

айрымдарын Гүлнара Жамгырчиева каттап алган соӊ аны участоктон чы-

гарып кармап кетишкен).

Түшкө маал биздин тарапташтар Балыкчыда чогула башташты, Түптөн,

башка райондордон бир нече жүздөгөн балдар келишти. Алардын ара-

сында мен, Кубанычбек Кадыров (ошо кезде СДПКны жактап жүрүп,

кийинчерээк каршы лагерге өтүп кеткен) болдук.

Биз шайлоонун жүрүшүндөгү бурмалоолорго карата нааразычылык

билдирүү максатында шайлоо комиссиясы жайгашкан мэриянын имара-

тын көздөй жол тарттык. Бирок бийлик нааразычылык акциясына карата

даярданып койгон экен, имараттын ичинде ОМОН жүргөнүн көрдүк. Биз

жакындап келээрибиз менен куралданган милициялар топту кууп, тарката

башташты, четинен кармап да жатышты.

Менде парламенттин депутаты катары кол тийбестик укугум бар эке-

нине түкүрүп да коюшкан жок. Кармап туруп, түртүп машинеге тыгып са-

лышты. Менин бир тууганым Бактыбек Асанакунов баш болгон биздин бир

нече ондогон тарапташтарды да кармап, шаардык ички иштер бөлүмүнө

алып барышты.

Ошондон бир сааттан кийин Кубанычбек Кадыров ШИИБнин имараты-

нын маӊдайында биздин кармалганыбыз боюнча нааразычылык митингин

уюштурууга аракет кылды, бирок анын өзүн да кармап камап коюшту. Биз-

ди түн ортосуна чейин суракка алышып, сабап да жатышты. Мени деле аяп

коюшкан жок...

Андан кийин мени, Кадыровду (экөөбүз теӊ депутат элек!) кошо бир

нече кишини чыгарып жиберишти, калгандарга болсо кылмыш ишин

«тиге» башташты. Алардын арасында менин агам да болду. Балыкчы иши-

нин башка катышуучулары менен кошо ал да жарым жыл түрмөдө отуруп

чыкты».

Гүлнара Жамгырчиеванын айтымында, куралсыз кишилерге аёону бил-

беген накта карамүртөз ырайымсыздыкты көрсөтүшкөн: «Нааразычылык

көрсөткөндөр 200дөй киши эле, бирок милициянын саны андан да көп

болду. Бизди сүйрөп, таяк менен сабап, машинелерге салып жатышты.

Мени дубинка менен бир нече жолу чаап жиберип, чачыман сүйрөштү.

ШИИБнин начальниги мени сөөмөйү менен сая көрсөтүп: «Муну тиги жак-

ка–УАЗга салгыла», –дегени али кулагымда жаӊырып турат».

Ошол начальник кийин сотто айыптоого негиз болгон көрсөтмө бер-

ген, анда демонстранттарды кууп таратып жаткан маалда кимдир бирөө

манжасын сындырган имиш. Көрсүн дегениби же далил болсун дегениби,

колун атайын колтойто гипске салып жүрдү. Бирок анын колу да, манжасы

да сынбай–этпей эле сопсоо болучу.

Бизди ШИИБге эмес, а дегенде башка жакка алып барышты. Артыбыз-

дан бирөөлөр кууп келип калбасын дешти окшойт. Андан кийин жыйыр-

ма чакты кармалгандарды милиция бөлүмүнүн коридоруна чогултушту

да кайрадан ур–токмокко алышты. Анын эртеси күнү ИВСке алып барып

тыгышты».

Мирбек Асанакунов мындайча тастыктайт: «СДПКнын лидери Алмазбек

Атамбаев Балыкчы иши боюнча сотко тынбай келип катышып турганын

белгилей кетүүм керек. Партия тергөөгө алынгандардын үй–бүлөлөрүнө

моралдык да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп турду.

Балыкчыдагы окуяларга байланыштуу Чүй облусунда нааразычылык

акциясын өткөрүү аракеттери болду. Бишкектен Балыкчыга чейин жөө

жүрүш менен баруу идеясы да айтылды, бирок баары бир ага жол бе-

ришпесине көздөрү жеткен соӊ андан баш тартышты. Бирок ага карабай

балыкчылыктарды колдоо максатында Чүй областынын төрт районунан

митингчилердин колонналары чыгышты, бирок бул демонстрация да мас-

салык кармап кетүүлөр менен аяктады».

КР ЖКнын 2007-жылдагы IV чакырылыштагы СДПК фракциясынын депу-

таты Айбек Азыранкулов бул туурасында мындайча эскерет: «Биз Балык-

чыда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап тура алган жокпуз жана

2009–жылдын август айында Чүй областында нааразычылык жүрүшүн уюш-

турдук: төрт райондогу (Москва, Жайыл, Сокулук жана Панфилов) оппо-

зиция өкүлдөрү СДПКнын шаардагы штаб–квартирасы жайгашкан «Медиа

Форумду» көздөй жөнөштү. Биз менен Топчубек Тургуналиев баш болгон

бир нече оппозиционерлер болушту. Бирок бизге «Форумга» жеткенге

мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Алматы жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампада бизди

милиция күтүп турган экен, иттерин айдактап, ис чачып демонстранттар-

ды таратты. 60 чакты кишилер кармалдык, бизди кабылдап–бөлүштүрүүчү

жайга алып барып тыгышты. Ошол эле жерден баарыбызды соттоп, ар кан-

дай административдик айыптарга жыгышты. Айрымдарды, арасында мен

да бармын, 15 суткага камашты, кимдир бирөөлөрдү 9–10 суткага камаш-

ты, айрымдарына айып пул салышты. Мен 15 сутка отуруп чыгууга аргасыз

болдум».

Г.Жамгырчиеванын баянын уланталы: «Мен камакта отурганда жа-

пайы окуя болду. ИИМде менин алысыраак бир тууганым иштечү. Мени

камап жатышканда таптакыр көрмөксөн, билмексен болуп койсо болобу.

Балыкчыдагы ИВСтин камерасына отургузушканда терезеден карай сал-

сам, үстөлдө ошол тууганым отуруптур. Башымды терезенин тешигинен

чыгарып алып ким экенин бетине айтып кыйкыра баштасам ал кайрылып

да койгон жок, тескерисинче: «Алдагынын жаагын баскылачы!» – дебеспи.

Экинчи милиция болсо, жанагы менин башым чыгып турган терезенин

форточкасын көтөрө мени муунтуп кирди. Менин көздөрүм караӊгылай

түшүп, бир карасам турган жеримде отуруп калыптырмын...

Сот болгонго чейин жарым жыл бою түрмөдө отурдум. Сот процесси

2009–жылдын 25–декабрында гана аяктап, мага 4 жылдык колония–посе-

ленияга отурганга өкүм чыкты. Жаӊы 2010–жылды мен камерада жалгыз

отуруп тостум. Атамбаев жана башка партиялаш жолдошторум тынбай ка-

бар алып, сотко келишип, менин үй–бүлөмө колдоо көрсөтүп турушканын

айтып кетүү мага парз.

Бизди 7–апрелдеги ынкылаптан кийин эле акташты. 2010–жылдын жай-

ында мен СДПКдан Жогорку Кеӊешке талапкерлердин тизмесине кирги-

зилдим. Депутат болгондон кийин жердештеримдин кызыкчылыктарын

коргоого тырышып иштеп келе жатам. Айрыкча өлкө бюджетин бекитүүдө

колуман келишинче аракет кылдым. Менин бир гана өкүнгөнүм– бизди

2009–жылы камап, сабагандардын көпчүлүгү жазаларын алышкан жок,

ал тургай, сот тармагында жана «органдарда» кызматтан кызматтарга

көтөрүлүп да кетишти. Мен эч кимден өч алайын деп жатканым жок, бирок

мындай болушу, менимче адилеттик эмес».

«Балыкчы иши» 19 адамга соттук өкүм чыгаруу менен аяктады (алардын

ичинен бирөө гана ошол мезгилде чет мамлекетке эммиграцияга чыгып

кетип, жашырынып калууга үлгүргөн). Бирок бул ырайымсыз, укуктук жак-

тан жүйөсүз өкүм окуялардын андан ары өнүгүүсүн баары бир токтото алган жок.

V глава.

2010–жылдагы Апрель ынкылабы

2009–жылдын этегинде жана 2010–жылдын башында бакиевдик режим ке-

сепеттери өзүнө таш болуп тийген бир нече чечимдерди кабыл алды. Уюлдук

телефон аркылуу ар бир коӊгуроо чалууларга 60 тыйындык төлөм чогултууну

киргизди, электр энергиясына, жылуулукка, сууга болгон төлөмдөрдү жогору-

латты, жашыруун жабык схемалар боюнча мамлекеттик менчикти– биринчи ке-

зекте энергетика тармагын менчиктөөнү кошо эсептегенде, айтор, коомчулук-

тун нааразычылыгын кескин жогорулаткан башка да чараларды кабыл алды.

Курманбек Бакиев 2010–жылдын 12–февралында демократиялык принцип-

терди толугу менен четке кагып, конституциялык реформаларды жүргүзүү

шылтоосу менен парламент аркылуу «Кыргыз Республикасынын Конституция-

сына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамын жактырып кабыл

алууга жетишти. Анда бир катар конституциялык институттарды (Мамлекет-

тик катчыны, Президенттин Администрациясын жана Коопсуздук кеӊешин)

жоюу, өзү тарабынан түзүлгөн ЦАРИге КРнын премьер–министринин ыйгарым

укуктарынан өйдө турган ыйгарым укуктарды берүүнү мыйзамдаштыруу (бул

Агенттикке президент Бакиевдин уулу Максим Бакиев башчы болуп дайындал-

ган) каралган.

СДПК партиясы курамында эӊ маанилүү роль ойногон оппозиция элдин

чөгүп бараткан маанайын сезип турду. 2010–жылдын февраль–март айларында

өткөн элдик курултайларда Бириккен элдик кыймыл (БЭК) режимге өз талап-

тарын айтып чыкты. Аларды аткарууга Бакиевге бир айлык мөөнөт берилди.

Мөөнөт аяктаган соӊ оппозициялык лидерлер тарабынан өлкө боюнча бардык

дубандарда жана ири шаарларда курултайлардын сериясын өткөрүү чечими

кабыл алынды. Аларды өткөрүүнүн күнү катары 2010–жылдын 7–апрели белги-

ленген эле.

Айбек Азыранкулов эскерет: «Ошол кезде өлкөдө митингдер жана демон-

страциялар жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдар митинг өткөрүү мүмкүн-

чүлүгүн катуу чектеп койгон болчу (анын ичинде, мисалы, Бишкекте митингдер-

ди «атайын уруксат берилген жерлерде гана өткөрүү» мүмкүн эле. Ал жерлер

(Горький атындагы эс алуу паркы жана ат майданы) митинг өткөргөнгө жарак-

сыз эле; бирок Конституцияда элдик курултайларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү ка-

ралгандыктан, биз ошентип мыйзамдардан жол таап алдык».

Бирок режим алдын ала аракеттерге барууну чечип, мыйзам нормала-

рына карап да койгон жок, репрессиялык иш-аракеттерди баштап жиберди.

6–апрель күнү Таластагы митингде милициянын атайын отряды областтык мам-

лекеттик администрациянын алдындагы аянтта митинг уюштурушкандарды

аёосуз кууп таратты, элдин көз алдында, курултайдын ишине катышууга барган

БЭКтин лидерлеринин бири Болот Шерниязовду камакка алды. Бийликтин иш-

аракеттери митингчилер менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин

ортосундагы кагылышууну жаратты, ал адам курмандыгы менен коштолду. Ми-

тингчилерди жоошутуу үчүн Таласка ИИМ министри М. Конгантиев атайын от-

ряд менен келип түшкөн. Бирок атайын отряд чилдей таратылып, Конгантиев

туткунга алынган жана катуу сабалган.

Ал эми Нарын облусундагы СДПК 1994-жылдан баштап активдеше баштаган.

СДПКнын Нарындагы активдүү мүчөсү Жумабек Осмоналиев эскерет: «Теӊир-

Тоодогу СДПКнын мүчөлөрү Акаевдин, андан кийин Бакиевдин мыйзамсыз

иштерине ачыктан ачык каршы туруп, нааразычылык акцияларын байма-бай

өткөрүп турган облустардын катарын толуктады. 2005-жылы Нарын дубаны-

нын Кочкор, Нарын райондорунда акаевчилер менен катуу таймашуулар бол-

со, 2010-жылдын февралынан баштап Апрель ынкылабына чейин СДПКнын

мүчөлөрү башка оппозициялык күчтөр менен биригип, Бакиевдин кандуу бий-

лигине каршы турду. 2010-жылдын март айында Нарын шаарынын борбордук

стадионунда өткөн экинчи тынч митингине ал кездеги ЖКнын СДПК фракция-

сынын лидери Роза Отунбаева катышып, жалындуу сөз сүйлөгөн».

6–апрель күнү кечинде «Медиа Форумдун» имаратында Бириккен элдик

кыймылдын Иса Өмүркулов жана Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече иш-

мерлери кармалган. Москвадан келээри менен түн ичинде аэропорттон Темир

Сариев кармалган. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ка-

макка алынган. Түн оогон маалда УКМКнын атайын отрядынын «Альфа» тобу

камакка алуу үчүн Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөнөп чыккан.

Бул туурасында Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкина мындай-

ча эскерет: «6–апрелдин түнүндө мен, СДПКдан ЖКга дагы бир депутат Асел

Кодураӊова болуп камакка алганы жатышкан Алмазбек Атамбаевдин үйүн

көздөй жөнөдүк. Жабык турган эшикти талкалаганы жатышкан «альфачылар-

ды» мен ошол жерден көрдүм».

Асел Кодураӊова Ирина Юрьевнанын аӊгемесин мындайча улантат: «2010–

жылдын 6–апрели күнү түнкү саат ондордо мага Алмаз Шаршеновичтин кооп-

суздук кызматынын кызматкерлери телефон чалышып, аны камоого аракет

кылып жатышканын кабарлашты. Мен ошол замат Ирина Карамушкина менен

байланышып, Алмазбек Шаршеновичтин үйүн көздөй жөнөдүк.

Биз И.Карамушкина менен А.Атамбаевдин үйүнө келсек, ал жакта УКМКнын

кызматкерлери, анан тергөөчү жүрүшүптүр. Партиянын мүчөлөрү, активист-

тер көчөгө чогула башташты. УКМКнын кызматкерлери аны суракка алып

кеткени жатышкан кыязы. Аларда бул үчүн тиешелүү документ бары-жогун

билүүгө аракет кылганыбызда алар жооп беришкен жок. Андан кийин аны

суракка күбө катары алып баруу туурасындагы чакыруу кагазын көрсөтүштү.

Биз аларга Атамбаевди биздин көзүбүзчө суракка алууну сунуштадык, бирок

алар буга макул болушкан жок. Бул беш сааттай уланды. Эч бир майнап чыгара

алышпагандан соӊ УКМКнын кызматкерлери эшикти «болгарка» менен араа-

лап киришти. Эшикти ачышканда босогодо Алмаз Шаршеновичтин өзү турган

экен. Алмаз Атамбаевди камакка алган видеотасмадан кийин маалым болгон-

дой, ал УКМКнын кызматкерлерине оппозициянын лидерлерин камакка алуу-

нун кесепеттери оор болоорун, мындай ойлонулбаган чечим элдин кыжырын

ого бетер кайнатаарын түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок күч түзүмүнүн кыз-

маткерлеринен бирөө да муну уккан жок. Ошол кезде биз менен бир аз кийин

жетип келген Жогорку Кеӊештин депутаты Галина Скрипкина да бар эле. Адво-

кат катары ал Алмаз Шаршенович менен машинеге чогуу отурду да, УКМКнын

кызматкерлери аларды УККга алып кетишти».

Бирок ошондо элдин режимге кыжыры кайнап, чыдамы түгөнгөн кез эле,

ошондуктан эл лидердин жок экенине карабай курултайга өзү чыкты. Демилге-

ни жергиликтүү активисттер өз колдоруна алышты.

Ошол түндү СДПКнын Чүй облусу боюнча координатору Сагынбек Абдрах-

манов мындайча эскерет: «2010–жылдын 6–апрелинин кечинде мага оппози-

циянын лидерлерин камакка ала башташканы туурасында кабар келип жет-

ти. Мен үйгө жаӊыдан кирип тамактанып алайын деп тургам, ага болбой эле

кайра чалышты, сени кармап апкелгени машине кетти дешти! Мен дарбазадан

чыкпай тосмо аркылуу секирип түшүүнү эп көрдүм. Ошенткеним туура болгон

экен, көчөгө чыккан соӊ үй жакты карай салсам, жакындап келип токтогон үч

машине турган экен.

Ошол түнү бою мен бир айылдан экинчи айылга чуркап, качып жүрдүм.

Антпесем, телефонум аркылуу кай жерде экенимди бат эле таап алышмак. Же

телефонумду өчүрүп коё албайм, килтейген Чүй облусуна жоопкер болгондон

кийин тынымсыз мага чалышып, мен да жолдошторума чалып турушум керек

эле. Акыркы коӊгуроону айылдагы мүрзө четинде турган жалгыз үйдөн чалууга

туура келди.

Абал абдан жетээр жерине жетип чыӊалып турду. 7–апрель күнү таӊ эртеӊ

мененки саат алтыда мен Сокулуктагы координаторубуз Жаныбек Кудайбер-

геновго телефон чалып, митингге кимдир–бирөөлөр келдиби деп сурадым.

Ал болсо: «Жок, мен администрациянын жанында жалгыз турам»,– дейт. Баш-

ка жерлерге да чалып, ошондой эле жоопторду уктум. Кантип эле эч ким кел-

бей койсун деген ой мээмди чыӊап турду. Бирок адамдар баары бир чогула

баштады. Мен чоочун көздөн оолак, кейпи кеткен, жалалабаддык номур илин-

ген эски «Жигули» минип алып, эртеӊ менен «Форумдун» имаратын көздөй

сыздым. Саат 11лерге чамалашып калса керек эле, тыгындан араӊ өттүм.

Карай салсам эле мени көздөй автомат көтөргөн бир бала чуркап келатыптыр.

Куралды милициялардын бири таштап салып, анан бул көтөрүп алган окшойт.

Мен машинеден түштүм да аны токтотуп, автоматын тартып алдым. Анан эле

карасам, эл милицияны «Форумдан» ылдый дыргаяктата кууду да, жаалданган

караламан топ Ак үйдү көздөй бет алды. Мен да аларга аралашып кеттим».

Карамушкина менен Кодураӊова да Бишкектеги «Медиа Форумдун» жанын-

дагы бул окуялардын катышуучусу болушкан. Бул туурасында Карамушкина-

нын өзү мындай дейт: «Атамбаевди түндө түрмөгө алып кетишкен соӊ мен үйгө

кеткем. Ошонун эртеси күнү Алматы көчөсүндөгү «Медиа Форумдун» имараты-

нын алдында митинг болмок.

Эртеси «Форумга» келип оппозициянын лидерлеринин бири калбай ка-

макка алынганын уктум. Миӊдеген адамдар чогулушса да алардын арасынан

СДПКнын мен тааныган мүчөлөрүн учурата алган жокмун. Болгону Данияр

Аттокуров жана бир нече кишилер гана жүрүштү. Бул абдан эле аз эле.

Демилгени колго алууга туура келди. Мен «Форумга» жакын жердеги авто-

бус токтоочу аялдамада уюштурулган митингге катыштым. Мындай кырдаалда

эмне деп айтаарымды да анчалык билбей турдум, чынында. Бирок чогулган

адамдар бизден кайрылуу күтүп жатышты, анткени парламенттен барган жа-

падан жалгыз депутат мен элем. Бул митингди Токтайым үмөталиева баштады,

андан ары мен кошулдум, анан мен тааныбаган адамдар чыгып сүйлөштү. Мен

өкмөт камакка алууларды жүргүзүү менен Конституцияны орой бузуп жатка-

нын айттым.

Милиция «Форумдун» тегерегине таӊ эртеден тарта эле иттери менен чогу-

ла баштаган. Мага Октябрь РИИБинде иштеген аял келип мени райондук про-

куратуранын адамдарды көргүлөрү келип жатышканын айтты. Мен макул деп

жөнөй бердим эле, жанымда турган аялдар: «Кайда баратасыӊ? Сени камап са-

лышат! Биз сени эч кимге бербейбиз!»,– дешип чуру–чуу түшүп калышты.

Аӊгыча адамдарды шапа–шупа четинен кармай башташты. Топко арасында

милиция аялдар бар отряд кирип келип, митингге чыккан аялдарды кармай

башташты. Формачан эркектер топту жарып жиберип адамдарды автобуска

сүйрөп сала башташты. Милицияларды көздөй таштар учту. Көздү ачыштыр-

ган истин жыты бур этти. Мен бир нече аялдар болуп, «Форумдун» түбүндөгү

«Лимон» деген кафеге кире качтык. Ошентип тургучакты Алматы көчөсүнөн де-

монстранттардын жаӊы агымы жетип келди да, мындайча айтканда, жанатан

бери элге асылып аткан милицияны шыпырып эле салды.

Милициясы да, башка күч адамдары да качып жөнөштү. Демонстранттар

алардын топ ичине түшүп, колдоруна илинип калгандарын ур–тепкиге алыш-

ты, күрмөлөрүнөн, чачтарынан сүйрөп тепкилеп жатышты. Мен милициялар-

ды арачалап калганга умтулуп, топ арасында: «Силер эмне, «Ак жол» болуп

кеткенсиӊерби? Буларды эмне сабап жатасыӊар? Булар деле бирөөнүн балда-

ры да!» – деп чырылдап жүрдүм. Кызыгы, бул жерден да мен биздин партиялаш-

тарды көрө алган жокмун, милицияларды мен такыр тааныбаган адамдар сабап

жатышты. Жанымда жүргөн аялдар да арачалаганга жардам берип жатышты».

Жеӊишке шыктана түшкөн калыӊ топ Чүй проспектиси менен ылдый Ак үйдү

көздөй бет алды. Адамдар бийлик өз элине ок атат деп акыр аягына дейре ише-

нишкен эмес. Бирок ошого карабай, бир тууган Бакиевдер тарабынан элди кы-

руу үчүн ок атканга кылмыштуу буйрук баары бир берилди. Анын натыйжасы

жакшы белгилүү: ондогон адамдар окко учуп, жүздөгөндөрү жаракат алышты.

«Биз Ак үйдүн тосмолоруна жетип жете электе эле аткылап киришти. Ме-

нин жанымда турган 18 жаш чамасындагы жапжаш жигитти атып өлтүрүштү.

Ал өлүп баратып: «Кыргызстандыктар, артка качпагыла!» – деп кыйкырып жан

берди. Мени болсо кудай сактап аз жерден калдым. Менин ал жерде көп жер-

дештерим Махмут акенин небереси жана менин бала кезден чогуу өскөн кошу-

нам Ыйманбек уулу Акылбектер болгонун, алардын айрымдары курман болуп,

көптөрү жаракат алышканын мен кийин уктум. Менин Бедил аттуу жээним да

курман болду», –дейт Сагынбек Абдрахманов өз эскерүүсүндө.

Алиясбек Алымкулов, жана башка көптөгөн партиячылар да ошол күнү

снайпердин огунан майып болуп же курман болушкан.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдер ок атылганда демонстранттардын тобу

качып, тарап кетет дешсе керек. Ошондуктан, активдүү митингчилерди атпай,

карапайым адамдарды коркутуп, алар аянтка жолобошу үчүн курмандыктар-

ды «Ала–Тоо» аянтынын четтерин бойлото суук кандуулук менен жайбаракат

тандап терип атышкан. Бирок алар ойлогондой болгон жок. Көздү ачыштырган

ис менен тарсылдак гранаталарды колдонгон милициянын атайын тобу бир

жагынан кысып, бир жагынан снайперлер аткылап жатышса да адамдар артка

чегинген болуп, бирок кайра эле алдыга умтулуп келип жатышты. Ал тургай,

кызыл–жаян канга чыланган Ала–Тоо аянтындагы топтун саны көбөйгөндөн

көбөйдү.

Ошол маалда Бакиевдин аппаратына жер–жерлерде бийлик оппозиция-

нын колуна өтүп жаткандыгы туурасында билдирүүлөр келе баштады. Бирин-

чилерден болуп Талас жана Нарын чыгышты, андан көп өтпөй кезек ысык-

көлдүктөргө жетти.

Ысык-көлдүк Мирбек Асанакунов эскерет: «6-апрель күнү эле мен Бишкекте

А.Атамбаев менен жолуккам. Ал мага Ысык-Көл областына барып, курултайдын

ишине катышууну жана ар кандай кыйынчылыктарга даяр турууну сунуштады.

Менин кайра келгеним да өзүнчө бир кызык окуя. Биз достордун тоюна барат-

кансып түр көрсөттүк, рулду менин аялым башкарып бараткан. Милиция тек-

шергенде улам уктап бараткан киши болуп жаттым, тааныбасын дегеним да.

Баса, менин келинчегим да мага санаалаш болгонун, ал да 2007-жылдан бери

СДПКнын Талас облусу боюнча координатору болуп иштеп келатканын кошум-

чалай кетейин...

Биз Григорьевка айылынан токтойлу дегенбиз, бирок кармап камакка алы-

шат деп эскерткендеринен токтобой Чолпон–Атага кете бердик.

Ошентип эртеси күндүн жарымында Ысык–Көл облусундагы митингчилер

Караколдогу обладминистрациянын (губернатор кабинетинин ачкычын өзү

берип чыгып кете берген), Балыкчыдагы мэриянын жана башка ири калктуу

пункттарды, райондордогу администрациялардын имаратын ээлешти. Менин

санаалаш жолдошторум элге эч нерсени талкалабагыла, тийбегиле деп чакы-

рып, жыйынтыгында алар биздин кепти угушту (мисалы, Таласта обладмини-

страциянын имараты милициянын атайын тобунун аракеттеринен улам күйүп

кетпедиби)».

7–апрелде түш оой Бакиевдин тарапташтары бийликтин колдон чыгып кетип

баратканын түшүнүштү. Алар митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө

аракет кылышты. Бул туурасында Иса Өмүркулов мындайча эскерет: «6–апрель

күнү кечинде мени жана партиялаштардын тобун УККнын кызматкерлери «Ме-

диа Форумдун» имаратынан кармап, (мени парламенттин депутаты катары

кол тийбестигим болгондуктан Жогорку Кеӊештин гана макулдугу менен гана

кармоого укуктары бар эле) УККнын Эркиндик гүлбагындагы борбордук има-

ратына алып барышкан соӊ түнү бою тыныгуусуз суракка алып чыгышты – бир

тергөөчү кетсе, ордуна экинчиси келип отуруп жатты.

Ошонун эртеси мен УКМКнын төрагасы Суталинов менен жолугуштурууну

талап кылдым. Мени анын биринчи орун басарына алып барышты. Абдан кы-

жырданып тургандыктан сыпайылатып отурбай эле: «Силер парламенттин иш-

теп жаткан депутатын эч бир мыйзамсыз негизде кантип кармадыӊар?» – деп

бир тийдим.

Бир нече сааттан кийин УКМКнын имаратында шабыр–шубур бир кыймыл-

дар башталып, кармалгандардын баарын бир коридорго бир нече кабинеттер-

ге чогултушту. Тергөөчүлөр бизди эмне кылышаарын билбей, баштары маӊ бо-

луп турушту. Мага телефон чалганга уруксат беришти, айдоочума чалып, эртеӊ

менен «Форумдун» астында эмне болгонун, жана ошол мүнөттөрдө Ак үйдүн

астында эмнелер болуп жатканын уктум.

Андан кийин Бакиевдин тегерегинде жүргөндөрдүн бири Элмурза Сатыбал-

диев жетип келди. Ал Сариев экөөбүздү Ак үйгө «сүйлөшүүлөргө» алып барды.

Биз ал жерде Данияр үсөновдон мурунку кармалган оппозиционерлерди да

тезинен бошотууну талап кылдык. Кийинчерээк биз УКМКнын имаратына өз

алдыбызча келип карасак, камалгандарды бошотуп жатышыптыр, арасында

Текебаев да бар экен.

Оппозициянын лидерлери Роза Отунбаеванын парламенттин имаратын-

дагы кабинетине чогулдук. Бакиев режими кулагандан кийин андан ары эмне

кылууну аныктап алышыбыз керек эле. Андан көп өтпөй камактан Алмазбек

Атамбаев да бошотулду».

«Мен 2010–жылдын 7–апрелинде кечке, Ак үй кулаганча демонстранттардын

арасында болдум, – деп эскерет СДПКнын Чүй облусу боюнча координатору

Мухтарбек Айнакулов.– Мен партиянын катарында 1999–жылдан бери, тактап

айтканда, Атамбаевдин экономикалык маселелер боюнча макаласын окуган-

дан соӊ СДПК партиясынын программасы мени канааттандыргандан бери ке-

латам. Бул жылдар арасында көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк.

Айрыкча менин аялымды УКМКнын кызматкерлери иштен кетүүгө аргасыз

кылган, балдарымдын жүрөктөрү түшүп, менин артыман аӊдыган 2007 – 2009–

жылдар абдан оор болду. Бирок андан да коркунучтуу учур 7–апрелде Ак үйдүн

астында менин көз алдымда мага тааныш да, тааныш эмес да адамдарды сулата

атып жатышкандыгы болду.

Кыргыздарда «өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деген кеп

бар. Ошондуктан 2010–жылдын 7–апрелинде аянтта окко учкан адамдар эч ка-

чан унутулууга тийиш эмес. Биз аларды дайыма урматтоо менен эстегенге, мын-

дай окуялардын мындан ары кайталанбашына жол бербөөгө милдеттүүбүз».

VI глава.

Партия апрелден кийинки мезгилде

Бийликке жеткенден кийин аны кармап калуу да керек эле. өлкөдө эконо-

микалык баш аламандык күчөп келатты, социалдык көйгөйлөр күрөлгөн кар-

дай бир жакта додолонуп үйүлүп жатты. Укук тартибин коргоочу органдар бол-

со, алапайларын таппай супсуну сууп турду.

Мына ушул шарттарды СДПК партиясынын мүчөлөрү өз ийиндерине нар

көтөргүс оор жүктү артышты. өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган

Роза Отунбаева мыйзам талабына ылайык СДПКдагы мүчөлүгүн токтотту.

Партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев болсо Убактылуу өкмөттүн

төрагасынын экономикалык тармакка жоопкер биринчи орун басары болуп

калды. Анын жолун КРнын өкмөтүнө жана башка мамлекеттик түзүмдөргө ке-

лип иштешкен бир нече башка партиялык активисттер да жолдошту.

Осмонбек Артыкбаев мындайча эскерет: «Бакиевдин режими кулаган соӊ

Алмазбек Атамбаев менин талапкерлигимди эӊ жооптуу жана оор постко–

Убактылуу өкмөттүн энергетика министринин милдетин аткарууга сунуштады

жана мен 2010–жылдын 13–апрелинде эле аталган кызматка кириштим.

Мен бул кызматты эмнеликтен оор деп жатам? Бакиевдердин тушунда энер-

госектор аркылуу саман акчалар жуулуп турган жана аталган тармакты иш

жүзүндө сызга отургузушкан (кырдаалды энергияга тарифтерди жогорулатуу

менен оӊдомуш этишкен–ынкылаптын тутанып кетишине себеп болгон негиз-

дердин бири мына ушул болгон жана алар кийин жокко чыгарылган). Анүстүнө

Казакстан чек араны жаап да салды, бюджетте болсо акча жок эле...

Кризистик кырдаалды тезинен жөнгө салып, алдыда турган кыш мезгили-

не даярдык көрүү керек эле (эгерде бул боюнча иштерди жайында жүргүзбөсө

анда өлкө кышында тоӊуп калат), ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилип,

кимдир бирөөлөргө берилип кеткен энергетикалык компанияларды кайта-

рып алуу боюнча да иштерди жүргүзүү керек болчу. Биз иш жүзүндө саясий

эрктүүлүктү көрсөтүү менен Убактылуу өкмөттө өлкөнү баш аламандыкка

сүӊгүп кетүү коркунучунан сактап калуу менен гана алектендик. Акыр аягында

кырдаалды турукташтыра алдык».

Апрелден кийинки окуяларды Дамира Ниязалиева мындайча эскерет:

«7–апрелдин кечинде мен партиянын тапшырмасы менен Нарынга барып кайт-

кам. Роза Отунбаева мага: «Саламаттыкты сактоо министрлигин көзөмөлүӊө

ал»,– деп калды. Бул абдан маанилүү эле, анткени окуялардын учурунда жабыр-

кагандардын саны көп болчу. Ошондуктан медицина тармагы көптөгөн адам-

дардын өмүрүн куткарып калуу үчүн сааттай так иштеп турууга тийиш эле.

Айтып коюум керек, мен аталган министрликтин жетекчилиги менен депу-

таттык ишим боюнча көп мамиле түзүүгө туура келчү (министр мени ага жак-

паган маселелерди көтөргөнүм үчүн анчалык деле жактыра берчү эмес, бирок

бул жолу мунун эч бир мааниси жок эле). Ал тармактагы адамдардын да көбүн

таанычумун. Министрликтин имаратында министрдин орун басары күзөттө

отурчу, биз медиктердин ишин чогуу координациялай баштадык. Кабинетте

интернет болгондуктан, мен түнкү саат үчтөрдө жаӊылыктар сайтынан Убакты-

луу өкмөттүн токтому менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындал-

ганымды окуп калдым. Бул мага күтүүсүз эле.

Кийинки күндөр тимеле жиниктирген күндөр болду. Медиктер жүздөгөн

жабыркануучуларга жардам көрсөтүүлөрү керек эле. Дары–дармектер боюн-

ча көйгөй келип чыкты (шаардагы ооруканалар октон жаракат алган мындай

бейтаптардын чоӊ тобун бир эле маалда кабыл алууга эсептелген эмес эле!).

Ар кандай адамдар өз жардамдарын берип жатышты, акча алып келип да жа-

тышты. Бирок аларды кабыл алууга биздин мыйзамдар жол бербей тургандыгы

анык болду. Ошондуктан адамдардан керектүү буюмдарды, дары–дармектерди

сатып алып туруп, анан аларды кайрымдуулук катары алып келүүнү суранууга

аргасыз болдук. Ошол эле маалда жабыркагандардын туугандары менен иштеп

жаттык, анткени алар психологиялык жардамга муктаж эле.

Борбордогу бир кыйла клиникалардын дарыгерлери ошондо кезеги болбо-

со да жумушка чыгып, тынбай келип жаткан жабыркагандарды жайгаштырууга

кол кабыш кылышканын белгилей кетким келет».

Темир жолчу Аргынбек Малабаев да кесибине ылайык иштин олуттуу

участогун алган. «2010–жылдын 7–апрелинде камакка алынган оппозицио-

нерлерди колдоо боюнча митинг башталгандан мурда эле мен «Форумдун»

маӊдайында элем. Ошондуктан эмне болгонун баарын, милиция жана атайын

кызматтардын адамдары митингчилерди кантип кууп таратууга аракет кылыш-

канын, анан митингчилер алардын өзүлөрүн куугандарын көрдүм. Анан элге

кошулуп мен да Ала–Тоо аянтына кеттим. Ал жакта кечке дейре болдум.

Аянтта башаламан митингдер өтүп жатты, чечендер а дегенде жүк маши-

ненин үстүнөн чыгып сүйлөп жатышты, андан соӊ Эркиндик эстелиги тарапка

оошту. Алардын эмне сүйлөп жаткандары жакшы угулбай жатты. Мен досум

экөөбүз барып, аларга үн күчөткүчтөрдү алып келип бердик. Аянтта турган эл

алардын эмне айтып жаткандарын жакшыраак уксун дедик.

8–апрель күнү эртеӊ менен мени Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбае-

ва чакырып калышты. Темир жолдун ишин камсыз кылып бер деген сураныч

айтышты, башкача айтканда, өзүм иштеген тармак боюнча иштеп берүүмдү

тапшырышты. Темир жол өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү участок болуп

саналат жана ошол кезде ал да кризиске батып бараткан. Мен өзүмө тапшы-

рылган бул постто милдетимди толук аткара алдым деп айта алам: темир жол

үзгүлтүксүз иштеп турду».

Бишкек мээриясына болсо Убактылуу өкмөттүн токтому менен дайындалган

Иса Өмүркулов ишке киришти. Бул тизмени андан ары да уланта берсе болот.

Биринчи жасай турган милдет – талап–тоноочулуктун коркунучун жоюу керек

эле, анткени апрелдин 7синен 8ине караган түнү көптөгөн объектилер тала-

нып–тонолуп кеткен.

Бул ишке элдик кошуундар жардамга келишти. Кийинчерээк Жогорку

Кеӊешке депутат болуп шайланган Данияр Тербишалиев Бишкекте кантип

«Патриот» элдик кошунун уюштурганын эскерет: «Биз өзүбүздү коргоону чеч-

тик. Мен телефонго отуруп алып досторумду жана туугандарымды жардамга

чакыра баштады. Карасам менин чакырыгыма абдан көп эл чогулуп келиптир.

Ошондо башкаларга да жардам берейин деп чечтим. Мен 7–апрелден 8–апрел-

ге караган түнү кирпик какпай шаарды кыдырып жүрдүм, биринчи кезекте ма-

родерлор коркунуч туудурган ири соода түйүндөрүн кыдырып жаттым, бар-

ган жеримде телефонумду калтырып, кийинки күндөн тарта сутка бою күзөт

уюштурулаарын айтып жаттым. Ошондо үч суткага чейин чырм этип уктаган

жокмун...

8–апрелдин таӊында мен телеэфир аркылуу чыгып, элдик кошуундун

түзүлгөндүгү тууралуу кабарладым. Балдардын бир бөлүгүн интернетке

отургуздум, алар форумдар аркылуу өлкө тагдырына кайдыгер эместерге ка-

бар жөнөтүп, жаӊы уюшулган кошуунга кирүүгө үндөп жатышты. Элдик кошуун

мына ушинтип жаралды. Биз бир ай бою ондогон объектилерди кайтарууга ал-

дык, алар жалаӊ гана дүкөндөр эмес эле, мисалы, Улуттук банкты (анын жер

төлөлөрүнө кимдир бирөөлөр ызы–чуудан пайдаланып кирип кетиши ыктымал

эле), MegaCom компаниясын ж.б. объектилерди кайтарууга алдык. Албетте ири

базарлар да көз жаздымда калган жок. Балдар шаарды коргоого куралсыз чы-

гып жүрүштү, биздин башкы курал түшүндүрүү эле. Ал чынында эле иштеди!».

Ошондон бир нече гана ай өтпөй өлкө түштүгүндө реваншисттердин

көкүтүүсү менен улуттар аралык кагылышуулардын каргашалуу өртү тутанды.

Ошол опурталдуу күндөрдө кантип иштегени туурасында СДПКнын лидери

Алмазбек Атамбаев мындайча эскерет:

«Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, тактап айтканда, Исмаил Исаков, окуялар

башталгандан кийин бир нече сааттардан соӊ эле Ошто болушту. Чыр–чатак-

тын тагдыры жалаӊ эле Ошто чечилди деп түшүнүү туура эмес. Мен мисалы,

Ташкенттеги кесиптештерим менен тынымсыз телефондук байланышта болуу-

га туура келди. Күнүнө бир канча жолудан чалышып турдук. өзбекстан а деген-

де абдан чечкиндүү маанайда эле, андыктан бул өлкөнүн армиясы же башка

куралдуу топтор каалаган учурда чек арадан кирип келип, болуп жаткан окуя-

ларга аралашып кетүү коркунучу күч эле. Бул мамлекеттин кулашына алып

келип, түштүктүн басып алынгандыгын билдирмек. Бирок биз кудай жалгап

өзбекстандык кесиптештер менен тил табышып, эки тараптуу мамилелердин

курчуп кетишине жол берген жокпуз.

Ошондой эле мага чыр–чатак түндүк тарапка ооп кетпесине кам көрүүгө туу-

ра келди, андай болгондо аны токтотууга болбой калмак. Бул кыйроо дегендик

эле. Анүстүнө талкалоону Бишкекте, бир нече башка калк жашаган пункттарда

уюштуруу аракеттери да жасалды. Алардын баарынын алдын алууга жетиш-

тик. Андан калса мен милицияны жана аскерлерди түштүккө жөнөтүү менен

алектендим, керек болгон учурда күч түзүмдөрүнүн ишин тескеп турдум. Ички

иштер аскерлеринде автомат куралдар жок болчу, аскерлердин болсо брон-

долгон техникалары от албай турду... Кыскасын айтканда, баш аламандык ар

тараптан кымактап арганы кетирип турду. Бирок ошого карабай кечигип болсо

да кырдаалды толук көзөмөлгө алганга жетиштик».

Түштүктөгү окуялар учурунда КРнын Саламаттыкты сактоо министри болуп

турган Дамира Ниязалиева мындайча эскерет:

«Кагылышуулар башталган ошол коогалуу түнү биздин кызмат тезинен даяр

абалга тургузулду, мен ошол замат Ошко учуп кетүүгө кам көрдүм. Бирок Роза

Исаковна жеке өзүм учуп кеткенге уруксат берген жок, анткени мен жетекчи

катары борбордо отуруп, координациялык иштерди жүргүзүүгө тийиш элем.

Болгону бир–эки күн ичинде дарыгерлердин топторун–хирургдарды, адистер-

ди, дары–дармектерди, керектүү медициналык жабдууларды чогултуп, аларды

учак менен окуялар болуп жаткан Ошко жөнөттүк. Ошол опурталдуу күндөрдө

мен өзгөчө режимде иштедим: эртеӊ менен Ошко учуп кетип, кечинде Бишкек-

ке кайра келип, кол алдымда иштегендердин ишин координациялап жүрдүм.

Кырдаалды оордоткон дагы бир жагдай, жолду жаап салышкандыктан, Оштогу

айрым райондорго, өзбектер жашаган махалляларга кирүүгө мүмкүн эмес бол-

чу. Ал жакта абдан оор жаракат алгандар, бейтаптар, карылар, аялдар, балдар

бар экени туурасында бизде маалыматтар бар эле. Ошого байланыштуу ал жак-

ка дарыгерлерди өткөрүү үчүн узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болуп

жаттык. жабык зоналарга биринчилерден болуп бийликтин өкүлдөрү катары

жардам көрсөтүү үчүн киргендер мен жана менин кесиптештерим болдук. Ме-

нимче аял катары мага сүйлөшүүгө жеӊилирээк болуп, көбүрөөк ишеништи

окшойт.

Эӊ биринчи кезектеги зарыл маселелерди: ооруканаларды суу жана тамак–

аш, дарыгерлердин коргоосу жана дары–дармектер, транспорт жана күйүүчү

майлар менен камсыз кылууну, гуманитардык жардамды жана жарадарларды

коштоп жүрүү маселелерин чечип жаттык. Мен бардык дарыгер кесиптештери-

ме– врачтарга, медицина кызматкерлерине абдан ыраазымын, алар өз үйлөрүн,

жакындарын таштап коюшуп, күн–түн дебей иш орундарында жүрүштү. Брон-

долгон чыптама эмес болгону ак халат кийген бул адамдар ажал коркунучу

дегенди унутуп коюшуп, ызылдап учкан окторго карабай, чакырууларга жетип

барып турушту. Натыйжада ошол аракеттери менен жүздөгөн өмүрлөрдү сак-

тап калышты».

Учурда Жогорку Кеӊеште вице–спикерлик кызматты аткарып жаткан

Төрөбай Зулпукаровдун эскерүүлөрү мына булар: «Кыргызстандын Социал–де-

мократтык партиясы менен мен 2010–жылдан тарта кызматташа баштадым. Ага

чейин бир да партияга кирген эмесмин. Жогорку Кеӊешке болгон шайлоолор-

до мен СДПКнын тизмеси аркылуу депутат болуп кирдим.

Партиянын лидери Алмазбек Шаршенович менен болсо биз 2010–жылдын

июнь окуялары учурунда тааныштык. Атамбаев ошол учурда Оштогу болуп

жаткан каргашалуу окуяларга абдан кабатырланып отурган экен. Бизге Ошко

барып, элди тынчтыкка чакырып, этникалар аралык мамилелерге салымы-

бызды кошуубузду өтүндү. Биз КРнын Мусулмандардын диний башкармалы-

гы–муфтияттан 52 өкүлдү алып кырдаал абдан курчуп, абал оорлошуп турган

райондорго жөнөп кеттик.

Менин бул партияга кирип, аны менен кызматташа баштаганымдын негиз-

ги себеби – кырдаалды турукташтырууга жардам берип, биздин мамлекеттин

өнүгүүсүнө салым кошуу жөнүндөгү чын жүрөктөн чыккан каалоом болду. Мен

партия менен ушул максатта кызматташа баштадым».

Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Марат Аманкулов СДПК партиясы-

нын бүткүл өлкө менен кошо жабыр тарткан райондорго гуманитардык жар-

дам көрсөтүү ишине тезинен киришкенин эскерет: «Ош окуялары башталганда

биз СДПКнын атынан кагылышуулар болуп жаткан Ош шаарына учак менен

жардам жөнөттүк. Аны жеринде таратып берүү үчүн мен жолдошторум менен

кошо бардым.

Өтө зарыл болгон тамак-аш азыктарынан – суу май, кесме ж.б. узакка сактоо-

го боло турган үч тонна гуманитардык жардамды ошол замат эле жөнөттүк.

Оштун аба майданына келип түшсөк, шаарга кете турган жол кооптуу дешти,

анткени жол куралдуу сакчылар бат-баттан аткылап турган өзбек кыштагын

аралап өтөт экен. Биз Оштун коменданты менен байланышып, коштой турган

БТР сурадык. Шаарга жетерин жетип алып, андан чыгып кетүү ого бетер азап

болду – анткени Курсан Асанов чогултуп жаткан качкындардын колоннасына

аралашып жүрө алмак эмеспиз, анда жалаӊ балдарды, аялдарды жана кары-

картаӊдарды алып чыгып жатышкан экен. Бирок биз эптеп машине менен Биш-

кекке жетип алдык».

2010–жылы Жогорку Кеӊештин V чакырылышына шайлоолор болуп өттү.

Айыгышкан катуу атаандаштык күрөштүн шартында жаӊы парламенттин ку-

рамына беш саясий партия кирди. Байкоочулар бул шайлоолордун эгемендүү

Кыргызстандын түзүлгөндүгүнөн берки тарыхында алда канча эркин, ачык

өткөнүн белгилешти. СДПК экинчи орунга чыгып, 26 мандатка ээ болду. Пар-

ламенттеги көпчүлүктүн коалициясын түзүү процессинде социал–демократ-

тар негизги ролду ойношту. Кыргызстандын учурдагы иштеп жаткан өкмөтүн

бекиткен экинчи жана үчүнчү коалицияны СДПК фракциясынын жетекчиси

Чыныбай Турсунбеков түздү.

Партиянын 2011–жылы өткөн XI съездинде СДПК өзүнүн лидери Алмазбек

Атамбаевдин талапкерлигин бир добуштан президенттик постко көрсөттү.

Съездде чыгып сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев президенттикке баруунун үстүндө

көпкө ой калчаганын айтты. Аны бул кадамга эӊ башкысы өлкө биримдигин

сактап калуу зарылчылыгы түрткөнүн белгиледи. Анүстүнө ошол мезгилде

өлкөнүн түндүгүндө да, түштүгүндө да шайлоочулар тарабынан бирдей жак-

тырылган күчтүү башка саясий фигура да жок эле. А.Атамбаев Кыргызстандын

бүтүндүгүн сактап кала ала турган кепилдик боло алмак. Андыктан анын пре-

зиденттик шайлоодо атаандаштарын ат чабым алыс таштап, ишенимдүү утуп

чыкканына таӊ калуунун деле кажети жок.

Шайлоодо утуп чыккан соӊ Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын

Конституциясы талап кылгандай, президенттик милдеттерин аткаруу маалына

карата партиядагы мүчөлүгүн токтотту. Бүгүн СДПКнын ишмердүүлүгүнө пар-

тиянын төрагасынын биринчи орун басары Чыныбай Турсунбеков башында

турган Саясий кеӊеш жетекчилик кылууда. СДПКнын республикалык штабы-

нын ишин Данияр Аттокуров координациялоодо.

Ынкылаптан кийинки өткөн үч жыл ичинде СДПК бийликтин жергиликтүү

органдарына, муниципалдык түзүмдөргө жана жергиликтүү кеӊештерге бол-

гон шайлоолорго катышты.

СДПКдан Ош шаардык кеӊешине шайланган вице–спикер Равшан Рысбаев

ырастагандай, шаардык кеӊешке болгон акыркы шайлоолордо шаар мэри ме-

нен каршылашуудан улам социал–демократтар атаандаштар менен теӊ эмес

абалда калышкан:

«Бүгүнкү күндө бизге оппозицияда иштөөгө туура келүүдө. 2012–жылдын

5–мартында шаардык кеӊешке болуп өткөн шайлоолордун жыйынтыгы менен

СДПК экинчи орунду алды. Менимче, анын себеби учурдагы бийликтин саясий

оппоненттерине ар тараптуу кысым көрсөтпөгөндүгүнүн жемиши.

СДПК Ошто бириккен (шаардык жана облустук) коомдук кабылдама ачкан,

ал жакка күн сайын өз көйгөйлөрүн айтып, ондогон кишилер келип турушат.

Биз аларга жардам бергенге аракет кылабыз. Ош шаардык кеӊешиндеги СДПК

фракциясынын депутаттары жана партиянын мүчөлөрү бала бакчаларга, бал-

дарды дарылоо мекемелерине (маселен, балдардын Аймактар аралык кургак

учукка каршы ооруканасына), карылардын «Боорукердик» жатак үйүнө ж.б.

кыйла кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүшүүдө.

Мен партиянын кадыр–баркы Ошто күндөн–күнгө өсүп жатат деп айта алам,

бул айрыкча башка айрым партиялардын таасиринин күзгүсүндө ачык байка-

лууда. Ошондуктан али да кеч эмес деп айтаар элем».

СДПК үчүн ошол эле 2012–жылдын күзүндө Бишкек шаардык кеӊешине

өткөн шайлоолордун жыйынтыгы кыйла бараандуу болду. Бул боюнча Кыр-

гызстандын борборунун шаардык кеӊешинин төрагасы Марат Аманкуловдун

пикири мындайча: «2012–жылы мага Бишкек шаардык кеӊешине болгон шай-

лоолордо СДПКнын талапкерлеринин тизмесин жана ошону менен бирге эле

шайлоо штабын жетектеп берүүнү сунушташты. Мен 2008–жылы Ленин району-

нан өз округумдагы отузга жакын талапкерлерди утуп чыгып, өз алдынча шай-

лангандыгымды айта кетишим керек. Ошондо шайлоочулар берген наказдар-

ды аткарганга абдан аракет кылдым. Башкача айтканда, шайлоочулар менен

болгон байланышты эч качан жоготкон эмесмин. Алар менен 2010–жылдагы

парламенттик шайлоолордо, 2011–жылдагы президенттик шайлоолордо да

иштештим. 2012–жылда болсо шаардык штабдын ишине жетекчилик гана кыл-

бастан, өз шайлоочуларымды тартуу боюнча да жигердүү иштедим.

Шаардык кеӊешке болгон бул шайлоолордо СДПК эӊ мыкты көрсөткүчтөргө

жетишти. Мен муну биринчи кезекте шаар тургундарынын арасында СДПКнын

кадыр-баркы бийик экендигинин натыйжасы деп эсептейм. Жаӊы чакыры-

лыштагы шаардык кеӊештин биринчи жыйынын СДПКдан шайланган биздин

депутат Лев Васильев ачып берди, анткени ал өзүнүн жаш курагы боюнча депу-

таттык корпустагы эӊ аксакал киши эле. Ал спикерлик кызматка менин талап-

керлигимди сунуштады жана аны кесиптеш депутаттардын басымдуу бөлүгү

колдошту».

СДПКдан Бишкек шаардык кеӊешине депутат Эльвира Сариева буларды бел-

гилейт: «Мага шаардык кеӊешке болгон шайлоолордо Кыргызстандын Социал–

демократиялык партиясы өз платформасына негиз кылып алган «Креативдүү

шаар» концепциясы абдан жакты. Бул мен үчүн шайлоолорго кайсыл партия

менен бараарымды аныктаган чечкиндүү учур болду...

Борбор калааны реформалоо мыйзамдарды сактоо, жарандардын коопсуз-

дугу, экономиканы өнүктүрүү жана жаӊы жумуш орундарын түзүү сыяктуу фак-

торлордун сакталышын көздөйт.

Бишкек шаардык кеӊешине болгон шайлоолордогу партиялык сунуштар-

дын уникалдуулугу мамилелерде жана каражаттарда болду. СДПКнын борбор

калааны өнүктүрүүгө багытталган программасы «Креативдүү шаар» концеп-

циясына негизделген. Бул концепцияда шаарды стратегиялык пландоонун

ыкмалары каралган жана анда адамдардын чыгармачылык менен ой жүгүртүү,

пландаштыруу жана аракеттенүү шыгы камтылган. Ал ошондой экономикадагы

креативдүү тармакты өнүктүрүүнү, анын эсебинен креативдүү тапты өстүрүүнү

камтыйт. Концепция, мындан тышкары, аны реализациялоого шаар тургунда-

рынын өзүлөрүн да массалык түрдө тартат».

2013–жылдын күзүндө СДПКнын кезектеги съездин чакыруу белгиленген.

Бул съезд жөн гана партиянын юбилейине арналган иш–чара болуп калбастан,

ал социал–демократтардын жакынкы жылдарга карата стратегиялык багытта-

рын да аныктамакчы.

 

VII глава.

Жаӊы сыноолор, жаӊы милдеттер

Бүгүн СДПК партиясынын алдында мындан аркы стратегияны аныктап алуу

маселеси турат. Апрель окуяларынан кийинки өткөн үч жыл ичинде Кыргыз-

стан экономикалык жана социалдык каатчылыктын түпкүрүнө кулоодон аман

калды. СДПКнын өкүлдөрү маанилүү роль ойногон мамлекеттик бийлик ор-

гандары өлкөнү каатчылыктын акыркы чегинен аман алып калууга кол кабыш

көрсөтүштү. Кыргызстандын бийликтеринин туруктуулукту жана тынчтыкты

сактап калуудагы ийгиликтерин баалоо үчүн акыркы кездерде ынкылаптардан

башы чыкпаган башка мамлекеттер менен салыштырып көрүүнүн өзү жети-

шээрлик.

Бирок ошого карабай, Кыргызстан жандуу өнүгүүнүн туруктуу жолуна

түштү деп айтууга али эрте. 2012–жылда Бишкекте болуп өткөн окуялар жана

ошондой эле 2013–жылы Ысык–Көлдө, Жалал–Абад облустарында болгон окуя-

лар Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кол салууга даяр саясий күчтөрдүн

өлкөдө бар экенин көрсөттү.

Кыргызстандын экономикалык абалын да туруктуу деп айтканга азырынча

болбойт. Экономикалык жактан ылдыйлоо токтотулганы менен экономикалык

негизги көрсөткүчтөр жайбаракат өсүүдө.

Өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна кантип түшүрүү керек? Кыргызстандын

Социал–демократиялык партиясы өз алдына койгон негизги собол жана сыноо

мына ушул.

Кезектеги парламенттик шайлоолорго чейин болгону эки жылдык мөөнөт

калды. Арийне, коомдогу өз позициясын күчөтүү үчүн Кыргызстандын Социал–

демократиялык партиясы өзгөргөн кырдаалга карата өзү ичинен трансформа-

цияланууга тийиш. Бирок муну кантип жасоо керек?

Кеп учугун кайрадан СДПКнын мүчөлөрүнө жана ардагерлерине берели.

Роза Отунбаева:

«СДПКдай партиянын келечеги бар, анткени ал дүйнөдөгү эӊ ири–Социа-

листтик интернационалдай бүлөсү бар классикалык үлгүдөгү партия жана эл

аралык активдүүлүк жаатында да ири мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Өсүш керек, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашып, аларды изилдеп,

жаштарды тартуу керек, жаштар канатын, аялдар канатын калыптандыруу

керек.

Партияда, тактап айтканда, бүгүнкү күндө карапайым жарандар гана эмес,

биздин өлкөдөгү кыйла бутка туруп калган ишкерлер да бар. Андыктан партия-

да да, анын парламенттеги депутаттарында да мыкты жардамчылар, мыкты

эксперттер болууга, алар мыйзам долбоорлорунун оптималдуу варианттарын

даярдоо ишине кол кабыш кылууга тийиш. Аларды каражаттарды аяп отурбай

эле тартуу зарыл. Партия реформалардын аналитикалык борборунун ролун

ойноого тийиш.

 

Мындай партиянын өзүнүн басма сөзү болуусу зарыл. Батыштагы көптөгөн

ири гезиттер жалпы улуттук болгонго чейин партияларга таандык болушкан,

муну элдин баары билет, бизде болсо бир да партиянын өзүнүн гезити жок».

Марат Аманкулов:

«СДПК партиясы жана анын келечегине келсек, менимче, партия жандуу

организм болуп эсептелет. Ал өзүндөгү жаӊыланууга, жаш күчтөрдү тартууга

болгон жөндөмүн сактап калуусу керек. Анын ичинде толук кандуу иштеген

жаштар канатын калыптандыруу зарыл. Биз Бишкек шаардык кеӊешине талап-

керлердин тизмесин түзүп жатканда анда жаш саясатчыларга да орун калтыр-

ганбыз, андан кийин ага өкүнгөн жокпуз.

Андан тышкары, СДПК партиясы конструктивдүү сынды өз убагында кабыл

алганды жана ага жооп бергенди үйрөнүүгө тийиш. Мунсуз ал өз шайлоочула-

рынан да, элден да айрылып калуу тобокелине тушугушу ыктымал».

Зууракан Каденова:

«2012–жылдагы парламенттик шайлоолор алдында партиянын лидери

Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарынын алдында өнүккөн Кыргызстанды ку-

руу боюнча татаал, бирок аткарууга боло турган милдет турганын айткан эле.

Бул милдетти турмушка ашырууда СДПКнын гана мүчөлөрү эмес, ошондой

эле элдик лидерлер, таанымал коомдук ишмерлер, жарандык активисттер,

өз ишинин устаттары биргелешип аракеттенүүлөрү керек. Башкача айтканда,

партия партияда турбаган активисттердин кеӊири колдоосуна таянууга тийиш.

Алар эчак өз аракеттерин бириктирип, бардык тармактар боюнча биргеле-

шип иш алып барышууда. Мында СДПКнын катары күн сайын анын жаратман-

дык ишмердүүлүгүн жогору баалаган, өлкө келечегин социал–демократтар ме-

нен тыгыз байланыштырган жаӊы адамдар менен толукталып турууга тийиш.

СДПК өз ишмердүүлүгүн өлкөнү каатчылыктан тынчтык жана ынтымак жолу

менен алып чыгууга, эл аралык байланыштарды чыӊдоого багытталган өзүнүн

негизги программасынын алкагында жүргүзүүдө. Анда партиянын коррупция

менен келишпес күрөшүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, ата–бабалар му-

расын жана тарыхый баалуулуктарды сактап гана калбастан, аларды андан ары

өнүктүрүүнү, улуттар, этностор ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты сак-

тоону жана бекемдөөнү, толеранттуулук принциптерин жайылтууну, өлкөдөгү

инвестициялык климатты жакшыртууну, билим берүү процесстерин интегра-

циялоону, экономиканы акыркы технологиялык инновацияларды колдонуу

аркылуу ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыган түркүктүү

принциптери жана идеялары аныкталган».

Карамат Орозова:

«СДПК партиясынын келечеги туурасында айтсак, бул партиянын калктын

оор көйгөйлөрүнө канчалык көӊүл буруусуна байланыштуу болоорун айткым

келет. Маселен, Баткен облусунун калкы үчүн бул кошуналар менен болгон чек

араларды демаркациялоо жана делимитациялоо, ошондой эле адамдар масса-

лык түрдө кетип жаткан чек арага тилкелеш айылдардын социалдык маселеле-

ри. Мен өзүмдүн депутаттык ишимде бул маселелерди алдыӊкы орунга коём,

дайыма аймакта болуу менен кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр байкоо салып турам».

Данияр Тербишалиев:

«Мен биздин партия эгерде аталышы боюнча гана эмес, маӊызы боюнча да

демократиялуу бойдон калса, мезгилдин сыноолоруна жараша жооп бере алат

деген ойдомун. Башкача айтканда, биз түркүн пикирлерге кулак төшөй билсек,

ар кимге өз пикирин билдиргенге мүмкүнчүлүк берсек деп айткым келет. Ме-

нимче, партиялык ички демократияны кеӊейтүүдө пайдаланылбаган резерв-

дер бизде арбын».

Чыныбай Турсунбеков:

«СДПК– сыноолорго жана жеӊиштерге жык толгон каарман тарыхы бар пар-

тия. Бирок бул тарых жакшы нукта уланууда! Биздин алдыбызда жаӊы чектер

турат. Биз бир жагдайды назардан алып салбашыбыз керек. Учурда Жогорку

Кеӊеште биз басымдуу көпчүлүк эмеспиз, бирок ага карабай эл бизди бийлик-

тин партиясы катары кабыл алат. Бул чоӊ сыноо, анткени адамдар бизден: си-

лер бийликке келгени карапайым калк, өлкө үчүн эмне иштерди жасадыӊар

деп сурашат.

Социал–демократтар көп жылдар бою Кыргызстандын эркин өлкө болушу

үчүн күрөшүп келишти. Эми Кыргызстан гүлдөгөн, бакыбат өлкөгө айланууга

тийиш. Учурда өлкөнү жакынкы жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы

кабыл алынган. Ал биздин да стратегия болууга тийиш жана биз аны турмушка

ашыруу үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.

2015–жылдагы Жогорку Кеӊешке боло турган кезектеги шайлоолор алыс

эмес. Прогрессивдүү жаӊылануулар артка кайтпасын десек, биз бул шайлоо-

лордо басымдуу көпчүлүккө ээ болушубуз керек. Улуттук стратегия тарабынан

аныкталган багытты сактап калууга тийишпиз. Кыргызстанга тышкы жана ички

саясаттагы туруктуулук жана мураскерлик зарыл, Россия жана башка кошуна

мамлекеттерден ишенимдүү союздаштар керек. СДПК партиясы бул туруктуу-

лукка кепил боло алат.

Эгерде биз Кыргызстаныбызды гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошо алсак,

анда биздин балдардын каны бөөдө төгүлбөгөнүн, тарткан бардык азап–тозок-

торубуз текке кетпегенин далилдей алабыз. Мен биздин партияны алдыда улуу

келечек күтүп турганына ишенем. Биз биргелешип бардык пландарыбызды

ишке ашыраарыбызга ишенем! Баарыбыз бириксек, колдон келет!»