Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Е. Строкова Виржиния университетинде иш сапар менен болду

    Билим берүү жана илим изилдөө Борборунун чакыруусу менен Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Евгения Строкова 2016-жылдын 12-18-июнунда  АКШнын Шарлоттсвиль шаарындагы Виржиния университетинде болуп кайтты.

    Иш сапарда эл өкүлү КРнын билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте билим берүүнү баалоонун жаңы методдору менен таанышты. Ошондой эле Кыргызстандан барган делегация АКШдагы эң алдыңкы иликтөө уюму болгон  «Gastl»  Борборунда да болушуп, GLASS инструментин киргизүү тажрыйбасы менен да тааныша алышты. Бул система балдардын билим берүүсүн баалоодогу жаңы эффективдүү технологияларды киргизүү менен иш алып барат.

     Мындан сырткары, бул система натыйжалуу иштеп, билим берүү системасын шарттап жаткан АКШдагы билим берүү мекемелеринде болушту. Ал жерде системаны Кыргызстанда колдонуу маселелери талкууга алынды.

    Эл өкүлү Е. Строкова  Кыргызстанга келгенден кийин  Виржиния университетинин окутуучулары Глен Муш жана Парк Муш менен мындан аркы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея