Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДП партиянын төрагасынын орун басары Сапар Исаковду туулган күнү менен куттуктады

Урматтуу Сапар Жумакадырович!


Бүгүн Сиз 42 жашка толдуңуз. Туулган күнүңүздү Сиз экинчи жолу абакта тосуп жатасыз. Биз, Сиздин партиялаштарыңыз жана тарапташтарыңыз, Сиздин тергөө учурунда да, үстүңүздөн жүрүп жаткан сот процессинде да кайраттуу жүрүм-турумуңузга суктанганыбызды билдиребиз. 

Сиздин мыйзамсыз акча же башка материалдык пайда алганыңыз боюнча эч кандай далилдерди таба алышпаса да, тергөөнүн айыптоо жагын оогону Сизди элге коррупционер катары көрсөтүп, жаманатты кылууга аракет кылып жатышканы эч бир шектендирбей калды.


Бирок алар элди алдай алышпайт! Чыныгы коррупционерлер кимдер экенин жана аларды бийлик кантип калкалап жатканын, кимдер чыныгы патриоттор экенин жана аларды өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарганы үчүн абакка отургузуп коюшканын адамдар көрүп турат.   


Биз Сизге чыдамдуулукту жана тайманбастыкты каалайбыз! Ушул кыйын күндөрдө Сиз жалгыз эмессиз -  абийир намысын жоготпогон миңдеген кыргызстандыктардын   урмат сыйы жана колдоосу Сиз тарапта экенине ишенип коюңуз. Чындык сөзсүз салтанат курат, Сиз мекендин жыргалчылыгына ийгиликтүү кызмат кыла турган күндөр дагы алдыда!


Сизге бекем ден-соолук каалайбыз!

 
КЫРГЫЗСТАНСОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ