Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча сотто кабыл алуу актысы жана аткарылган иштер туурасында маалыматтар угулду

Бүгүн, 29-июлда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланууда.


Сотто күбө катары Мамэкотехинспекциянын өкүлү Шараф Ачилдиев суракка алынды.


Суракка алуунун жүрүшүндө Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдакы жетекчиси Темирлан Биримкулов аткарылган иштердин актысы болгонбу деген суроого кызыкты.

 
«
Бизди объектини аткарылган иштердин актысы жок кабыл алган деп айыптап жатышат. Аталган акты бар беле?», - деп сурады ал.

 Күбө мындай акты жок Мамэкотехинспекция объектини кабыл ала алмак эмес экенин айтып жооп берди.