Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

суроолор жана жооптор

  • СДПК Президенттин партиясы деп эсептелет. Соңку беш жылда Кыргызстанда көзгө урунарлык кандай өзгөрүүлөр жүрдү?

    Бүгүн Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Туруктуулукту али бекем деп айтып эрте, бирок ал улуттук кайра жаралуу менен өнүгүүгө шарт түздү. Калк саны өсүп жатат – 2015-жылы 6 миллионго жетебиз!

    Адамдар мээнет төгүп, чарбасын жана бизнесин көтөрүүдө, балдарын тарбиялап, алдыларына чоң максаттарды коюуда, себеби, жаркын келечекке үмүт пайда болду. Азыр көпчүлүктү митингдер менен башка акциялар кызыктырбай калды, анткени, алар өздөрүнүн, жакындарынын жана өлкөсүнүн бакубат жашоосун камсыз кылууга умтулууда.

    Биз, СДПК активисттери, 2010-жылы берген убадабызга турдук, Кыргызстандын ички дүң продуктусу эки эсеге өстү: 2009- жылы ИДП 201 миллиард сом болсо, 2014-жылы 390 млрд сомду түздү, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 400 млрд сомдон ашаары күтүлүүдө.

    Мамлекетибизде кыйынчылыктар менен проблемалар аз эмес. Бирок айланаңыздарга сереп салып, кошуна-колоңдор менен тууган-уругуңарды эле алыңыздар, соңку 5 жылда алардын кимиси ирденип, кимиси жардыланды? Албетте, жашоосу көз көрүнөө оңолгондор көп. Алар маңдай тери менен бардарчылыкка жетишип жатканы акыйкат иш. Бирок мамлекет баарына жакшы шарттарды түзүп жатканы да акыйкат.

    Кыргызстанда үйлөр курулуп, жолдор төшөлүп, электр чубалгылары тартылып жатат. Энергетикалык ири долбоор - “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы ЛЭПтин курулушу аяктап калды, бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын дагы жакындатат. Жогорку Нарын ГЭС каскаддары курулууда. Улуттук ири долбоор - “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолу күн сайын узаруу үстүндө. Кыскасы, “Жолду баскан арбытат” дегендей, акырындык менен Кыргызстаныбызды жаңылап жатабыз.

    2014-жылдан тарта эл аралык финансы уюмдары Кыргызстанды кедей өлкөлөр тизмесинен чыгарды, өзүбүз деле кедейбиз деп эсептебей калдык. Бул биздин өлкө бутуна бекем туруп, өргө карай өнүгүүгө негиз түзүлгөнүн, өз күчүбүзгө таянып жашоого даяр болгонубузду билдирет.

    Көп нерсе алыстан көрүнөт эмеспи, тарыхый кыйырдан алганда беш жыл узак деле мөөнөт эместир, бирок биз ушул убакытта башка болуп калдык, өзүбүз да, өлкөбүз да акырындан оң жакка өзгөрдү.

    2010-жылы башкы максатыбыз – Кыргызстанда тынчтыкты орнотуу, кыйраганды калыбына келтирүү болгон. Президентибиздин улут аралык жана экономикалык саяса- тын ар тараптан колдодук, өлкөдө жана парламентте саясый туруктуулукка жетишүү милдетин мойнубузга алдык.

    Эркиндик, ачыктык жана маселени акылдашып чечүү ишибиздин негизги эрежеле- ринен болуп калды. Бүгүн Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң эркин өлкө катары аташат. Бизде көз карандысыз жана эркин ЖМКлар бар, эл өз оюн ачык билдире алат. Эркин ишкерлик үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондуктан жер-жерлерде чакан жана орто бизнес тез жанданууда.

  • Евразия экономикалык биримдигинен эмне күтөбүз?

    Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу – өнүгүүгө карай жол. Бул кадам улуттук кызыкчылыктарыбызга шайкеш келет, ошондуктан СДПК бул кадамды колдойт. ЕАЭБге кирүү менен, биз Кыргызстанды күчтөндүрүү, эгемендигибиз менен мамлекеттик көз карандысыздыгыбызды бекемдөө максатын көздөдүк.

    Интеграция артынан жашоо деңгээлибиз кыйла жогорулайт, экономикабызда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ал эми ЕАЭБге кирүүдөн баш тартуу тетири натыйжага - индустриялык деградацияга, экономиканын солгундашына, мамлекеттик карыздардын өсүшүнө алып келип, акыры нааразылыктар толкунун жаратмак.

    Евразия экономикалык биримдигине жана Бажы биримдигине кирүү – ондогон жылдарга багытталган стратегиялык тандообуз. Биздин өлкөлөр соода, маданий, руханий жана тарыхый жактан бекем чырмалышкан. Бири-бирибизге мейманчылап жана жумуштап баруу кыйла жеңилдейт. 170 миллиондук рынокко жеңил шартта киребиз. Бизге инвестиция агымы көбөйөт, жаңы өндүрүш жана жумуш орундар түзүлөт.

    Экинчиден, мындай ири аймактык интеграцияга катышуу менен өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдайбыз, ЕАЭБдин тышкы чек аралары, демек, Кыргызстандын чек аралары бекемделет.

    Өлкөнүн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү көбөйөт, анткени кыйла жеңилдиктерге жетиштик: Кыргызстан ЕАЭБден 1,9% бажы төлөмдөрүн алат, бул жылына 400 млн долларды түзөт. өлкөбүз өзүнө керек стратегия- лык товарларды (мунайзат, жыгач материалдар, темир ж.б.) төлөмсүз алат.

    СДПК өткөөл мезгилдин сөз жок башка келүүчү кыйынчылыктары артта калды деп эсептейт. Кыргызстан кыйынчылыктарда чыйралды, кандай сыноо болсо да жеңүүгө даяр. Албетте, көп нерсе мамлекетке да, адамдардын өзүнө да көз каранды.

    Биримдиктин шарттарына ыңгайлашуу мезгилинде Кыргызстанга экономикалык жардамдын негизги принциптери жана жол-жоболору иштелип чыкты. Ошентип, өлкөбүздүн Бажы биримдигине кошулуу жолунда тобокелчиликтер азаят: негизги керектөө товарларына баалар кармалып турат жана биздин жарандардын кирешелерин ББ өлкөлөрүнүн кирешелеринин деңгээлине теңөө, ошондой эле кыргызстандык товарлардын ири рынокко кирүүсү тездейт.

    2014-жылдын 24-майында Кыргызстан жана Орусия жалпы капиталы 1 миллиард АКШ долларына барабар Кыргызстан - Орусия өнүктүрүү фондун түзүү келишимине кол коюшкан. Сумманын жарымы жеңилдетилген шартта берилди. Бул каражат Кыргызстандын өндүрүштүк базасын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына багытталат. Мунун акыбети сөз жок кайтат: өндүрүш чөйрөсүндө түзүлгөн ар бир жумуш орун кызмат көрсөтүүлөр, соода жана башка тармактарда 2-3 жумушчу орунду камсыз кылат. Маселен, Казакстан Бажы биримдигине кошулгандан кийин алгачкы эки жылда 150 жаңы өндүрүштү киргизип, 100 миңден ашуун жумуш орунун түзгөн.

  • Кыргызстанда коррупцияны жеңүү мүмкүнбү?

    Жеңүү мүмкүн. Бирок коррупциянын тамыры өтө тереңдеп кеткен. Бул илдет күнүмдүк турмушка кеңири сиңип, кадыресе көрүнүшкө айланган. Президенттин чечими менен өлкөдө бул илдетке каршы күрөш кеңири жайылтылган, аны СДПК ар тараптан колдоп жатат. Кыргызстанда кол тийбестер болбой турганын коомчулукка көрсөтүү керек эле, ал кадам жасалды. Мансабы бийик кандай чиновник, кандай депутат же сот болбосун, кызматтык кылмыш кылгандар жоопкерчиликке тартылууда. Коррупцияга каршы күрөштүн биринчи этабынын маңызы мына ушунда.

    2014-жылы башталган экинчи этабында жемкорлуктун тамырын кыркуу иштери жүрүүдө. Коррупцияны алдын алган орундуу болот деген ойдобуз. Бул үчүн коррупциялык мамилелер өөрчүй турган чөйрөлөрдө ачык-айкындык зарыл.

    Жемкорлукту жоюуга заманбап маалымат технологиялары көмөктөшөт: жолдогу тартип бузууларды МАИ инспектору эмес, видеокамера тартып алышы кажет; маалымат кагазды чиновникке сааттап кезекке туруп албастан, интернет аркылуу алыстан туруп эле бир нече минутта берилүүгө тийиш; шайлоочунун добушун биометриялык маалыматтар гана коргоого тийиш, ушул жол гана добушту уурдоодон сактайт. Мына ушул себептен “Таза коом” долбоорун сунуш кылуудабыз. Аны турмушка ашыруу аркылуу төмөнкү деңгээлдеги коррупцияны кескин азайтып, адамдардын жашоосун ыңгайлуу жана коопсуз кылабыз.

    Коррупция менен күрөштө коомдук көзөмөл ыкмасын колдонуу керек. 2015-жылы СДПКнын Саясый кеңешинин чечими менен түзүлгөн Партиялык көзөмөл комитети ушундай милдетти аркалайт. Комитет кызмат орундарын ээлеген партия мүчөлөрүнүн, ошондой эле СДПКга тиешеси жок жетекчилер арасында коррупционерлерди ашкерелемекчи.

    Мындан тышкары нукура сот реформасын өткөрүүгө жол табыларына СДПК ишенет.

    Азыркы бийлик жемкорлук менен аёосуз күрөшүү жолунан тайбай турганын иши менен далилдеди. Бул болсо коомчулуктун, жарандардын мамлекетке ишенимин арттырууга негиз түзүүдө. Ишеним бар жерде ийгилик бар, акыры келип ар бир кыргызстандык жемкорлукка чыдамсыз мамиле кыла баштайт.

  • СДПК коррупция менен күрөшүүдө эмне иштерди аткарууда?

    СДПК Президенттин коррупцияга каршы саясатын ишке ашырган күч. Биз биринчилерден болуп депутаттардан кол тийбестикти алып салуу идеясын колдогонбуз. Ошондой эле коррупция иштери боюнча мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө жобону алууну да жактаганбыз. Биз өз катарыбыздагы булганган адамдардан тазаланып жатабыз жана муну үзгүлтүксүз иш тартипке айландыруудабыз. Партиянын демилгеси менен Партиялык көзөмөл комитети түзүлүп иштей баштады.

    СДПК фракциясынын антикоррупциялык мыйзамдарынын негизинде жемкорлук менен күрөштөн майнап чыгууда. Буга фактылар күбө: 2012, 2013-жылдары жана 2014-жылдын 9 айында Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыр иштеп жаткан депутаттарына карата 17 кылмыш иши, министрлик жана мекеме жетекчилерине, алардын орун басарларына карата 20 кылмыш иши, облустук жана райондук сотторго карата 31 кылмыш иши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата 340тан ашык кылмыш иши козголду. 2012–2014-жылдарда мамлекетке кайтарылган зыяндын көлөмү 3 миллиард сомду түздү

  • Азыркы убакта жана келечекте Кыргызстанда этностор аралык ынтымакка коркунуч жокпу?

    Чындыкка тике карайлы, 2010-жылдын июнь окуяларынын жарааты көпкө чейин айыкпасы анык. Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө чыныгы кырдаалга узак убакыт бою көз жумуп койгондон улам өрт чалганын көп сандаган иликтөөлөр менен талдоолор көрсөттү. Демек, ал окуянын кесепеттерин жоюу жана келечекте мындай каргаша кайталанбасы үчүн алдын алуу чаралары такай жана системалуу мүнөздө болууга тийиш.

    Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, бүгүн бардык жарандарды Кыргызстанды, өз өлкөсүнүн тарыхын жана маданиятын, мамлекеттик символдорду, мамлекеттик тилди сыйлоого тарбиялоо башкы милдет болуп эсептелет. Азыр жаңыча жарандык аң-сезимди калыптандыруу жөнүндө сөз кылуу керек.

    Өлкө түштүгүндөгү кыргыздар жана өзбектер күнүмдүк турмушта тынымсыз жакшы ымалада болушу үчүн оболу өзбек жамааттарынын өзүлөрү жашаган жеринде эле камалып, өз казанында эле кайнай бербеси үчүн жаңыча шарттарды түзүү зарыл. Статистика боюнча, ар түрдүү улут өкүлдөрү аралаш жашаган жерлерде улут аралык чыр-чатактар сейрек кездешет.

    Улут аралык ынтымак жана биримдик көбүнесе өлкөнүн экономикалык деңгээлине жана калктын жалпы маданиятына байланышкан. Бүгүн Кыргызстандын эли, биздин өлкөнү байырдаган бардык этностор “Биз баарыбыз – кыргызстандыкпыз” деген жарандык өзүн таануунун негизинде бакубатчылыкта жана жылуу ымалада чогуу жашоодон башка жол жок экенин түшүнө баштады.

  • Мамлекеттик кыргыз тилинин жана расмий орус тилинин келечеги кандай?

    Бүгүн Кыргызстанда терең ойлонулган жана заманга шайкеш тил саясаты жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик тил бардык улуттарды бириктирген уңгу жана данакер болууга тийиш. Бул жөнөкөй эле нерсе: бирдиктүү жарандык – бирдиктүү тил. Ошол эле кезде орус тилин билбей, алыс бара албайбыз. Ошону менен катар биздин балдар башка да дүйнөлүк тилдерди билиши керек, бул – мамлекеттин да, коомдун да, ата-эненин да милдети.

    Кыргыз тилинин жайылышы, аны күнүмдүк турмушта, иш кагаздарында кеңири пайдалануу колго алынууда, демек, анын келечегинен кабатырланбасак болот. Кыргыз тилине коркунуч жок. Бул тилде калктын көпчүлүгү сүйлөйт, дээрлик бардык жашоочулар түшүнөт. Кыргызстандан келечегин көргөн бардык улут өкүлдөрү мамлекеттик тилди үйрөнүүгө белсенүүдө, курстар ачылып, керектүү адабияттар жана колдонмолор басылууда.

    Кыргызстандын 2013–2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясында жана этностор аралык мамилелерди жана элдердин биримдигин чыңдоо концепциясында тил маселеси артыкчылыктуу багыт катары аныкталды. Жогорку Кеңештеги СДПКнын депутаттарынын аракеттери менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасы мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып, олуттуу каржы булагына ээ болду.

    Ошону менен катар тил – жандуу организм экенин да унутпоо керек. Ал өсүп-өнүгүп, жаңы терминдер, сөздөр менен байып, заманга шайкеш келип турушу шарт, мында адистердин жардамы зарыл. Ошондой эле кыргыз тилин окуп-үйрөнүү жеткиликтүү болсун үчүн заманбап окуу колдонмолорун даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек.

    2015–2020-жылдарга каралган республикалык бюджетке СДПКнын кеңири колдоосу аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка сөздүктөр басылып, илим, техника, бардык заманбап билим чөйрөсүндө кыргыз тилин кеңири пайдалануу иштери жүргүзүлөт.

    Улуттук стратегия биздин өлкөгө келечекте үч тилдүүлүктү киргизүүнү камтыйт. Болочокто мектептин ар бир бүтүрүүчүсү, мейли ал алыскы айылда болсун, кеминде үч тилди – мамлекеттик кыргыз тилин, расмий орус тилин жана англисче же дүйнөлүк бир тилди билиш керектиги сунушталууда.

  • Динге мамлекеттин кийлигишүүсү өзүн актайбы?

    СДПК Кыргызстанда диний ишеним эркиндиги камсыз болууга тийиш деп эсептейт. Дин мамлекеттен бөлүнгөн, дин ишмерлери жана диний бирикмелер саясый маселелерге кийлигишпеши керек.

    Ошону менен бирге мамлекеттин, коомдун жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик органдар диний чөйрөдөгү процесстерди көзөмөлдөөдөн четтебөөгө тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулуп жатса, конфессиялар ичиндеги мамилелерге кийлигишүүгө мамлекет укуктуу жана милдеттүү.

    Динди жеке пайдасына, өз кызыкчылыгына, криминалдык максатка пайдаланууга, аны саясатташтырууга жол берүүгө болбойт. Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы динге ишенгендердин диний сезимин мазактоого жол берилбеш керек деп эсептейт. Ошону менен катар эч кимге, айрыкча балдарга диний көз караштар жана баалуулуктар таңууланбаш керек.

    Диний билим берүү мекемелерине лицензиялоону киргизүү зарыл, ошондой эле аларды светтик сабактарды да окутууну мыйзамдык деңгээлде милдеттендирүү кажет.Диний мекемелерде окутуу программасын бир өңчөй кылуу сунушталууда.

    Тилекке каршы, акыркы убакта жаш мекендештерибиз Жакынкы Чыгыштагы согушка жалган диний ураандар менен азгырган айрым күчтөрдүн курмандыктары болуп калууда. Боордоштордун ич ара согушуна биздин жарандарды азгыргандардын жоопкерчилигин катаалдаштырууну сунуш кылабыз.

  • Чек ара маселелерин чечүү жолдору барбы?

    Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен талаштуу чек ара меселелери жокко эсе. Азыр Тажикстан жана Өзбекстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тараптар ар кайсы жылдардагы карталарды пайдаланып жатышат, ошондуктан чек ара сызыктары көп учурда дал келе бербейт. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, чек ара талаштары узак убакытта барып араң чечилет. Ошентсе да, сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек.

    Бир жагынан Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө биздин позициябыз бекемделет. Кыргызстан чек ара проблемаларын чечүүдө бекем жана ырааттуу позициясынан жазбашы керек.

  • Куралдуу Күчтөрүбүз өлкө коопсуздугун камсыз кылууга жарайбы? Бизге кандай армия керек?

    СДПК өлкөдө жүрүп жаткан аскер реформасын колдойт. Дүйнөдөгү окуялар, глобалдык терроризм коркунучу мамлекетибиздин коопсуздугуна жана эгемендигине башкача көз менен кароого мажбурлайт.

    Куралдуу Күчтөр күжүрмөн даярдыгы жана курал-жарагы боюнча азыркы заманга шайкеш келип, чакан жана ыкчам болууга тийиш.

    КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы түзүлүп, бирдиктүү башкаруу борборуна ээ болдук. Армиябызды заманбап курал жана техника менен жабдуу жүрүп жатат. Аскер адамдарынын тиричилик муктаждыктары акырындан чечилүүдө: Бишкекте, Ошто, башка аймактарда үйлөр салынып жатат, айлыктары көтөрүлүүдө.

    Азыртан тарта камылга көрүү менен бара-бара армияны толугу менен кесиптик негизге өткөрүүнү сунуштайбыз.

  • Эмгек миграциясы: колдойбузбу же бөгөт коёбузбу?

    Маалыматтар боюнча, жарым миллион чамалуу мекендештерибиз Орусияда, дагы 250 миңдейи башка өлкөлөрдө эмгектенип жүрүшөт. Бул турмуш чындыгы болуп калды жана аны бир заматта өзгөртүү мүмкүн эмес.

    Социалдык багытты карманган партия катары СДПК сырттагы мекендештерибиздин укуктары сакталышына кам көрүп жана таламдарын талашып жатат. Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин негизги себептери- нин бири да ушул болгон, эми ЕАЭБ аймактарында кыргызстандыктардын укуктары жакшы сакталат, эмгек рыногу да кеңири ачык болот.

    Ошону менен катар мигранттар улгайган кезде мекенине кайтканда аларды социалдык коргоо системасы болууга тийиш. Бул үчүн алардын Социалдык фондго акча чегерүү тартибин аныктоо керек.

    Келечекте көпчүлүк мигрант мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтып келип, бөтөн жерде эмес, өз жеринде иштеши үчүн шарттарды түзүү максатын көздөп жатабыз. Бул үчүн чет жердик инвестициялардын күчү менен гана түзүлө турган ири индустриялык жана инфраструктуралык долбоорлор аркылуу иш орундарын түзүү талап кылынат. СДПК алдына төмөнкү милдетти коёт: өнүгүүнүн так программасы – чет жердик инвестициялар – жумуш орундары – сырттагы мекендештерибизди жерине кайтаруу.

  • Кен байлыктарды иштетүү керекпи?

    Өлкөнү тез өнүктүрүүгө түрткү берчү жаратылыш байлыктары бизде жетиштүү.

    СДПК бири-бирине чырмалышкан төрт принципти сунуш кылат. Биринчи: жаратылыш байлыктары иштетилүүгө тийиш. Экинчи: иштетүү учурунда Кыргыз Республикасы- нын бардык мыйзамдары, айрыкча эколо- гиялык эрежелер кынтыксыз сакталууга тийиш. Үчүнчү: кен иштетүүчү жайлардан түшкөн пайда өлкө бюджетине да, жергиликтүү жамааттардын бюджетине да киреше алып келүүгө тийиш. Төртүнчү: өтө чоң салымдарды талап кылган тоокен өндүрүшүн чет жердик инвесторлорсуз жана өнөктөштөрсүз өнүктүрүү мүмкүн эмес. Демек, инвесторлордун кызыкчылыктары да корголууга тийиш, аларга карата өзүм билемдик мамилеге жол берилбеши керек.

  • Электр энергиясынын тарифтерин эмне кылабыз?

    Соңку жылдары Кыргызстандын энергетикалык тармагы рыноктук жол менен эмес, социалдык багытта гана иштеп келди. Мамлекет тарифтерди мойнуна көтөргөндүктөн, тармактагы негизги фондулар (электр өткөрүү чубалгылары, трансформатордук көмөк чордондор ж.б.) улам эскирип отуруп, жараксыз абалга кептелди.

    Шайлоо алдындагы убакта айрым саясатчылардын арзан тарифтер жөнүндө популисттик убадаларын угуп жатабыз. Курулай убадага ишенүү ар кимдин иши дечи. Бирок эртең тармак тумалак отуруп калганда ким жооп берет?

    СДПКнын позициясы – адамдарга чындыкты гана айтуу. Тарифти дароо көтөрөлү деген эч ким жок. Бирок баанын өсүшү объективдүү, биз токтото албаган процесс. Энергетикалык системаны заманга шайкеш кылгандан башка жолубуз жок, ал үчүн калың каражат салууга кудуреттүү инвесторлорду тартуу керек. Инвесторлор болсо салымы акталып, пайда көрмөйүн эч качан келбейт.

    Азыркы абалыбыздан улам мамлекет тарифтин өсүшүн сөзсүз эле токтотууга аракет кылуу ордуна калктын бардык катмарына залакасы катуу тийбегидей саясатты карманышы кажет. Мисалы, колу жукаларга ар кандай жеңилдиктерди кароо керек.

    Бул тармакты бара-бара рыноктук принципке өткөрүү зарыл, бирок анын ишин такай көзөмөлдөп, керек кезде мыйзамды колдонуу менен монополисттерди колго чаап, энергетика жана турак жай-коммуналдык тармактагы коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү зарыл. Энергия үнөмдөгөн технологияларды киргизгендерди колдоп жана сыйлоо керек.

    Мына ушундай жол менен тариф саясатын жумшак жол менен ишке ашыруу мүмкүн. Кыскасы, биринчиден, мамлекет тарифтердин кескин өсүшүнө жол бербөөгө тийиш деп эсептейбиз. Экинчиден, тарифтердин өсүшү менен жарыша калктын кирешелеринин өсүшүнө жетишүү керек. Үчүнчүдөн, тарифтерди көтөрүү аркылуу энергетикалык кубаттуулуктарды тынымсыз арттыруу зарыл.

  • Иш орундарын түзүү үчүн кандай чаралар керек?

    Жумуш орундарын бизнес жана мамлекет түзөт. Биздин партиябыз Жогорку Кеңеште мыйзам иштеп чыгып жана кабыл алуу менен жаңы иш орундарын түзүүгө жол ача алат.

    Бул үчүн СДПК дүйнөлүк тажрыйбадагы ыкмаларга басым жасамакчы:

    • Жарандардын эркин ишкердигин кубаттоо. Мамлекет адамдардын акча табышына атайылап жол тоспойт. Бизнес улам күчтөнүп отуруп, иш орундарын жаратат
    • Азыркы төмөнкү деңгээлдеги салыктарды сактоо жана бизнести коррупциядан, бийликтердин жана кара өзгөй атаандаштарынын зомбулугунан коргоо
    • Кыргызстанда өндүрүш ачып, иш орундарын түзгөндөрдүн баарына, анын ичинде чет жериктерге жеңилдетилген инвестициялык шарт түзүү Инвестиция келсе, иш орун ачылат. Инвестиция болсо туруктуулукту жактырат.
  • Жаңы конуштарды кантип шаарга айландырабыз? Жер ээлөөгө жол берүү керекпи?

    Бишкек менен Ошту курчай ондогон конуштар орун алган, бул турмуш чындыгы. Эми аларды шаарга тутумдаштыруудан башка жол жок. Бул багытта иш жүрүп жатат. 2010-жылдан бери бир катар конуштардын келбети өзгөрдү – заманбап жаңы мектептер, спорт аянтчалары, супермаркеттер, поликлиникалар, башка социалдык мекемелер пайда болууда, жолдорго асфальт төшөлүп, конуштар инженердик түйүндөргө кошулууда.

    Айрым партиялардын бардык курулуштарды, анын ичинде мыйзамсыздарын да мыйзамдаштырабыз деген популист- тик кадамдарына биз каршыбыз. Анткени, айрым курулуштар электр өткөргүч чубалгылары тартылган, же болбосо газ куурлары өткөн жер тилкелеринде жайгашкан.

    Биз жаңы конуштардын тургундары үй салам деп ээлеп алган жерин узак мөөнөткө ижарага алуу жөнүндө мамлекет менен расмий келишим түзүүсүн туура көрөбүз. Бирок зарыл шарттар менен, мисалы, ал жерди алганына он жылдан кем болбоого жана бир түтүнгө бир гана жер тилкеси болууга тийиш.

    Бирок ири объектилерди, көп кабат үйлөрдү курууга мыйзамсыз бөлүнгөн, ошондой эле борбор шаардын күнүмдүк тиричилигин камсыз кылган инженердик түйүндөр, суу түтүгү, канализация өткөн жерлерди мыйзамдаштырууга жол берүүгө болбойт.

    Ошондой эле өндүрүштүк жана айыл чарбасына багытталган жерлер боюнча да ревизия талап кылынат. Мыйзамсыз келишимдердин чыгымдарын төлөө, мүлктү мыйзамдаштыруу керек (кошумча төлөп берүү, башка жактан жер тилкесин бөлүү ж.б.у.с.).

  • Алдыдагы шайлоо акыйкаттуу болобу?

    СДПК соңку беш жылда Жогорку Кеңешке шайлоону таза жана ачык кылуу максатын көздөп, шайлоо мыйзамдарын реформалоо үстүндө иштеди.

    Биз шайлоо процессине заманбап технологиялардын, анын ичинде биометриялык маалыматтардын киргизилишин жактайбыз. Бул мыйзам кабыл алынып, азыр бардык жерлерде жарандардын биометриялык маалыматтары чогултулууда.

    Алдыдагы парламенттик шайлоого биометриялык каттоодон өткөн гана шайлоочулар катыша алат деген чечим кабыл алынды.

    Биз калыс жарыш аркылуу гана парламентке келиш керек деген позициядабыз.

  • Аймактык кеңештердеги СДПК фракцияларынын орду кандай?

    Биз жер-жерлердеги депутаттарыбызга жергиликтүү бюджеттин социалдык багытына, мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын ачык жана натыйжалуу корошуна жетишүү милдетин коюп келатабыз. Аймактар күчтөнсө – өлкө күчтөнөт. Азыр элет жери көтөрүлүп келатат.

  • Каршылаштарыбызга, оппозицияга мамилебиз кандай?

    СДПК көп жылдык оппозициячыл тажрыйбага ээ. Биз экинчи тарапта туруу эмне экенин жакшы билебиз. Парламенттик системага өтүү менен бизде цивилизациялык алкакта күрөшүү шарттары жаралды. Азыр күрөш чынында эле парламент ичинде жана башка аянтчаларда жүрүп жатат. Парламенттик оппозиция расмий трибунага ээ, чечимдер кантип ар башка кызыкчылыктагы топтордун катышуусу менен кабыл алынып жатканын коомчулук угуп да, көрүп да жатат.

    Партия парламенттеги да, анын сыртындагы бардык саясый күчтөр менен ачык диалогду жактайт. V чакырылыштагы Жогорку Кеңеште СДПК үч ирет көпчүлүк коалицияны кураганын эске салсак эле жетиштүү.

    Тилекке каршы, парламенттен тыш оппозиция стратегиялык жолдорду бөгөө, мамлекеттик мекемелерди басып алуу сыяктуу ыкмаларды колдонуу менен бийликке басым жасап келди. Азчылык ушул жол менен көпчүлүккө өз эркин таңуулоого аракеттенүүдө. Мыйзам жагынан мындай ыкмалар алгылыксыз, көпчүлүк да күрөштүн бул жолдорунан көңүлү калды.Айрым учурларда коррупционерлер сатып алган адамдарын ушундай жолго түртүү аркылуу жоопкерчиликтен кутулуу далалатын жасап жатышат. Биз мындай шантажга каршыбыз.

  • Басма сөз жазып жаткандай, жосунсуз жоругу жана жүрүм- туруму менен партияга көлөкө түшүргөн адамдарга мамиле кандай болот?

    СДПК өз катарын ыплас, булганган адамдардан тазалоо аракетин көрүп келатат. Бул иште биз мыйзамда каралгандай, күнөөсү далилденбесе айып такпоо принцибин карманабыз. Биз жалпыга маалымдоо каражаттары- нын жазганы боюнча гана бир беткей баа бербешибиз керек, анткени алардын айрымдары каршылаштарыбыздын буйруктарын аткарышат же сатылган болушу да мүмкүн.

    Биз келип түшкөн маалыматтарды Саясый кеңеште же депутатка байланыштуу болсо фракцияда талкуулайбыз, андан соң ар бир окуяны укук коргоо органдары териштирип чыгуусуна мүмкүнчүлүк беребиз. Эгер айып чындыкка төп келген болсо, анда өзүбүз мындай партиялаштарыбыздын жоопко тартылышын жактайбыз, андайларды шайлоо тизмесине киргизбейбиз же чыгарып салабыз, жооптуу кызматтарга койдурбайбыз. Ал эми күнөөсүн сот гана аныктоого тийиш.

    Партия – тирүү организм, ар кандай адамдар болот, кээси жеке кызыкчылыгын көздөп партия катарына кирип алат. Биздин артыкчылыгыбыз – өз катачылыктарыбызды ачык мойнубузга алабыз жана аларды жоюуга аракет кылабыз.

  • Балдарга каршы зомбулукту кантип токтотуу керек – биздин сунуштар

    Тилекке каршы, жеткинчектер менен өспүрүмдөргө зөөкүр мамиле коомубузда али да бар. 2012-жылы дал СДПКнын Жогорку Кеңештеги депутаттары Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алууну сунуш кылган, бул балдарыбыздын укугун коргоого кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Мыйзамдарыбыз дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келет.

    Биздин оюбузча, балдар укуктары боюнча омбудсмендин кызматын ачуу зарыл, бул болсо зөөкүр мамиледен запкы көргөн ар бир баланы калкалоого алууга көмөк болот эле. Бул маселени ар тараптан изилдеп жатабыз жана саясый программабызга киргизүү ниетибиз бар.

  • СДПКнын башка партиялардан айырмасы эмнеде?

    Бүгүн СДПК парламенттеги беш партиянын бири. Биз Президент Алмазбек Атамбаевди колдогон партиябыз. Анткени идеологиябыз бир, демек, мамлекетти өнүктүрүү жолдорун да бирдей көрөбүз.

    Иш жүзүндө СДПК – парламентте жана өлкөдө бирден бир бириктирүүчү саясый күч. Дал биздин фракция гана Жогорку Кеңеште оппозиция менен сүйлөшүп, көпчүлүк коалицияны сактап келди.

    Элестүү айтканда, бирөөлөр кайыкты чайпап жатканда биз калакты тынбай шилеп, аны чөктүрбөй турдук.

    Идеологиялык мааниден алганда – биз солчул ордо партиябыз. Атыбыз айтып тургандай, биздин принциптер ондогон жылдар бою өзгөрүүсүз келатат. Биз - калктын чабал категориясын колдогон, коомдогу бардык катмардын кызыкчылыктарын жактаган социалдык партиябыз. Биз үчүн демократия улуу дөөлөт, биз мыйзам тараптабыз.

    Дал ушул негизги принциптерге таянуу менен Президенттин багытын ири саясый партия гана ишке ашыра алат деп ишенебиз.

    Бул жол-жоболорду азыркы заманга шайкеш жүзөгө ашыруу үчүн өлкөгө жаңы идея, жаңы кан керек. Ошондуктан, биз катарыбызды жаңы замандын тамырын тарта билген жаш саясатчылар менен толуктоодобуз. СДПК жаңы лидерлердин өз күчүн сынап көрүүсүнө шарт түзүү үчүн аларды ири партия катарына тартуу программасын сунуш кылат. Биздин 25 жылдык тажрыйбабызга каныккыла, жаңы идеялар менен толуктагыла. СДПКнын оппозицияда да, бийликте да иштөө тажрыйбасы мол. Баарыбызды жакшылык жандасын!