«Мугалим» деген сөз байыртан эле адамдар үчүн ыйык саналып келген. Улуу диндердин негиздөөчүлөрү Мухаммед пайгамбарга да, Иисуска да Мугалим деп кайрылышчу.
Мугалимдин ардактуу, асыл, мазмундуу ишин биздин өлкөдө ар дайым урмат-сый менен баалап келишкен. Сиздердин педагогдук чеберликке, акылмандыгыңыздарга жана чыдамыңыздарга жараша кесипке такшалган, турмушка бышкан, ыймандуу жана адептүү муунга ээ болобуз.
Азыркы кылымда дал билим деңгээли адамдын турмуштагы ийгилигин, ал эми улуттун билими өлкө келечегин аныктайт. Кийинки жылдары мугалимди жөнү жок унутта калтырып салдык. Биз эми мугалимдик кесипке мурдагы бийик мартабасын кайтарып берүүгө тийишпиз. Ал үчүн педагогдордун турмуш деңгээлин көтөрүп, моралдык жактан да тынбай колдоп турушубуз керек. Мамлекет бул кесип ээлерине көрсөтмө иретинде эмес, чыныгы урмат-сый көрсөтүүгө тийиш. Биздин партия буга сөзсүз жетишет деп ишендире кетейин.
Эл аралык мугалим күнү менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, бейпил турмуш, тырышчаак окуучулардын көп болушун, кесиптик ийгилик жана ишиңиздерден канагат алышыңыздарды тилеймин.
Алмазбек Атамбаев,
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы
| < Предыдущая | Следующая > |
|---|