Социал-демократиялык партиясынын жолбашчысы Атамбаев саясатчыга добуш берээр алдында шайлоочу анын тоодой убадаларынан мурда өткөн-кеткенине да сереп сала кеткени оң деп эсептейт.
Шайлоого өлкөнүн номур биринчи социал-демократчы эмне “базарлык” менен келди, эгер жеңсе, эл-жерине эмне кызмат кылгысы бар? Мына ушул суроолор тегерегинде КСДП (СДПК) төрагасы менен маектештик.
- Алмазбек Шаршенович, сиз бийликке келдиңиз деп элестетели. 2007-жылдагыдай бюджетти сегиз айда көтөрө алат белеңиз?
- Эмнеге болбосун? Ал кезде мен Бакиевдин астында иштеп, төрт тарабыман кысылып турган элем да. Азыр болсо заман башка, адамдар да башка, ошондуктан, ийгиликке жетүү кыйла оңой болот. Мына, Убактылуу өкмөттө иштеген кыска мөөнөттө бажы системасын жөнгө салып, жети айда былтыркы жылга салыштырмалуу жарым миллиард ашык сом түштү. Бизде андан башка да бюджетти толтура турган тармактар аз эмес. Коррупция деген желмаянды кыскартуу менен эле миллиарддарды жакын арада казынага бурсак болот. Чынында анча акчалар мурдагы бийлик менен анын жакындарынын чөнтөгүнө куюлуп кетип жаткан да. Кыргызстан – чакан болгону менен сейрек кездешүүчү асыл металлдын түрлөрүнө жана сууга бай өлкө. Ушунча байлыктын үстүндө отуруп, кайырчынын кейпин кийүүгө же кедей жашоого акыбыз жок!
- «Атамбаев тигүүчүлүк өндүрүшүн көтөрүп, багын ачты» деп катуу мактап жүрүштү эле. Андан башка тармактарды да көтөрсө болобу?
- Көтөргөндө да кандай! Тигүүчүлөрүбүздү салыктан кутултуп, кыска мөөнөттө ачыкка чыгарганбыз. Ошондо орусча айтканда, чоң “бум” болуп, Орусияда, Казакстанда “made in Kyrgyzstan” деген кийимдердин “каны жерге тамбай” таланып турган. Анткени, биздин чебер уздар дүйнөлүк атактуу фирмалардан кем эмес тиккени бир болсо, арзандыгы эки болуп, жүздөгөн ишкерлерибиз бутуна туруп алган.
Биздин партиянын программасында чакан жана орто бизнести тез арада көтөрүүнүн жолдору айкын чагылдырылган. Орто катмар түзүлгөндө гана коомдо такай туруктуулук пайда болот. Анткени, колунда иши бар, келечеги көрүнүп турган адамдар жөн эле көчөгө чыгып ызы-чуу салып, ар кайсы кыянатчыл күчтөрдүн куралы болушпайт.
Кыргызстан – чакан мамлекет, бизде “гигант” бизнеске дээрлик шарт жок. Бирок, тейлөө, кызмат көрсөтүү сыяктуу чакан ишкердикке өтө ыңгайлуу жагдай түзүлгөн. Менимче, орто жана чакан бизнеске колдон келишинче салыктык жеңилдиктерди берүү керек. Бир-эки жыл арасында алар чыйралып алгандан кийин мамлекетине акыбети жүз эселеп кайтып келет.
- Программаңыздар качан иштеп баштайт?
- Биздин эсеп боюнча, 9 айга жетпей алгачкы натыйжалар көзгө көрүнөт. Кийинки жылдын жайына карата элибиз биздин партиянын аракетинин үзүрүн байкай баштайт. Мындай да, азыр мурдагыдай “жел” убада менен элди алдай албайсың – эртең эле “айтканың кана?” деп сурайт. Ошону сезбегендер ишке ашпай турган убадаларды берип жатышса керек. Биз “эптеп эле өтүп алайынчы, анан көрө жатарбыз” деген кезден өткөнбүз. Ачыгын айтайын: өзүнүн 17 жылдык тарыхында КСДП (СДПК) колдон келишинче убадасынын өтөөсүнө чыгып келатат.
- Сизди “2007-жылы Бакиевге сатылган” деп сындап жүрүшөт го...
- Жарышта негизги атаандашын чалуу үчүн жакшыны да жаман деп көрсөтсө жарашса керек го. Эми ушунча болгон соң артка бир кылчаялы. 2006-жылы ноябрда оппозиция К. Бакиевди парламенттик Конституцияга кол коюуга мажбурлады. Бирок Бакиевдин тандемдеши премьер Кулов түшүнүксүз “оюн ойноп”, акыры жаңы жыл алдында Бакиев кайра президенттик Конституцияны калыбына келтирди. Андан кийин Бакиев тандемдешин эки жолу парламенттин колу менен кулатып, жолго салды. Ызаланган Кулов 2007-жылы апрелде «бийликти тынч жол менен өткөрүп алам» деген түшүнүксүз ураан астында адамдарды Ала-Тоо аянтына чыгарды. Келгендер Бакиев качан тынч жол менен бийликти Куловго өткөрөт деп күтүп жадашты. Ошол маалда Бакиевди жактаган миңдеген жаштар Жогорку Кенештин алдына жыйналды. Абал абдан курчуп, мына түндүк-түштүк жаңжалы чыгайын деп калды.
Ошондо Докем (Дооронбек Садырбаев – ред.) мага келип, «айланайын Алмаз, баарын жыйыштыр да, чакырган кызматына бар. Көрөсүң го, эки жыл өтпөй, түндүгү болсун. түштүгү болсун, лидер сөрөйлөрдүн анык жүзүн көрүшөт, азыр өлкөнү сактап калыш керек» деп суранды. Ошентип, мен баарына кайыл болуп, премьерликке макул болдум. Ал чечимим үчүн мен азыр да сыймыктанам, анткени өлкөнү жарандык согуштан сактап калууга саясый чоң салымым болгон. Ошол маалда элдин башын айландырып, алып келген авантюристтер кайда эле? Элине караан болуп тургандын ордуна жылуу жерде башын катып отурган болучу.
- Сиз былтыр президенттик шайлоо жыйынтыкталайын деп калганда талапкерлигиңизди капыстан алып салганыңыз да эмгиче табышмак…
-. Ачыгын айтканда, менин штабымдын жетекчилиги тарабынан жасалган чагымчылдык, а мүмкүн, чыккынчылык болгон. Кыязы, аны “бакиевчилер” жакшылап “ийлеп” коюшса керек, болбосо, мынча ыплас ишке эмнеге бармак эле? Мыйзам боюнча, добуш берүүгө үч күн мурда гана талапкерликти алууга болот. Мен ошол күнкү пресс-конференцияда шайлоодо жеңгенибизди, бирок жер-жерлерде туташ бурмалоолор жүрүп жатканын айтканмын. Талапкерлигимди аларымды штаб башчысынан уккам.
- Бул жолу шайлоо кандай өтөт деп турасыз?
- Биз таза шайлоо үчүн 17 жыл бою күрөштүк. Кыргызстандын тарыхында нукура демократиялык шайлоо болот деген үмүт бар. Бул жолку шайлоонун тарыхый мааниси - биз парламентти гана эмес, Кыргызстандын келечегин, тагдырын тандап жатабыз. Ошондуктан, добуш берүү алдында ар ким кооз сөздөр менен убадалардан мурда партиянын, анын лидеринин буга чейинки кылган иштерине, адамдык парасатына бир сыйра көз таштап койсо деген тилек бар.
- Кыргызстанда шайлоо болоордо эле Орусияга чапкылашат. Сиз да бир канча жолу орус премьери Путин менен кездештиңиз. Бул эмне, модабы?
- Мен үчүн мода эмес. Кыргызстан Орусия менен кызматташууга жана достошууга милдеттүү да, акылуу да. Тарыхый жалпы тагдырды баштан кечирдик, анын үстүнө Орусия бизге чоң инвестиция алып келип жатат. Путин менен бир нече ирет кездештим, ал Кыргызстанга баш-аягы 30 млн. доллар, андан тышкары 20 миң тонна күйүүчү-майлоочу май жардам берди. Биз Орусияны кыйналганда эле каралашкан жапакеч өлкө эмес, шериктеш катары кабыл алышыбыз кажет. Мисалы, бул держава менен биргеликте Нарында 15тен 20га чейин ГЭС курабыз, андан тышкары илгеркидей сатып алуу контораларын ачабыз. Алар дыйкандарыбыз өстүргөн продукцияны талаага калтырбай сатып алып турмакчы.
- Алмазбек Шаршенович, согуш ардагерлерибиздин саны суюлуп барат, кээсинин үйү жок, башка да көйгөйлөрү толтура…
- Албетте, кыйналган ар бир карыябызды көргөндө көзгө жаш тегеренет. Мен аларды бөпөлөп алуу гана керек деп эсептейм. Өзүмдүн атам да кан майданга барган. Алардын пенсиясы совет доорундагыдай болууга тийиш. Менин атам менен апам экөө биригип, 80 рубль пенсия алышчу, ошол пенсиясы менен мени Москвада окутушкан! Партиябыздын программасында пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү жашоо минимумунан ылдый болбоого тийиш деп турат жана аны биз сөзсүз аткарабыз!
- Акыркы эки жылда Садыркулов, Шаботоев, журналист Павлюк, дагы башка чуулгандуу киши өлтүрүүлөр катталды. Жаңы бийлик “заказчылардын” атын атайбы?
- Эми “заказчылары” табышмак деле эмес, өткөн бийлик да. Аталган кылмыш иштеринин бир тобу ачылды. Эми биз демократиялык коом курабыз деп белсенип турганда ар ким өз ишин жасаганы туура болор. Ким заказ берди, ким аткарды – анын баарын сот атайт.
- Окурмандарга каалооңуз?
- Биз талапкер эмес, тагдыр тандаганы турабыз. Бул шайлоо кыргызды чачпастан, кайра баш коштурсун. Кыргызстаныбыз кичине мамлекет, ошондуктан анын тагдыры менен ойнобойлу деп бардык саясатчыларга жана шайлоочуларга кайрылат элем. Апрель менен июнда жүздөгөн мекендешибиздин каны акты. Ошол бизге жетет. Эми айылыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун демекчимин! Баарыңыздарга жакшылык каалаймын!
Маектешкен Мурат КОНОЕВ
| < Предыдущая | Следующая > |
|---|