Социал-демократиялык фракциясынын депутаты Э.Иманкожоева “Кумтөр” кенинин экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздугуна баа берүү үчүн эксперттердин кеңешмесин өткөрдү. Ага америкадан келген эл аралык эскперт Роберт Моран да катышты.
Дүйнөнөн 40 өлкөсүндө тоо-кен экспертизасын өткөргөн окумуштуу эми Кыргызстандагы кен казуу тармагын да изилдөөгө ниеттенгенин аныктады. Кыргызстандагы башка эксперттердин слайд-шоу жана башка булактарына караганда кен казуудагы калдыктар, сакталышынын калпыстыктарынан улам, бүтүндөй өлкөдө экологиялык чоң коркунуч турганы тастыкталды.
Ал эми депутат Э.Иманкожоеванын айтуусунда “Кумтөр” кенинде буга чейинки өткөрүлгөн экспертиза адистерди толук ынандырбайт. Быйыл түзгөн парламенттик комиссиянын ишмердүүлүгү да натыйжа бере элек, анткени алардын курамы геология тармагынын адистери эмес. Азыркы саатарда депутат айым Өкмөттүк комиссия түзүү сунушу боюнча премьер-министр А.Атамбаев менен сүйлөшүүдө. Эгерде “Кумтөр” боюнча Өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын башында депутат Э.Иманкожоева турса, Роберт Моран экспертизага керектүү бардык жабдыктары менен кылдат аныктамак.
| < Предыдущая | Следующая > |
|---|