Кыргызстандыктар кимге ишенет?

Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы калктын маанайын «М-Вектор» көз карандысыз изилдөө агенттиги иликтеп келет. Иликтөөнүн экинчи айлампасы 2010-жыл, сентябрдын 5инен 11ине чейин жүргүзүлдү. Бизде эл партияларга эмес, алардын жол башчыларына добуш берери баарыбызга белгилүү. Муну «М-Вектордун» иликтөөсү да тастыктап турат. Бүткүл өлкө боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын карап көрөлү.

Ошентип, «Коомдук жана саясый ишмерлердин кимисине ишенесиз?» деген суроонун жоопторуна ылайык, алдыңкы он партиянын башчылары төмөнкүдөй катарга тизилет.

Августтун аягындагы сурамжылоого салыштырганда, саясатчылардын тизмедеги орду анча деле өзгөрүп кетпептир. Бир гана коммунист И.Масалиев 5-орундан 8-ге түшүп калган. Эл ишенимине ээ болгондордун көч башында мурдагыдай эле А.Атамбаев келатат.