- Токтогул Туманович, сизди Кыргызстандын жараны катары биринчи иретте эмне тынчсыздандырат?
- Экономикабызды өнүктүрүп, социалдык маселелерди чечүүдө сөзсүз түрдө мыйзам өтө таза, туура иштеп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык бир топ иш-аракеттер кагаз жүзүндө гана эмес, реалдуу аткарылуусу зарыл. Качан гана мамлекетте экономика өнүгүп, социалдык маселелер чечилгенде алдыга жылуу, өзгөрүү болот.
- Акыркы убактарда "Ош, Жалал-Абадда жаңжал чыгат экен" деген кептер айтылууда. Азыр, Жалал-Абадда абал кандай?
- Акыркы убактарда эл дүрбөлөң түшүп, "Ош, Жалал-Абадда жаңжал чыгат" деген кептер эл арасында айтылып жатканы чындык. Азыр Жалал-Абадда абал жакшы болгону менен "толук стабилдешти" деп айтуудан алысмын. Себеби, эл арасында кооптонуу сезимдери дагы деле тарабай, карапайым калктын ою эки аранжы болуп турат. Июнь айындагы болгон окуялардан кийин, мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү деп ойлойм.
- Алдыдагы парламенттик шайлоо тынч, таза өтөт деп ишенесизби?
- Албетте, шайлоо алдында ар кандай үгүт иштери жүрүп, элдин назарын өзүнө бургусу келген партия лидерлери, ар кандай амал менен иш алып барууда. Ошентсе да, "эл эми алданбайт" деген ишеним күч. Эгерде, баардык жерде мыйзам негизинде шайлоо өтсө, эч кандай бурмалоолорго жол берилбесе, Кыргызстандын ар бир атуулу шайлооого барып, мамлекетибиздин кең келечеги үчүн өз добушун берсе , парламенттик шайлоо таза өтөт.
- Сизди "КСДП" партиясы чакырдыбы же өзүңүз ушул партияны тандадыңызбы? Дегеле башка партияларды эмес КСДПны тандаганыңыздын себеби эмнеде?
- Кыргызстан социал- демократтар партиясына эч кимдин чакыруусу жок эле, өзүм келдим. Бул партияга баруудан мурда бардык партиялардын программалары менен таанышып чыктым. Ошончо партиянын ичинен мага КСДПнын программасы жакты. Аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечегине кам көрүп, мамлекетти алдыга жылдыра ала турган инсан. Анын ишмердүүлүгүн айтпасам да эл билет. Ошондуктан эл үчүн, таза иштеген лидерине жана калктын жашоо-турмушун жакшыртууга үндөгөн программасына карап, КСДП партиясынын курамына кирдим.
- Бул жашоодогу эң негизги максатыңыз?
- Ар бир адамдын жашоодо эн негизги максаты болот. Албетте, азыркы учурда Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын максаты, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, өстүрүүгө өз салымын кошуу болсо керек. Мен да мамлекетимдин келечеги кең, экономикасы өнүккөн, элдери ынтымакта жашаган өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылуусун каалаймын, жана максат кыламын.
Бурул МУСАБЕКОВА
| < Предыдущая | Следующая > |
|---|