Түштүк: өнүгүүгө карай үч кадам

Эмне үчүн соңку жылдары түштүктө жаңы ири ишканалар өтө аз курулду? Мунун себеби жөпжөнөкөй. Өлкө башчылары «өз адамдарына» же чоң өлчөмдө пара берген куруучуларга гана жол ачып турчу. Инвесторлордон миллиондогон доллар акча талап кылышканын мен билем! Башка өлкөлөрдө фабрика ачам дегендерге ар түрдүү жеңилдиктерди беришет. Бизде баары тескерисинче. Бирок эми жагдай өзгөрдү. Түштүктү көтөрбөсөк болбойт! – дейт СДПК талапкери Асилбек Жээнбеков. Бүгүн ал өлкөнүн түштүгүн социал-демократтар кантип өнүктүрмөкчү? деген окурмандардын суроосуна жооп берет.

БИРИНЧИ КАДАМ: «ЖАңЫ ѲНДүРүШ»

Түштүктө бул кишини тааныбагандар жоккоэсе. Асилбек Жээнбеков – ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,парламентте каржы жана бюджет комитетинде иштеген. Ошондуктан кырдаалды жакшы билет. Өлкөнүн түштүк облустарын гүлдөгөн аймакка айлантуу мүмкүнчүлүктөрү көп экенин көрүп турат. Түштүк региону мамлекеттин көмөгүн күтпөстөн, тескерисинче, өлкөнү өнүктүрүүгө зор салым кошсо болот. Эли эмгекчил, бай жашаганга татыктуу Эмне жетишпейт?

- Түштүктүн эң оор көйгөйү жумушсуздук менен жакырчылык экендиги жалпыга белгилүү. Азыр өлкөдө каатчылык, азык-түлүк кымбаттап кеткен. Мамлекеттин ресурстары чектелүү, ошондуктан ар бир тыйынды эсеби менен иштетүү зарыл. Бюджеттеги акча чоң киреше алып келе турган көптөгөн өндүрүш ишканаларын ачуу үчүн көмөктөшүүгө жетет. Албетте, долбоорлорго каражаттын негизги бөлүгүн инвесторлор өздөрү жумшашы керек. Азыр бул аймакта продукциянын кайсы түрлөрү эң көп керектелери даана белгилүү. Демек, эгер буга чейинкидей пара сурабаса, инвесторлорду тартууга болот, - дейт ишенимдүү түрдө Жээнбеков. – Биз өнөр жай ишканаларын калыбына келтирип, жаңыларын курууга тийишпиз. Бул – түштүктү ыкчам өнүктүрүп, байытуунун биринчи кадамы. Кайсы завод, фабрикалар керек? Биринчиден, курулуш  материалдарын чыгаруучу завод. Мисалы, Ош облусунда эки цемент  заводу иштейт. Түштүктө он чакты цемент заводун курганга ылайык  жерлер бар. Буларды курсак, бүтүндөй Борбор Азия базарында сурала турган, сапаты жогору цемент өндүрүүгө болот.

Дүйнөдөгү экономикалык каатчылыктын айынан бул заводдор азырынча курулбай турат. (Азыр Казакстанда суроо-талап төмөндөп кеткендигине байланыштуу Канттагы цемент-шифер заводу 30 % кубаты менен иштеп  жатат). Бирок каатчылык  аяктады, эми курулуш материалдарына суроо-талап өсөрү бышык. Өзүбүздүн курулуш материалдардын зарылдыгы айрыкча июнь окуяларынан кийин билинди.

Көптөгөн үйлөрдү жана башка объектилерди кайрадан куруу керек. Жакында Камбар-Ата ГЭСин курууга да цемент абдан көп талап кылынат. Экинчиден, түштүктө жер семирткич өндүрүүчү  ишканалар зарыл. Азыр жер семирткичти сырттан ташып келип жатпайбызбы.

Үчүнчүдөн, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун арттыруу же жаңыларын куруу керек. Жашылча-жемиштерди эле эмес, пахта, тамеки ж. у. с. техникалык өсүмдүктөрүн да өзүбүздө иштетишибиз зарыл. Ошто жибек комбинаты токтоп калганга чейин токуу өндүрүшү күнү-түнү тынбай жүрүп турчу.

Азыр болсо сапаты эң мыкты деп таанылган биздин пахта менен жибекти Кытайга, Түркияга ташып кетип, кайра бизге кеңири керектелүүчү товар кылып келип сатышат. Совет доорунда Кыргызстан пахтадан, жибектен жана жүндөн жасалган кандай сонун, таза кездемелери менен таанылган эле! Биз жүндү өнөр жайда иштете албай калдык, селекциялоо аркылуу алынган уяң жүндүү асыл тукум койлорубуз азыр жок болуп кетүү коркунучуна кабылган.

Токуу жана башка өндүрүштөрдү кайрадан жандандыруу керек. Бирок, тилекке каршы, совет мезгилиндеги эң сонун байлыгыбыздан – ири айыл чарба ишканаларынан кол жууп калганбыз.

Бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар: бүтүндөй өлкө боюнча сатып алуучу кооперативдер тармагын түзүү керек. Мамлекет бул ишке түрткү берип, уюштуруу, эң аз проценттүү насыя берүү жагынан көмөктөшүүгө тийиш. Ошондой эле иштин башталышында мамлекет бизде өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын керектөөчү чет өлкөлөрдө сертификаттоо түйшүгүн өзүнө алышы керек (бул – көп акча талап кыла турган, оор, бирок абдан маанилүү процесс). Бул тармакта ири ишканаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү дагы бир чара – айыл чарбада иштетилүүчү жерлерди туура пайдалануу. Азыр бул фондго өлкөдөгү айыл чарбада пайдаланууга жарамдуу жердин 25%и карайт. Мунун кыйласы жакшы пайдаланылбай жатат. Бул жерлерди майда фермаларга кертип берүүдөн пайда чыкпайт, андан көрө заманбап технологияларды колдонгон, рентабелдүү ири агроишканаларды уюштуруу шарты менен өткөрүп берген оң. Майда фермалардын азыр колдонуп жаткан ыкмасы кыртыштын жакырланышына гана алып келет. Дыйканчылыкка жарамдуу жер бизде аз. Дан эгиндерин өстүрүүдөн пайда аз. Техникалык өсүмдүктөргө артыкчылык берүү керек. Анткени бир гектар жерге айдалган эгинди эки киши карайт, ал эми ошончо эле аянтка пахта өстүрсө, он киши жумуш менен камсыз болот. Эгер кооперациялар түзүлүп, ири агроишканалар курулса, техникалык өсүмдүктөрдү иштетүү маселеси түштүктө эле эмес, бүтүндөй өлкөдө чечилмек. Түндүктө кант кызылчасы өстүрүлөт, бирок кант заводдору банкрот болуп, кантты сырттан ташып келип жатабыз. Эмне үчүн?  Совет доорунда Кыргызстан кантты өзүнө эле жетиштүү өндүрбөстөн, кошуна республикаларды да камсыз кылып турган. Мен адис катары азыркы жагдайдан ирилештирүү аркылуу чыгууга болорун көрүп турам. Башкача айтканда, кант кызылчасын өстүрүүчү фермерлер заманбап технологиялуу кант заводдорго ээлик кылышы керек. Мамлекет дыйкандардын ассоциацияларга биригишине көмөктөшүп, тың чарбакерлерге кайра бөлүштүрүү фонддорундагы жерлерден жетиштүү  аянт ажыратып берүүгө тийиш. Ассоциациянын кепилдиги менен завод курууга 6 жылдык мөөнөткө процентсиз насыя берүү керек. Европада жана Америкада бул маселелерди бир кезде ушундай жол менен чечишкен.

ЭКИНЧИ КАДАМ: «БИЙИК ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ КОЛДОО»

Түштүк жергесин өнүктүрүүнүн дагы бир шарты – бул бийик тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште кабыл алуу. Эмне үчүн мал багууга жайыттарыбыз жетиштүү болсо да, эттин кыйласын Кытайдан ташып келип жатышат? Эмне үчүн сырттан келген азык арзан? Бул жагдайды жөнгө салууга да кайра соодалоочу-сатып алуучу кооперациялар, ошондой эле тоолордогу малчылар үчүн алгылыктуу насыя системасы шарт түзөр эле. Азыр тоолуу аймактардагы фермерлер малын негизинен сатуу үчүн эмес, негизинен аш-тойлордо союу үчүн багат. Алардын чарбасын базарга ыңгайлаштыруу зарыл. Бул багыттагы программада тоолуу аймактарда жолдорду оңдоо, куруу, калктуу конуштарды свет, суу ж. у. с. менен камсыздоо боюнча мамлекеттин милдеттенмеси белгилениши керек. Айрыкча Баткен облусунда жол маселеси оор, кошуна республикалардын анклавдарын айланып өтүүчү жолдорду курбасак болбойт. Кыргызстандын айыл чарбасы химиясыз, экологиялык таза азыктарды өндүрүү менен атаандаштарынан озо алат. Мындай азык-түлүккө суроо-талап дүйнө жүзүндө өсүп баратат, демек, биз өндүргөн азыктар бардык өлкөлөргө сатылышы керек. Бийик тоолордо багылган малдын эти экологиялык тазалыгынан тышкары өзгөчө даамы менен да айырмаланат. Бизде өндүрүлгөн эт Өзбекстан менек Казакс танда жергиликтүү азыктан кымбат сатылып жатканы бекеринен эмес.

үЧүНЧү КАДАМ: «СУУ – БИЗДИН БАЙЛЫГЫБЫЗ»

Акырында, түштүктүн келечекте агрардык -индустриалдык өнүккөн аймак болушунун эң зор  мүмкүнчүлүгү суу энергетикасына байланышкан. Камбар-Ата-2 ГЭСинин улам жаңы агрегаттары (андан соң 2-ГЭСин да!) ишке киргизилген сайын биздин аймакта свет арзандай берет. 20 жыл ичинде биз Өзбекстан жана Казакстандан энергетикалык көз карандысыздыкка жете албадык. Алар каалаган убакта эч кандай зыян тартпай, бирдиктүү системадан чыгып кете алат. Эгер алар ушинтсе, электр энергиясын экспорттоо дарамети бар туруп, Кыргызстан өзү свети жок калышы ыктымал. Биз ушул мезгил аралыгында атүгүл Түндүк менен Түштүктү көз карандысыз электр линиясы менен туташтыра албадык. А бул эң зарыл!

Бийликке келер замат светти арзандатабыз деген сөз – бул жоопкерчиликсиз адамдардын калпы. Кандай гана партия түзбөсүн, эч кайсы өкмөт муну жүзөгө ашыра албайт. Чыккан жериндеги баада берсе, эскирип бүткөн электр чубалгыларын кайсы акчанын эсебинен алмаштырат да, жаңы электр станцияларын курууга каражатты кайдан табат? Бирок Камбар-Ата долбоорунун жүзөгө ашырылышына жараша тарифтер төмөндөй берери анык. Ошондо отундун башка түрлөрүнө муктаждык да азайып, өнөр жайды өнүктүрүүгө зор түрткү берилет.

Акырында, жаңы электр станциялары ишке киргизилсе, бюджетке салыктан түшүүчү акча да көбөйүп, Түштүктө жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга жумшала баштайт. Ушул үч кадамды жасасак, Ош, Жалал-Абад  жана Баткен облустары дүркүрөп өнүгүп, бай аймакка айланат. Ошондо жаштарыбыз жумуш издеп шаарларга кетпей, тескерисинче, биз жакка келүүнү каалагандар  көбөйөт, - дейт Асилбек Жээнбеков.