7-апрелдин баатырлары социал-демократтар менен!

Бүтүндөй кыргыз калкына кадыры күчтүү Кыргызстан социал-демократиялык партиясына ишеним арткандардын саны өтө эле көп. Себеп дегенде, бул партиянын жана анын лидери Алмазбек Атамбаевдин элдин көкүрөк муңун уга да, көрө да, чече да билген артыкчылыгы бар. Кыйналган тарапка ар дайым боор тартып, арка-бел болуп, үмүт отун жандырган 20 жылдан бери социал-демократтарды баштап келе жаткан Алмазбек Атамбаевге кыргызстандыктардын ишеними өтө зор болуп турат. 7-апрелде Бакиевдердин огуна төшүн тосуп берген баатырларыбызды бийлик кумарына берилген, кресло көздөрүнөн учуп жаткан көпчүлүк партиялар ошол замат унутта калтырса, Алмазбек Атамбаев аларды унуткан жок. Шейит кеткен эр-азаматтарыбыздын жакындарына да, жаракат алган жигиттерибизге да ар дайым жардамын көрсөтүп келет. КСДП (СДПК) партиясынын алдыңкы тизмелеринде да дал ошол 7-апрель окуяларынын баатырлары орун алышкан. Элдик көтөрүлүштө ар кандай жаракаттарды алышкан 520 адам жакында эле "Айкөл Ала-Тоо" деп аталган коом түзүшүп, кыргыз саясатчыларынын ичинен Алмазбек Атамбаевдин аларга көрсөткөн камкордугуна ыраазы болушуп, өз баатырларын унутта калтырышпаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясын колдоорун билдиришкен. Жакында эле Чолпон-Ата шаарында ошол коомдун айрым мүчөлөрү КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлер менен бирге көлдүктөр менен жолугуп, Кыргызстандын келечеги, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу ой бөлүшүштү.

Кошой Абдыбаев, "Айкөл Ала-Тоо" коомунун Ысык-Көл облусу боюнча координатору:

- Биз 7-апрелде Ак үйдөн ок жейбиз деп ойлогон эмеспиз.Жөн гана адилетсиздикке, коррупцияга каршы болгон үнүбүздү, элдин кыйналып бүткөнүн айталы дегенбиз. КСДПнын башкы кеңсеси болгон "Медиа Форумга" Бакиевдин айдактама күч органдары күч колдонду. Акаевдин таяктары аз келгенсип, беш жылдан бери Бакиевдин токмогунда келе жаткан араң турган эл ошондо катуу жарылды. КСДП партиясынын миңдеген мүчөлөрү баш болгон эл толкуну Ак үйдү көздөй агылды. Ак үйдөн алардын арыз-арманын уккандын ордуна элге карай ок атышты. Ошондо окко учуп, канжалап жаткандарды көрүп, коркуу сезими калган жок.

Мына, Ысык-Көлго ошол жерден жарым жан болуп тирүү калгандардан алтообуз келдик. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышабыз деп, ошол кан төгүүгө көмөктөш болгон айрым адамдар элдин башын айландырып, баягы көнгөн адаттары менен акчага сатып алгылары келип жатат. Урматтуу жердештерим, акчага алданып, добушуңарды сатпагыла, андайлардын колуна кайра түшсөк, мамлекет жоголот! Андан көрө А.Атамбаевдей боорукер, ак жүрөк адамды ээрчип, анын СДПК деген таза партиясына добуш бергиле!

Чолпон-Ата шаарындагы бул жолугушууга Ак үйдүн үстүндөгү кырчындай жигиттердин өмүрүн бирден терип аткан снайперлер менен атышып жатып, оң ийнинен айрылган көзгө атар мерген Данияр Аширалиев да келди. Ал 4 жолу оор операцияны башынан өткөрүп, жумалап эсине келбегендиктен, Москвага чейин барып дарыланып келди. Бирок жарааты дале толук айыга элек экен. Даниярдын үмүтүндө Кыргызстандын келечеги А.Атамбаевдин колунда.

Элдик революцияда снайперден майып болгон Данияр Аширалиев:

- Урматтуу мекендештер, сиздер менен тирүү көздөшүп жатканыма жетине албай турам! Өлүм деген көз ирмемде эле болоорун реанимацияда жатып, араң эсиме келгенде сездим. Жашоодон кыйналып, баарыбыз коркуп-үркүп жан сактагандан тажап, чыдабай калганда толкундоого чыкканбыз. Ак үйдүн үстүнөн бизди атып жаткан жалданма снайперлерге кыжырым келип, мен да атыштым. Оң ийним талкаланып, күң жилигимдин эти шылынып калды. Эти качан толот билбейм. Эми Германияга барып аны салдырып келем го.

Менин айтаарым, Кыргызстанда Алмаз Атамбаевдей ак жүрөк адам жок экенине көзүм жетти. Биз ооруканада жатканда биринчилерден болуп барып: "Чыдагыла, биз барбыз, сакайып кетесиңер, чыныгы баатырлар кайраттуу болот" - деп дем берип, ок тийген колумдан өөп кеткен эле. Мага ошол күн, ошол көрүнүш өмүр бою көз алдымда тартылат. Анткени кыйналып жаткандагы сураган аманчылык баарынан жогору экен. Бул адам өз элинин чыныгы уулу экен. КСДПдан ЖКга депутаттыкка сунушталган Ысык-Көл районунун кулундары Рита Борбукеева менен Бактыбек Чалжановдой таза талапкерлерибизден көп нерсе үмүттөнүп жатабыз. Алар да лидери А.Атамбаевдей болушун тилейт элек. Ал адамдан сабак, үлгү алышсын. Биз баарыбыз аларды колдоп, 10-октябрда ушул КСДП (СДПК) деген партияга добуш берүүгө чакырам. Анткени биздин бакубат келечегибизге, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө Атамбаевдин гана тажрыйбасы, эл аралык аброю кепилдик бере алат!

Данияр баатыр ооруканада жатканда А.Атамбаевден кийин Т.Сариев да абалын сурап кеткенин кошумчалады.

Чолпон-Ата шаарына чогулган көпчүлүк бир чети баатырларга боор толгоп, мууну бошоп, көз жаш алып турса, экинчи жагынан А.Атамбаевдин жарадарларга, өз элине жасаган урматтоосун узун сабак кылып, биринен сала бири айтып, ыраазы болуп жатышты.

Ал эми Бостери айылынын аксакалы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Шопоков Кудаш аксакал Ак үйдүн алдынан майып болгон кыздар-балдарга тилегин айтып, КСДПдан депутаттыкка аттанып жаткан айылдаш уулу Бактыбекке жана көлдүн келини Ритага ак батасын берди.

Элдик көтөрүлүштүн баатырлары болгон Данияр Аширалиев (снайпер менен атышып, жаракат алган) жана күрмөнтүлүк Румен Асенов жана Ак үйдүн маңдайына желек көтөрүп чыкканда снайперден сол колунун ортонунан жана оң бутунун манжаларынан ажыраган Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу Назира Закирова шайлоо алдында добушун эмитеден акчага сатып жаткандарга кейип турганын айтты. Алар бул көрүнүштү облустарды кыдырып жүргөндө байкагандыктан Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзамдуу чара көрүшүн талап кылаарын билдиришти.

Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылындагы жолугушууда А.Атамбаевдин партиясынан ЖКга депутаттыкка ат салышып жаткан Рита Борбукеева менен Бактыбек Чалжановдор шайлоо алдындагы программалары менен да тааныштырышты.

Рита Борбукеева. ЖКга талапкер.

- Биз өткөн жылдагы президенттик шайлоонун ыплас өткөнүн, аны ачык айтып чыккан А.Атамбаевдин шайлоочуларын камакка алган адилетсиз бийликти ашкерелеп отуруп, лидерибиз А.Атамбаев баш болгон азаматтарыбыздын кысымга алынганына туруштук бердик. Кайратынан жанбаган патриотторубуз акыры көкүрөгүн окко тосуп, мерт кетти. Ошентип, кан төгүү менен таза шайлоого жол ачкандан кийин кантип добушубузду сатабыз! Ага уятыбыз жол бербейт, Кудай кечирбейт! Биз таза партиябыз, таза жаңы коомду курабыз!

Ал эми партияга мүчө эмес, жөн гана А.Атамбаевге көз карашы түз, ага ишенген бостерилик Кадыр Кунай уулу пикирин ортого салды:

- Буга чейин канчалаган саясатчылардын, депутаттардын жүзүн, эмне деген гана тил эмизген убадаларын уккан жокпуз. Мезгил баардык нерсени өз ордуна коюп келатат. Биздин талапкерлер менен таанышсам, карапайым, өз эмгеги менен ишкерликти уланткан жаштар экен. А.Атамбаев ушундай таза адамдарга жол ачып, парламентке барууга орун берип жатканына ыраазы болуш керек. Булар өтөбү, өтпөйбү кеп башкада. Кеп ошол партиянын лидеринин калыстыгында. Болбосо, шайлоо жакындаган сайын тизмеге кирем дегендерди 100 миңдеген акчаларын кошкон шарттар баардык партияларда бар. КСДП учурда таза иштеп, шайлоого акыйкат даярданып жатат. Бир да акча бербей, бир дагы май-чайын таратпай, үгүт иштерин түз жүргүзүп жатышат. Ошондон улам буларга оогондор көбөйдү. Азыр эл баарын түшүнүп калды. Акча алып, кайра алардын барымтасында калгандан коркуп калдык. Акча тараткан талапкерлер өтүп кетсе, депутат болгондо "мен силердин көйгөйлөрдү чечип бергенге милдеттүү эмесмин, берген добушуңду сатып алгам, эсептешип бүткөнбүз" деп коюшарын бөркүңүздөй көрүңүздөр. Ошондуктан акчага азгырылбай, ойлонуп туруп таза, адилет партияга добушубузду берели. Ошондой партиялардын бири Атамбаевдин командасына добуш бергиле!

10-октябярдагы парламенттик шайлоого таза барып, таза добуш берүүгө үндөгөн апрель окуяларынын баатырлары Ысык-Көл өрөөнүнөн кийин Нарын жергесине сапар улады. Айыл аксакалы аларды ак батасы менен узатты.

Бактыбек Асанбаев
Форум 28/09/10