Алмазбек Атамбаев: Артка жол жок, артта – эски заман!

Ошентип, шайлоо жарышы марага кирип келди. Социал-демократиялык партиянын талапкерлери жер-жерлерди түрө кыдырып, элдин кабак-кашын да байкап, шайлоо программасы менен тааныштырып кайтышты. Чоң саясый ишчаранын алдында СДПК төрагасы менен кең-кесири баарлаштык.

Программа жөнүндө

- Урматтуу төрага, Сиз өлкөнү узун-туурасынан далай жолу кыдыргансыз. Бул жолу калктын кабагынан эмне өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

- Туура, Кыргызстанда мен баспаган жер, барбаган айыл жок. Бул жолу мен калкымдын көзүнөн жык толгон үмүттөрдү окудум. Ошондой эле өлкөнүн накта кожоюну катары сезээрин көрдүм. “Эми эки революциядан кийин жайчылык турмуш келеби, коррупция деген желмаянды ким жок кылат, элге кызмат кылган адилет бийликке акыры жетебизби, кор турмуштан качан башыбыз арылып, байгерчиликке баш бурабыз?” деген өңдүү талылуу, бирок жөндүү суроолор кай жерде болбосун кабыргадан коюлуп турду. Анан да элибиз жел убадаларга шыкалган эмес, анык аткарыла турган программаны талап кылып калган экен. Ооба, 19 жылдан бери көрүнгөн жерден, көрүнгөн элден көчүрүлгөн, башка сиңбеген, ал аз келгенсип чала аткарылган же такыр аткарылбаган программалардан калкыбыздын көңүлү он көчкөн журттай калып бүткөн экен. Эл мындан кийин өзүн алдатпай турганына анык көзүм жетти. Мындай да, өлкөнү бийликтер эмес, эл жылдырат, ошону көпчүлүк өзү түшүнүп калды.

- Андай болсо СДПК, сиз айтмакчы, жел сөздөрдөн турбаган, чындап аткарылчу программасын сунуш кыла алдыбы?

- Биз, программабызды кескин өзгөрүлгөн шартты эске алуу менен кайра иштеп чыктык. Ишке жергиликтүү эле эмес, чет жактан да эксперттерди тарттык. Анда “мен бийликке келсем эртеси эле май көл, сүт көл кылып жиберем” дегендей карандай убадалар жок. Биздин программада кризистен качан чыгабыз, жандануу качан башталат, өнүгүү жолуна качан түшөбүз, бюджетти эмненин эсебинен толтурабыз деген так суроолорго так жооптор берилген. Мисалы, биздин эсеп боюнча, жакынкы 1-1,5 жыл кыйынчылыктардан чыга албайбыз. Ачык моюнга алыш керек, ага чамабыз да, каражатыбыз да жетпейт. Буюрса, 2012-жылды ортолоп барып турмуш кадыресе оңоло баштаганын элибиз өзү сезет. Айтмакчы, биздин бул прогноз Эл аралык валюта фондунун прогнозу менен дал чыкты. Беш жыл арасында ички дүң продукт эки эсеге өсөөрү биздин программада көрсөтүлгөн. Бул деген азыркыдан эки эсе жакшы жашай баштайбыз деген сөз.

- А бул иштерди аткарууга каражаттарды кайдан табасыздар, же туш-туштан карыз алып жетебизби?

- Жакында Өкмөтүбүз антикризистик программасын жарыялабадыбы. Анда адаттагыдай эле мындан ары да сырткы кредит, гранттардын эсебинен жыртык-тешиктерди бүтөмөй каралган экен. Буга биз макул эмеспиз. Өзүбүз миллиондордун үстүндө басып жүрүп, өмүр бою кайырчыдай кол сунуп жүргөнүбүз кудайга жагар ишпи? Мисалы, биздин жер астында эле бери дегенде жарым миллиард долларга барабар кен байлык бар. Аны кой, нак миллион акчалар азыр эле элдин чөнтөгүнөн тескери жактарга кетип жатпайбы! Биз каражатты кайдан алабыз? Бир эле мисал: жалаң уурулукту тыюунун эсебинен эле бюджетти 1,5 -2 эсеге көбөйтсөк болот.

Буга 2007-жылы эле Өкмөттү башкарганда көзүм жеткен. Ошол мен премьер кезде бюджеттин кирешеси 1,5 эсеге көбөйгөн, ички дүң продукт 2, 3%тен 8,1%ке өскөн.

Буга ошол коррупциялык схемаларды азайтуунун эсебинен жетишкенбиз. Мисалы, Талды-Булак кенин иштетүүгө лицензияны 300 сомго сатып жиберишкен экен. 300 сом бул 7 доллар! Биз лицензия алгандарды казынага 20 миллион доллар төлөөгө мажбурлаганбыз. Бул эмне деген акча?

Коррупция жөнүндө

- Сиздин оюңузча, элдик байлыкка суук колун салуунун амалдары азыр азайдыбы?

- Бир аз гана. Андай уурулук схемалар азыр да ар бир тармакты, ар бир министрликти митедей чырмап турат. Коррупция деген эмне? Ал бийлигинин күчүнө салып, мамлекеттик байлыкты бюджеттен сол чөнтөккө буруу деген эле кеп. Мурдагы бийликтер кызылдай элдик байлыкты өздөрүнүн жана өз жакындарынын гана чөнтөгүнө буруунун толтура схемаларын жасап келишкен. Элдик казынаны каалагандай кайсашып, жүздөгөн миллиондорду сыртка чыгарып кетишип, мына сайран куруп жүрүшөт. Коррупция өлкөбүзгө жана элибизге материалдык жакырдыкты эле эмес, адамдарыбыздын жан-дүйнөсүн, адеп-ахлагын бузду. Адамдарыбыздан пейил качып, акча үчүн атасын өлтүргөнгө чейин жетип калбадыкпы! Мына, коррупция деген желмаяндын каргашасы!

- Коррупцияга колунда бийлиги барлар аралашса, ар бир министрликте схемалар өкүм сүрүп жаткан болсо, анын түбүнө жетүү кыйын эмеспи?

- Албетте, кыйын. Бирок тыйса болот – ал үчүн саясый эрк керек. Маселен апрелден бери биздин коңшулар чек араларын ай-айлап жаап салышты. Ошентип, ары-бери жүк ташуу кескин азайды. Ошого карабай, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жарым миллиард сомго ашык бажы төлөмдөрү бюджетке түштү. Буга эмненин эсебинен жетишилди? Бажы кызматынын ичкич-жегич жетекчилигин алмаштыруу боюнча менин сунушумду Роза Исаковна колдоп, анын башчылыгына Кубан Кулматовду, орунбасарлыгына улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерин дайындадык. Болгон сыры ушул.

Буга улай биздин партия жапатырмак жарандык көзөмөл деген идеяны көтөрүүдө. Анын маңызы ар бир министрликтин жана ведомствонун ишмердигине такай көз салууда жатат. Бул сунушубузду да өлкө президенти колдоп, анын жардыгына ылайык эми ар бир министрликте Байкоочулар кеңеши түзүлөт.

Бирок, эң башкысы: балык башынан сасыбай, жогорку жетекчилер өздөрү таза болууга тийиш. Ошондо коррупциядан арылууга кенен жол ачылмак. Биз өз программабызга:Мындан ары байлыктын баары бир үй-бүлөнүн эмес, өлкөнүн, калк казынасына бурулушу керек!” деп жаздык.

Таза бийлик жөнүндө

- Элдик байлыкка кол салбаган, таза бийлик азыркы шартта мүмкүнбү?

- А эмне үчүн мүмкүн эмес? Мисалы, президент, премьер, алардын жакындары жебесе, министрлер, башка жетекчилер да жегенден коркот эле. Анан бул көрүнүш бардык тармакка, администрацияларга тарамак. Мурда кандай эле? Коррупцияга каршы далай чоң жыйындар өтүп, президенти баш болуп, премьери төш болуп, бул желмаяндын түбүнө жетебиз деген убадаларды берип келишкен. Ал турсун президенттин алдында коррупцияга каршы күрөшүү комитетин да түзүшкөн. Бирок аларга эч ким ишенген эмес. Себеби, бирди айтып коюп, элдик байлыкты өз билгендериндей кайсап жатышканы көрүнүп турган эле да.

Арам байлык аш болбосун качкын эки президенттин мисалынан көрдүк го. Экөө тең нукура мамлекеттик ишмерлер эмес эле, дүнүйөнүн, бийликтин кумарына туруштук бере албаган, эрксиз бир пенделер болуп чыкты. Ошончо байлык аларга ата-жотосунан калган эмес да, ал – баарыбыздын ырыскыбыз болучу да, туурабы? Алардын жалганчылыгы, кудайсыздыгы, ыймансыз кылык-жоруктары бүт коомду иритти. “Мыктыларыбыз” аялына, балдары менен бир туугандарына алы жетпеген бечаралар болуп чыгышты. Өздөрү менен өз жакындарынын жыргал жашоосун гана көздөгөн башкаруу системасын түзүп, аны сактап калуу үчүн баарына барышты. Баш көтөргөн жигиттерибизге каршы кылмышкерлерди агытышты, элибизди экиге бөлүүгө аракет кылышты. Бирок эл акылман, көрөгөч, аны түбөлүк алдай албайсың. Азыр элибиз бийликти түндүктүн же түштүктүн өкүлү эмес, жүрөгү таза, дили ак, кудайдан корккон адам башкарса туура болот деген түшүнүккө келди. Ошондуктан, партиябыздын программасында: “Өлкөнү мындан ары тууган-урук, жээк-жааттар эмес, ишбилги инсандар башкарууга тийиш. Мурдагы жегичтердин ордун жаңы ууру-кесилер бассын деп токсондон ашуун чырактай азамат жер жазданган эмес!” деп жазылып турат.

-Айтмакчы, сизди убагында Бакиевдин командасына барып иштеген деп сындап жатышат го?..

- Эми мындай да. Түштөн кийин баары баатыр болуп чыга келишпедиби. 2006-ноябрда оппозициялык митинг Бакиевди парламенттик Конституцияны кабыл алууга мажбурлады. Ал боюнча бийлик укуктары ЖК менен премьерге өткөн. Бирок Бакиевдин тандемдеши премьер Кулов түшүнүксүз оюндарды ойноп, Бакиев 2007-жыл жуп жаңырар алдында авторитардык Конституциясын кайра кайтарды. Андан көп өтпөй Куловду жолго салды. Ошого таарынган Бакиевдин экс-тандемдеши апрелде “бийликти тынчтык жол менен өткөрүп алуу” деген урааны менен митинг уюштурду.

Анын арты аз жерден түндүк-түштүк кагылышынын чыгышына апкеле жаздаганын билесиздер. Ала-Тоо аянтында түндүктүн, ал эми Жогорку Кеңештин алдында түштүктүн жигиттери жыйналып, абал мүнөт сайын курчуп баратты. Ошондо ыракматы болгур Докем (Дооронбек Садырбаев – ред.) келип, “айланайын Алмаз, азыр өлкөнү сактап калуу керек, мына көрөсүң, эки жыл өтпөй түштүктүгү болобу, түндүктүгү болобу, азыркы лидерлердин анык жүзүн билет, эси жок немелерге теңелбей, баргын” деп суранды. Мен ошондо өз беделимди тобокелге байлап, премьерликке макул болдум. Ооба, мени сого тургандарын, шыбай тургандарын билгем. Кээде өз тагдырыңдан артык максаттар болот. Мен ошол кадамым аркылуу авантюрист саясатчылар көшөгө артында туруп жасаган жарандык кагылышты болтурбай коюуга салымымды кошкомун, ал чечимимди азыр да туура деп эсептеймин.

- Сиз өзүңүз бийликке келсеңиз, байлык кумарына азгырылбайм деп ишенесизби?

- Мен бай адаммын, мага баары жетет. Мен Кудайдан корккон жанмын. Кудайдан корккон киши арам байлыкка азгырылбайт. Тарыхты карайлычы: дүйнөнүн жарымын чапкан адамдарга да байлык сеп болуп, өлбөс кылган эмес. Мен кол астымдагылардан да, жакындарымдан да арам иштерден алыс болууну дайыма талап кылам. Колуңда туруп, кызмат бербейсиң деп таарынып жүргөн туугандарым канча? Бийлик – бирөөнүн менчиги эмес, ал элге кызмат кылып берем деп аттанып түшкөндүк. Таза бийликти орнотуу мүмкүн, дүйнөдө андай мисалдар толуп жатпайбы.

Билесиздерби, мына бул жолу таза бийликти шайлоого анык мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Эл таза парламентти шайлоо аркылуу таза өкмөттү кошо шайлайт. Негизи эле элдин шайлоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү керек. Мына, АКШны алалы, ал жерде шерифтерди, бизде участковый дейбиз го, эл өзү шайлап, ишине өздөрү көз салат. Ал начальниктеринин эмес, элдин жана мыйзамдын алдында гана жооптуу. Ошондо бир тоок жоголсо, шериф аны уурдаганды тапмайын, уйку жүзүн көрбөйт. Антпесе эл эртеси эле анын кызматынан кетирет.

Карыя, Мугалим ж.б. жөнүндө

- Сиз сөздөрүңүздө пенсионерге, мугалимге жана врачка дайым басым жасайсыз...

- Мындан ары да басым жасай берем. Мухаммед пайгамбарды Мугалим, Иисус Христосту Учитель деп аташчу. Совет доорунда айыл-апада эң мыкты жашаган, эң кадырлуу адам мугалим менен врач эмес беле? Мисалы, Жапонияда айылдык мугалимдин айлыгы Токио университетинин профессорунуку менен тең экен. Биз да ошого умтулууга тийишпиз. Эгер биз мугалим менен врачты кадырлап албасак, билими тайыз, оорукчан балдардын армиясына ээ болобуз.

Карыяларыбыз тууралу да кабырга кайышат. Мен бир үйдүн кичүү баласы элем, атам менен апам пенсионер, экөө биригип, 40тан 80 рубль пенсия алышчу. Мына ошол пенсиясына алар мени Москвада окутушту. Азыркы пенсия болсо нан менен чайга араң жетип жатпайбы. Өлкөдө азыр жарым миллиондой пенсионер бар. Бүт өмүрүн эмгекке арнаган карыяларыбыздын алган пенсиясы өзүнүн кара башын бакканга жетпесе – улутка уят иш! Ошондуктан, СДПКнын программасында мугалим менен врачтын айлыгын тынымсыз көтөрүү, пенсиянын төмөнкү өлчөмүн жашоо минимумунан кем кылбоо жагы каралган.

Биздин программада мындан тышкары жаштарга да кеңири көңүл бурулду. Кыргызстан - жаштар өлкөсү, калктын дээрлик жарымын жаштар түзөт. Бул деген өнүгүү үчүн эң эле мыкты жагдай болуп саналат. Революцияны жаштар жасады, дал ошолор хандык бийликтин кулу болуп жашагысы келген жок. Анткени, жаштар азыр интернет аркылуу дүйнөдө эркин жана жакшы жашоонун мисалдарын көрүп жатышат. Биздин демилге менен Жаштар министрлиги түзүлгөн. Эми жаштардын ар кандай демилгесин, долбоорлорун колдош керек.

СДПК үй куруучуларга өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Үй куруу жана сатып алуу үчүн арзан жана узак мөөнөттүү кредиттерди бере турган мамлекеттик ипотекалык корпорация түзүү керек. Мындай тажрыйба Түркияда өнүккөн, ал жакта айына 200 доллардан төлөө менен үйгө ээ болсо болот. Качанга чейин биз жер кепелерде жашайбыз?

Маданият кызматкерлери да көңүл сыртында калбоого тийиш. Мен адабиятчы катары алардын түйшүгүн жакшы билем. Колдон келишинче каралашып жатам. Эгер алар болбосо улутубуз руханий жакырчылыкка кептелет. Адилетсиз башкаруу, дүнүйөкордук, үй-бүлөлөрдүн ыдырашы, аракечтик, баңгилик – ушунун баары пейилди бузду. Илгери аксакалдар элден пейил кетпесе экен деп тилек кылышаар эле, көрсө кыргыз карылары сабатсыз болсо да көсөм болушкан экен. Тилекке каршы, кыргыздын улууга урмат, кичүүгө ызаат, айкөлдүк, табиятка этият мамиле, жакындарына жана бей-бечараларга кам көрүү, жигитчилик өңдүү көп элде жок касиеттери менен салттары жоголуу абалына келип калды. Биз мындан ары буга жол бере албайбыз.

Шайлоо жөнүндө

- Мына шайлоо марасына кирип келди. Анын арты кандай болот, Кыргызстан чын эле парламенттик мамлекет кура алат деп ойлойсузбу?

- Биринчиден, биз парламенттик системаны жөн жерден тандаган жокпуз. Анткени, парламентаризм кыргыздын байыркы башкаруу салтына ылайык келет. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген макал бир гана кыргызда бар. Биз чын эле парламенттик демократия кура аларыбыз эми элибиздин добушунан билинет. Эгер келаткан шайлоодо эски заманды эңсегендерге эмес, алдыга жол көрсөтө алчу кучтөргө добуш берилсе, биз – кыргыздар чын эле парламенттик демократияга даяр, цивилизациялуу эл экенибизди бүт дүйнөгө далилдейбиз. Мына ошондо кыргыздар өздөрүн башкара албайт, келечеги жок деген кесир сөздөрдү тараткандардын оозун аппак кылат элек.

Ооба, Жогорку Кеңеш позициялары дал келбеген, керек болсо такыр келишкис саясатчылардан курала турганы анык. Мен мындан жаман нерсени көрбөйм, эмне дегенде парламентаризмдин табияты саясый плюрализмдин болушун билдирет эмеспи. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик сезим болочок элдик өкүлдөрдүн башын коштурууга тийиш деп эсептейм. Шайлоочуларыбыз дал ошондой мамлекеттик жоопкерчиликти сезген талапкерлерге добушун берет деп ишенем.

Ошону менен катар алдыдагы шайлоо алакандай журтубуздун бөлүп-жарылуусуна себепчи болбосун деген тилегимди айта кетмекчимин. Кыргызстаныбыз ансыз да кичине, демек, анын тагдыры менен ойнобойлу! Биз эки революцияны баштан кечирдик. Үчүнчүсү бизди жок кылып тынат. Бизге апрелдеги жана июндагы жүздөгөн мекендештирибиздин аккан каны эле жетишет! Бардык жаманчылыктарыбыз ошону менен чыгып кетсинчи!

Тарых жана кудай кыргыздарга 19 жыл мурда эгемендикти тарыхый аманат кылып буюрган экен. Канчалаган элдер эгемендикке кылымдап кан-жанын берип жете албай жүрүшөт? Демек, ошол аманатты колдон кетирбейли, калайык-калкым! Биздин эл эски заманга кайтууга жол бербейт, акыйкат жана ырыскы-берекелүү заманга добушун берет деп ишенем!

Мурат КОНОЕВ
"Айат пресс"